Бишкекте 6-7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт аралык кеңешинин отурумун өткөрүүгө байланыштуу жолдор жабылат.
Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгы билдиргенине караганда, ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери 6-мартта 17:00дө келет.
Милиция төмөнкү жолдорду 15:00дөн тартып жаба баштайт:
- «Манас» аба майданынан Жибек Жолу проспектине чейинки трасса;
- Жибек Жолу проспекти — Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия проспектине чейин;
- Жаш Гвардия проспекти — Жибек Жолу проспектинен Чүй проспектине чейин;
- Чүй проспекти — Жаш Гвардия проспектинен Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөсүнө чейин;
- Манас проспекти;
- Абдрахманов көчөсү — Жибек Жолу проспектинен «Hyatt Regency» мейманканасына чейин.
Жолдордун ушул эле тилкелери 7-мартта эртең мененки тогуздан баштап жабылат. Милиция бул эки күндө күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгы башкалаанын тургундарын көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылып, алдын-ала башка жолдорду тандап алууну өтүнөт.