АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөнүн негизинен мусулмандар жашаган жети өлкөсүнөн келген жарандардын өлкөгө киришине тыюу салды. АКШ бул өлкөлөрдөн качкындарды кабыл алууну да убактылуу токтотот. АКШнын жаңы шайланган жетекчисинин бул жарлыгы тууралуу дагы эмне билген маанилүү?
Эмне болду жана анын кимдерге тиешеси бар?
Трамптын администрациясынын айтымында «АКШны террорчулуктан коргоого багытталган» анын жаңы жарлыгына 27-январда кол коюлган. Ал өлкөгө «радикалдуу исламчылардын» киришине тыюу салат.
Иш жүзүндө болсо дүйнөнүн жети өлкөсүнүн бардык жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салынды (бул эрежеден тышкары калгандар өтө сейрек кездешет). Бул тизмеге Сирия, Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен кирди. Тыюу жок эле дегенде 90 күн сакталып турат.
Мындан тышкары, жарлыкка ылайык Сириядан барган качкындарды кабыл алуу белгисиз мөөнөткө чейин токтотулмак болду. Кара тизмедеги башка алты өлкөнүн жарандары үчүн ал 120 күнгө токтотулат.
Бул өлкөлөрдүн бүт бардык жарандары «радикал исламчы» болгонун теория жүзүндө деле элестетиш мүмкүн эмес, бирок Трамп дүйнөнүн түзүлүшүн өзүнчө түшүнөт экен.
«Бул айрым ЖМКлар туура эмес кабарлагандай мусулмандарга тыюу салуу эмес экенин так айтып койгум келет. Бул дин маселеси эмес — бул биздин өлкөдөгү террор жана коопсуздук маселеси», — деп айтылат Трамптын билдирүүсүндө.
Жети өлкөнүн жарандарынын баарын таптакыр киргизбей коюу АКШдагы террор жана коопсуздук маселесин кантип чечээрин Трамп түшүндүргөн да жок.
Бул адамдарга кандай таасир этти?
Жогоруда кеп болгон жети өлкөнүн жарандары эми АКШга виза ала алышпайт. Бирок визасы барлар деле АКШга кире албай калды.
100дөн ашык киши мунун кесепетин жеке керт башынан кечирди — алардын арасында, мисалы, жарлыкка кол коюлуп жаткан учурда АКШга учкандар бар. АКШнын аба майдандарынын биринде конгондон кийин алар чек ара кызматы тарабынан кармалганына таң калып отуруп калышты.
Ирандык режиссёр Асгар Фархади «Оскар» киносыйлыгын алуу аземине бара албай жатат — анын тарткан фильми «Эң мыкты чет өлкөлүк тасма» номинациясында сыйлыкка көрсөтүлгөн.
Кош жарандыгы бар кишилер эмне кылышы керек?
Бул болсо жарлыктын эң түшүнүксүз жагы, анткени эки паспорту бар, анын бирине тыюу салынган кишилерди АКШнын миграциялык кызматтары эмне кылышы керек деген суроого так жооп жок.
Кош жарандыгы бар кишилер АКШга киргизилбейт деген божомол чындыкка жакыныраак.
Ырас, Канада мунун эки жарандыгынын бири Канаданыкы болгондорго тиешеси жок деп жарыялады.
Улуу Британия эгерде анын аймагынан кош жарандыгы бар кишилер АКШга жөнөсө аларда кыйынчылык болбошу керек деп билдирди. Эгерде алар кара тизмеге кирген өлкөлөрдүн биринен бараткан болсо, анда алар аба майданында арабөк калгандардын катарын толукташы мүмкүн.
Бирок бул жарлык кантип ишке ашаарын эч ким деле билбейт окшойт. Мисалы, ВВС Британиянын жана Ирандын кош жарандыгы бар Хама Сех аттуу студент кыздын мисалын келтирет.
Ал Коста-Рикада калып калып, эми өзү туулуп-өскөн Шотландияга келе албай жүрөт, анткени анын АКШ аркылуу транзиттик визасы жокко чыгарылган.
АКШда буга мамиле кандай болду?
Жарлык тууралуу жаңылык чыгаары менен өлкөнүн ири аба майдандарынын жанында нааразылыгын билдирип чыккандар топтоло баштады. «Аларды өлкөгө киргизгиле!» — алар эң көп кыйкырган ураандардын бири.
Миграциялык кызматтар өлкөгө киргизбей койгон кишилерге бекер жардам көрсөтүүгө даяр юристтер да аба майдандарында нааразылык акциясына чыккандарга кошулду.
Нааразылык акциялары аба майдандарында эле болуп жаткан жок — эл шаарлардын борбордук аянттарына, ошондой эле Ак Үйдүн алдына жана Нью-Йорктогу Трамптын асман тиреген имаратынын алдына чогулуп жатат.
АКШдагы укук коргоочу эң ири уюмдардын бири болгон Жарандык эркиндикти коргоонун америкалык бирикмеси (ACLU) акыркы үч күндө 19 миллион доллар жардам алды — бул былтыркы жылдын баарын кошкондон көптүк кылат.
Буга ACLU Трамптын аракеттерине каршы эң жигердүү күрөшкөн уюмдардын бирине айланганы түрткү болду.
Силер ACLUга бул шилтеме боюнча жардам бере аласыңар
«Гугл» же «Нетфликс» сыяктуу бир нече интернет-гиганттар да жаңы жарлыкка ачуусу келгенин жашырышкан жок.
Кремний өрөөнүнүн компаниялары дайыма иммигранттарды жалдоого ыктап келген, айрымдарын болсо мигранттар негиздеген.
Дал ошондуктан, мисалы «Гуглдун» негиздөөчүлөрүнүн бири Сергей Брин Сан-Франциско аба майданынын жанындагы нааразылык иш-чарасына кошулду.
Ал өзүнүн иш-чарага катышып жатканын өзү да качкын болгону менен түшүндүрдү — Бриндин ата-энеси АКШга СССРден 1970-жылдардын аягында келген.
https://twitter.com/RMac18/status/825546620276088834
Жарлык мыйзамдуубу?
АКШнын 16 штатында башкы прокурорлор Трамптын жарлыгын АКШнын Конституциясына каршы келет деп баалашты.
Мындан тышкары, жарлык АКШда 1965-жылы кабыл алынган Харт-Селлер мыйзамына каршы келет. Ал мыйзам АКШдагы миграцияны жарандыкка жараша чектегенге тыюу салган.
Бир нече федералдык судья виза ээлерин депортациялоону бир учурда токтотуп калышты, бирок алардын өлкөгө киришин камсыз кыла албай коюшту, ошондуктан ондогон адамдар түшүнүксүз статус менен аба майдандарында отурушат.
Айрым ЖМКлар судьялардын бул чечимин туура эмес түшүндүрүп коюшкан — ал Трамптын жарлыгын жокко чыгарбайт, болгону АКШга келип, өлкөнүн ичине кире албай жаткан саналуу адамдарга гана тиешелүү.
Чет өлкөдө буга кандай мамиле болду?
Канаданын бийлиги АКШ президентинин жарлыгы таасир тийгизген адамдарга өз өлкөсүндө убактылуу турууга уруксат берди.
«Канада террордон, репрессиядан жана согуштан качкандарды колдойт», — деди Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо.
Иран буга АКШнын жарандарын өз аймагына киргизбей коюу менен жооп берээрин эскертти.
Эки өлкө «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштө кызматташып жатышканына карабастан, Ирак да америкалыктардын өз аймагына киришине тыюу салаарын билдирди.
БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУ КИБЖКБ) жана Миграция боюнча эл аралык уюм (МБЭАУ) Дональд Трамптын администрациясынан качкындарды кабыл алууну токтотпоону өтүндү.
«Бүт дүйнө жүзүндөгү качкындар менен мигранттардын муктаждыгы эч качан [азыркыдай] көп болгон эмес», — деп айтылат кайрылууда.
Башка республикачылар эмне дешти?
Республикачылардын баары эле Трамптын жарлыгын колдоп жиберишкен жок. Республикачыл конгрессмендердин көбү не бар, не жок деп унчукпай, өз позициясын айтпай турмак болушту.
Бирок, мисалы, Аризонадагы республикачыл сенатор Жефф Флэйк жаңы эрежелерге каршы чыкты.
«Президент Трамп жана анын администрациясы улуттук коопсуздукка кам көргөнү го жакшы, бирок […] биз радикалдуу ислам терроризми деген эмне экенин так билип, андай көз караштарды бардык мусулмандардан көрө бербешибиз керек», — сказал сенатор.
Трамптын тарапкерлери эмне деп жатышат?
Трамптын тарапкерлери Америка өзүн иммигранттардын айрым категорияларынан сакташы керек деп жатышат.
Ал эми Трамптын тарапкерлери өздөрү деле 99,999999999999 пайыз учурда иммигранттардын укум-тукумдары болуп эсептелет.
ТЕМА БОЮНЧА:
- «Оскарга» талапкер ирандык режиссёр АКШга киргизилбейт
- Иммигранттарга каршы дубал жана террорчулук менен күрөш үчүн кыйноо. Трамптын алгачкы иш жумасы дагы эмнеси менен эсте калды?
- Белгилүү инсандар Дональд Трампка каршы акцияга чыгышты