Өрт өзү эле терс жагдайларга жык толгон чукул окуя болуп эсептелет. Ал айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна кыйла зыян келтирет. Бул материалда биз өрт эмнеси менен зыяндуу экенин жана айлана-чөйрөгө эмнеси менен коркунучтуу экенин түшүндүрөбүз.
Автору: Виталий Белошапкин, «Клооптун» журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү
Шаарларда такай өрт чыгып турат. Адатта ал мүлккө жана адам өмүрүнө коркунуч катары кабыл алынат, бирок айлана-чөйрөнүн абалына таасир тийгизген жагдай катары каралган учурлар алда канча сейрек кездешет. Күйүп жаткан имараттардан улам пайда болгон коркунучту түшүнүш үчүн ЛИВЕНЬ Kloop.kg сайты менен бирге булгануунун масштабын түшүндүргөн видео тартты:
Күйүп жаткан имараттардын жанындагы түтүн менен дем алуу ден соолук үчүн кооптуу. Коркунучтун себеби ысык температуранын таасирине кабылбашы керек болгон курулуш материалдарынын жана тиричиликте колдонулуучу буюмдардын түтүнүндө. Күйүп жатканда алар азоттун, күкүрттүн жана фосфордун уулуу кошундуларын бөлүп чыгарат, алар өрт өчүрүлгөндөн кийин деле коркунуч келтириши мумкүн.
Күйүп жатканда алардын түзүмү өзгөрүп, белгисиз убакка чейин таасир тийгизе бере турган узакка ууландыруучу заттарга айланышат.
Мындан тышкары, курулуш материалдарын өндүрүүдө айрым учурларда азыр да коргошун колдонулуп жүрөт, ал да уулуу буу бөлүп чыгарат.
«Эгерде жылуулук борборлорунан жана өрттөн бөлүнүп чыккан бирдей көлөмдөгү заттарды салыштырсак, өрттө бөлүнүп чыккан уулуу заттар чөйрөнү көбүрөөк булгайт. Өрттөргө караганда жылуулук борборлорунун зыяны алда канча аз» — деди эколог Эмил Шүкүров.
Күйүүчү заттар өндүрүлүүчү же сакталуучу өнөр жай объектилеринде өрт чыккан учурларда айлана-чөйрө үчүн кошумча коркунучтар да пайда болот. Түтүндүн эбегейсиз масштабынан тышкары, күйүүчү майдын төгүлүшү да өзүнчө мүшкүл болот.
Эгерде күйүүчү май жерге төгүлүп кетсе, ал адатта өрт өчүргүчтөрдүн назарына илинбейт. Күйүүчү май топурак менен сууга аралашып, терең сиңип, топуракты да, анын астындагы сууну да керектен чыгарат. Ошентип, күйүүчү майдын бир литри 20 литрден 200 литрге чейинки өлчөмдөгү сууну колдонууга жараксыз кылып салат. Анын өзүн өзү тазалашы 3 жылдан 10 жылга чейинки убакытты талап кылат.
Айлана-чөйрөгө аралашкан чыгындылардын зыянын жана ден соолукка тийгизген таасирин азайтыш үчүн имараттарда органикасыз заттарды колдон келишинче азыраак сактоо сунуш кылынат. Мисалы, пластик буюмдарды, анын ичинде күйбөсө деле балдарга коркунуч келтире турган пакеттерди, шишелерди, оюнчуктарды азыраак колдонуш керек.
Видео: Виталий Белошапкин, Тилек Бейшеналы уулу