«Акчабар»: Мамлекеттик сатып алуулардын хандары — мамлекеттик келишим боюнча ири суммаларды жол куруучулар утуп алышат

Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар порталында 2016-жылдын алгачкы тогуз айында 30.985 миллиард сом суммасына 28 миңден ашуун сынак өткөрүлгөн. Мамлекеттик келишим боюнча эң ири сумманы жол куруучулар жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо боюнча жалдануучу утуп алган. Акчабар финансылык порталы көрсөтүлгөн маалыматтарды анализдеп, бюджеттик каражаттарды ийгиликтүү өздөштүргөн ири компаниялардын кезектеги рейтингин түзүп чыкты.

Материалдын түп нускасы «Акчабар» сайтына жарыяланган.

Тизмеге мамлекеттен 70 млн сом, же 1 млрд АКШ долларынан жогору алган ишканалар кирди.

Буйрутмачылар жана жеткирүүчүлөр

Мамлекетти сатып алуулар порталындагы 30-сентябрга карата абал боюнча, 2 957 сатып алуучу уюм катталган. Анын ичинде 989 структура ушул жылдын январь-сентябрында катталган. Алардын 938и, же 95 пайызы, ушул жыл ичинде жогорку активдүүлүк көрсөтүшкөн. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, сатып алуулар боюнча туруктуу кулактандырууларды чыгарып турушкан.

Катталган жеткирүүчүлөрдүн саны 30-сентябрга карата төрт эсе көп болуп, 12 473 уюмду түзгөн. Дээрдик жарымы (5 198) ушул жылдын январь-сентябрында катталган. Кошулгандардын ичинен 4 570 жеткирүүчү, же 88 пайызы активдүүлүк көрсөтүшкөн.

Инфографика: «Мамлекеттик сатып алуулардын хандары»

kings-akchabar

Тизмеде Кыргызстандын дагы, Казакстан, Орусия, Германия, Франция, Кытай, жана башка өлкөлөрдүн жеткирүүчүлөрү бар. Кот-д’Ивуар, Палау жана Либерия сыяктуу экзотикалык өлкөлөрдүн да бар экенин белгилей кетели.

Быйыл, Финансы министрлиги кабарлагандай, чет элдик жеткирүүчүлөрдүн агымы байкалган – 649 уюм (12.4% кайра катталгандардын санынан). КРнын сатып алуулар порталында катталуу боюнча Орусиядан жеткирүүчүлөр алдыда. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында аталган өлкөнүн 303 жеткирүүчүсүн каттаган. Аны менен жалпы чет элдик жеткирүүчүлөрдүн саны 5.8% түзгөн.

Бирок чет элдик компаниялардын жигердүү катышуусуна карабастан ири контракттарды жергиликтүү ишканалар утуп алышкан. Алардын ичинен Циндао жол жана көпүрө корпорациясы «Лонг Хай» менен China Road and Bridge Corporationды эсепке албаганда.

Сан жана көлөм

Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу өткөрүлгөн сынактардын саны 28 миңди түзгөн, бирок алар көп болушу деле мүмкүн эле. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, январь-сентябрда мамлекеттик үлүшү бар мекемелер жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары башында тендер жөнүндө 55.6 миңден ашуун кулактандыруу жарыялаган. Бирок алардын ичинен жогоруда көрсөтүлгөн 28 миңи ишке ашкан.

Калган 27.6 миңи, же 49.6% ишке ашпай калган, же буйрутмачылардын демилгеси менен жокко чыгарылган. Экинчи учур, түз сатып алуулардын пайдасына мындай кээде болгон.

Эң көп соодалашууну январь-сентябрда министрликтер менен ведомстволор аткарышкан. 15.6 миң, же 55.5% жалпы сандан. Контракт боюнча көлөмү болсо 14.18 млрд сомду, же 45.7% түзгөн.

Финансы министрлигинен ишендиришкендей, мамлекеттик сатып алуулар порталындагы соодалашуудан үнөмдөлгөн каражат 2.02 миллиардды түзгөн. Башында бул келишимдер боюнча 16.2 млрд сомду коротуу пландалган болсо, атаандаштыктын жана ыңгайлуу сунуштардын эсебинен 12.4% аз каражат коротулган.

Соодалашуу жүргүзүүнүн саны жана көлөмү боюнча экинчи орунда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары турат. Алар 4.83 млрд сом суммасындагы (15.6%) 8.3 миң сынак (29.5%) өткөрүшкөн.

Бул учурда 1.12 млрд сом, же 23% каражат үнөмдөлгөн. Башында мамлекеттик  сатып алууларга 5.95 млрд сом сарптоо пландалган.

Мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттик үлүшү бар компаниялар тогуз ай аралыгында 50% ашык 11.97 млрд сом суммасына (38.6%) 4.2 миң сынак (14%) өткөрүшкөн.

Компаниялар башында чыгаша 14.65 млрд сом болот деп эсептешкен. Үнөмдөө 2.68 млрд сомду, же 18% түзгөн.

Хандар

Биздин баяндамага 70 млн сомдон ($1 млн) 1.4 млрд сомго ($20.6 млн) чейин алган компаниялар кирди.

Бул ишканалар тарабынан алынган жалпы каражаттардын суммасы 7 млрд 877.3 млн сомду түздү. Бул мамлекеттик сатып алуулар боюнча жалпы каражаттын көлөмүнөн 25.4%. Эң ийгиликтүүлөрдүн арасында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ипподромду реконструкциялагандар, жол куруучулар, энергокомпаниялар жана нефтетрейдерлер бар.
bezymyannyj-6

bezymyannyj-7

СМУ-3

Мамлекеттик контракттар боючна Абсолюттук лидерликте «СМУ-3» ЖЧКсы турат. Бул Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо боюнча жеткирүүчү компания. СМУ-3 2016-жылдын тогуз айында республикалык бюджеттен 1.422 млрд сом суммасындагы 25 транш алган. Алардын ичинен компания бирин гана (4.44 млн сом) Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы мектепти реконструкциялоо боюнча утуп алган контракт менен алган. Калган бардык төлөмдөрдү ипподромго байланыштуу алган.

ЖОЛ КУРУУЧУЛАР

Тизмедеги 30 компаниянын иичнен сегизи жол салуу менен алектенет. Алардын бири да мурдагы тизме менен салыштырганда өз ордуларын жоготкон жок. III кварталда ишканалар мурда түзүлгөн жана жаңы контракттар менен транштарды алууну улантышкан.

  • Циндао жол жана көпүрө корпорациясынын «Лонг Хай» ЖЧКсынын КРдагы өкүлчүлүгү 2-орунда жана 1.29 млрд сом. Балыкчы–Корумду жолунун башкы жалдануучусу. Жолду, эске салсак, Көчмөндөр оюндарына карата бүтүрүшкөн;
  • «Технотоп» ЖЧКсы 3-орунда жана  792 млн сом. Бишкек–Манас аэропорт автожолун реконструкциялаган;
  • «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 4-орунда жана 661 млн сом. Бишкек мэриясынын кварталдар аралык жолдорун оңдоо боюнча башкы жалдануучусу;
  • China Road and Bridge Corporationдын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 10-орунда жана 187 млн сом. «Транспорт коридору-1 ЦАРЭС» үчүнчү долбоорунун башкы жалдануучусу (Бишкек—Нарын—Торугарт автожолу);
  • «Чу Прокси» ЖЧКсы 14-орунда жана 141 млн сом. Мэриянын контракты менен Бишкектин жолдорун оңдоо жана салуу;
  • «Мост Групп» ЖЧКсы 19-орунда жана 107 млн сом. Бишкектеги жана Чүй облусундагы жолдорду куруу боюнча жалдануучу;
  • «СуТранспромжилстрой» ЖЧКсы 20-орунда жана 105 млн сом. Ошто мэриянын буйрутмасы менен жолдорду оңдойт;
  • «Нефтесинтез»ЖЧКсы 23-орунда жана 92.35 млн сом. Транспорт жана жол министрлиги каржылаган Бишкек–Нарын–Торугарт, Ош–Сарыташ–Иркештам жолун жана башка объекттерди куруу үчүн башкы битум жеткирүүчү.

Жалпылаганда сегиз компания бюджеттен 3 млрд 375.35 млн сом алган.

ЭНЕРГОКОМПАНИЯЛАР

«Бишкектеплоэнерго», «Востокэлектро» ААК жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканалары бюджеттен 665 млн сомдон ашык каражат алган. Алардын биринчиси рейтингде 5-орунда турат жана 330 млн сом алса, экинчиси – 8-орунда жана 252 млн сом, ал эми үчүнчүсү – 25-орунда (рейтингге жаңы кирди) жана 83 млн сом.

ТРБРМРӨБ

«Теле көрсөтүү жана радио уктуруу боюнча радиорелейлик магистралдардын республикалык өндүрүштүк бирикмеси» ААКы тогуз ай ичинде КТРКдан жана Маалымат жана массалык коммуникация департаментинен санарип телекөрсөтүү кызматы үчүн 286 млн сом алган. Ошондой эле ТРБРМРӨБ ай сайын НФМТК «Мирден» 500 миң сомдон ашык каражатты имараттын ижарасы үчүн алат.

Саламаттык сактоо

Мамлекеттик контракттарды саламаттык сактоо тармагында иштеген үч ири компания алган: ЮРФА (7-орун), UniHelp (18-орун) жана РЕМАК (29-орун).

ЮРФа менен UniHelp биринчи рейтингде да бар болчу, бирок 20-30-орундарда болчу. РЕМАК болсо «Мамлекеттик сатып алуулардын хандары» тизмесине жаңы кирип жатат.

ЮРФА

Курулуш жана энергетика менен байланышы болбогон бир топ ийгиликтүү жеке компания «Юнит Реактив Фарма» ЖЧК (ЮРФА). Январь-сентябрда ЮРФА гемодиализ, медикамент жана ооруканаларга жабдыктарды жеткирүү кызматтары үчүн бюджеттен 256 млн сомдон ашык алган. Белгилей кетсек, бул компания Саламаттык сактоо министрлигине кымбат турган гемодиализ боюнча жападан жалгыз кызмат көрсөтөт.

UNIHELP

«ЮниХелп» ЖЧКсы 111 млн сомго мамлекеттик контракт түзгөн. Эки ири сынак Улуттук фтизиатрия борборуна дары-дармектерди жеткирүүгө байланыштуу болгон. Компаниянын ошондой эле жабдык, эмерек, лабораториялык материал жана медикаменттерди ар кайсы медициналык мекемелерге, анын ичинен Кыргызстандын аймактарына жеткирүүгө байланыштуу көп келишимдери бар.

РЕМАК

«РЕМАК» ЖЧКсы бюджеттен 74.7 млн сом алган жана медициналык мекемелердеги буйрутмачылардын ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Бирок компания көбүнесе дары-дармектерди гана жеткирип берет.

КММ жеткирүүчүлөр

Мамлекеттик структураларга төрт компания күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү менен алектенет.

  • «Кыргызнефтегаз» ААК (мамлекеттик үлүшү – 85.16%) 9-орун жана 239.6 млн сом. Өлкөнүн котелдерине мазут жеткирет;
  • «Газпром нефть Азия» ЖЧК 11-орун жана 176.3 млн сом. КММ жеткирет;
  • «Чайна Петроль Компани Джунда» ЖЧК 13-орун жана 151 млн сом. КММ жеткирет, ӨКМнин ири буйрутмачысы;
  • «Бишкекская нефтяная компания» (БНК) ЖАК 21-орун жана 96.5 млн сом. КММ жеткирет.

Кыргызнефтегаз, Газпром нефть Азия жана БНК мурдагы рейтингге кирген. III кварталдын эсебинен алардын мамлекеттик контракттар боюнча суммасы 63%, 24% жана 8% тиешелүү түрдө өскөн.

Чайна Петроль Компани Жунда – бул рейтингдин эң ийгиликтүү жаңы баштоочусу. Мурдагы ири мамлекеттик буйрутмалардын тизмесине кирген эмес болчу. Компания ӨКМ менен түзүлгөн келишимдердин эсебинен жакшы орунду алды.

ГҮЛДӨР

Зеленстрой Бишкек муниципалдык ишканасынын тажрыйбасы көрсөткөндөй, чоң контракттарды бир гана куруучулар, энергетиктер, мунай компаниялары жана дары-дармектерди жеткирүүчүлөр эле эмес, гүл, дарак жана бадал көчөттөрүн сатуу менен алектенгендер да ала алышат.

Өз өндүрүшүн жеткирүү боюнча Зеленстрой тогуз ай ичинде 161 млн сом иштеп таап, ири мамконтракттарды алгандардын тизмесинде 12-орунду алды. Муниципалдык ишкананын башкы кардары – Бишкек мэриясынын Турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгы. Бирок компанния андан сырткары башка мамлекеттик структуралардын контракттарын да, ал эле эмес Нарын облусунун Ак-Талаа райондук администрациясынан да келишим утуп алган.

АЗЫРЫНЧА РЕЙТИНГДЕ

Июль-сентябрда ЖБИ-Сервис компаниясы эч кандай ийгиликтүү контракт утуп алган эмес. Бирок ал «Мамлекеттик сатып алуулардын хандары» рейтингинде 2016-жылдагы өзүнүн башкы долбоорунун эсебинен кала бермекчи. Ал Ата-Бейит комплексинде 1916-жылдагы окуяларга (Үркүн) арналган мемориалдык эстеликтин курулушун утуп алган.

Баары биригип 2016-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейин жеткирүүчү компания Чүй облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын Турак-жай жарандык курулуш департаментинен курулуш-монтаж иштери үчүн 132 млн сом алса, анын 112 млн сому мемориалга бөлүнгөн.

АВТОМАШ-РАДИАТОР

«Автомаш-Радиатор» ЖЧКсы – баяндамабыздагы айыл чарба техникаларына адистешкен жалгыз компания. Ал быйыл 118.8 млн сомдон ашык каржылоо алган. Ошону менен бирге 20-майдан 29-июнга чейин компанияга Талас районунун өнүктүрүү фонду курулуш иштери боюнча кызматы үчүн 39 млн сом которгон.

«Физика менен дем алышат»

Редакция салттуу түрдө мамлекеттик сатып алуулар боюнча юридикалык жак болуп эсептелген уюму жок эң ийгиликтүү ишкерлерге атайын бөлүк арнайт. Ушул жылдын тогуз айында бир да коммерсант бюджеттен 70 млн сом алган эмес, бирок ага карай жасалган аракеттер байкалат. Мисалы, январь-сентябрь ичинде ТОП-5ке киргендер 12.3 млндон 32.3 млн сомго чейин контракттарды утуп алышкан.

Эң ийгиликтүү жеткирүүчү физикалык жактар: Абдыкадыров Каныбек ДЧ (1952 ж.т.), Шаиев Расулжан Мамасалиевич ЖИ (1954 ж.т.), Балахишева Фатима Умаровна ЖИ (1956 ж.т.), Рысмендиева Кызылкуль Турдушевна ЖИ (1966 ж.т.) жана Жаныбеков Бокомбай Жаныбекович ЖИ (1971 ж.т.).

АБДЫКАДЫРОВ КАНЫБЕК ДЧ

Абдыкадыровдун дыйкан чарбасы бул категорияда кайрадан эле лидер. Ал жыл башынан бери мамлекеттик буйрутмалардан 32.3 млн сом иштеп тапкан. Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына, Саламаттык сактоо министрлигине жана Октябрь районунун билим берүү борборуна азык-түлүк продукциясын жеткирип берүүгө адистешкен.

ШАИЕВ РАСУЛЖАН МАМАСАЛИЕВИЧ ЖИ

Расулжан Шаиев бул бөлүккө жаңы кирди. Ал 16 млн сомго мамлекеттик контракт утуп алган. Анын профили – айылдык администрацияларды жана мектептерди ремонттоо.

БАЛАХИШЕВА ФАТИМА УМАРОВНА ЖИ

Фатима Умаровна 4, 7, 11, 33-жол-эксплуатация ишканаларына жана башка структураларга КММ жеткирүү менен алектенет. Мурдагы рейтингде ал 2-орунду алган болчу. Тогуз ай ичинде ал 14 млн сом өлчөмүндөгү киреше тапкан.

РЫСМЕНДИЕВА КЫЗЫЛКУЛЬ ТУРДУШЕВНА ЖИ

Бул рейтингде 4-орунду алган Кызылкуль Турдушевна бюджеттен 12.5 млн сом алган. Кызыкуль Рысмендиева, көрүнүп тургандай, Каныбек Абдыкадыровдун (№1 рейтингде) түздөн-түз атаандашы болуп эсептелет. Анын башкы киреше булагы – Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына, Бишкектеги Октябрь жана Ленин билим берүү борборлоруна тамак-аш продукциясын жеткирүү.

ЖАНЫБЕКОВ БОКОМБАЙ ЖАНЫБЕКОВИЧ ЖИ

Тогуз ай аралыгында 12.3 млн сом алган Бокомбай Жаныбеков өлкөнүн түштүгүндөгү айылдык администрацияларга жана билим берүү мекемелерине канцелярдык буюмдардын жана тамак-аш продукциясын жеткирүү менен алектенет.

Жыйынтык

Финансы министрлигинин статистикасы күбөлөндүргөндөй, мамлекеттик сатып алуулар порталынын жардамы менен бюджеттен миллиарддаган каражаттарды үнөмдөөгө болот. Мунун негизи — тендерлердин максималдуу түрдө ачык өткөрүлүшү.

Азырынча бул боюнча чоң көйгөйлөр бар. Ишке ашпай калган соодалашуулардын жарымы мамлекеттик структуралар менен мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын товардан жана кызматтан баш тартканын билдирбейт. Ал өздөрү карап көрүп жөн гана түз келишим түзүү ыкмасын тандап алышкан.

Мындай сатып алууларда эч кандай атаандаштык болбойт. Демек, үнөмдөө жана сапаттуураак товар же кызмат алуу мүмкүнчүлүгү да жок. Анын үстүнө бул мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтрүүгө барабар жана кылмыш жоопкерчилигине алып барышы ыктымал.

Түз сатып алуулардын эмнеге алып барышы боюнча даана бир мисал – бул Башкы прокуратура тарабынан кылмыш ишинин козголушу. Анда прокуратура Кыргызжилкоммунсоюз жана Кыргызнефтегаз («Мамлекеттик сатып алуулардын хандары» рейтингинин өкүлү) менен түзүлгөн келишимдер боюнча мамлекетке келтирилген зыян факты боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыргызжилкоммунсоюз мамлекеттик сатып алуу порталында соода жүргүзүп, мазутту жеткирүү боюнча ыңгайлуу сунуштарды алган. Андан кийин сынакты жокко чыгарып, Кыргызнефтегаз менен түз келишим түзгөн. Күйүүчү майдын баасы жогору болгон. Бул иш боюнча тергөө иштери бүтө элек.

Мындай териштирүүлөр бир канча. Бул көйгөйдү чечүү үчүн өкмөт белгисиз себептерден улам эч кандай катуу чара колдоно элек. Ошондуктан «Мамлекеттик сатып алуулардын хандары» рейтингине өз эмгеги менен кирүүнү каалаган компаниялар чынчыл сынактардын өткөрүлүшүн өз алдынча талап кылууга мажбур.