Эскиздер: «Манас» аба майданы жаңыртылат жана кеңейтилет

«Манас» аба майданынын аймагын кеңейтип, ага жаңы эстакада жана көп кабаттуу токтотмо салуу пландалып жатат. Аба майданынын жетекчилиги мындай жаңыртуу каттамдарды көбөйтөт деп үмүт артууда.

«Манас» аба майданынын башкы директору Эмир Чукуев аэропорттун тышкы көрүнүшү атайын витраждык айнектердин жардамы менен толук жаңыртылаарын билдирди.

Бүтүндөй комплекстин аймагы жети миңден ашуун чарчы метрге кеңейтилет.

Администрация учканы бараткан жүргүнчүлөр үчүн зал жайгашкан экинчи кабатка туштап жаңы эстакада курганы жатат. Жетекчиликтин пикиринде, бул аба майданынын тушундагы транспорт кыймылын жеңилдетип, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.

Аба майданынын бет маңдайында эки эстакаладык өтмөгү бар көп кабаттуу токтотмо пайда болот. Токтотмо лифттер жана жантык эскалаторлор менен жабдылат.

Аба майданынын ичине автоунаа менен кирүүгө акы төлөнүп калат, бирок «Манастан» анча алыс эмес жердеги токтотмо бекер болот.

Чукуев аба майданында желдетүү жана жылытуу системасы толугу менен жаңыртылаарын билдирди.

Оңдоо иштерин быйыл жазында эле баштоо пландалып жатат. Кайра куруу иштерине канча акча керек болоору такталган жок, бирок аба майданынын өз каражаттары жана чет элдик инвестициялар пайдаланылат.

Аба майданынын жетекчиси ал жаңыртылып, кеңейтилген соң жаңы багыттарды ачып, каттамдарды көбөйтө алат деп үмүттөнүүдө.

Мурда, 6-апрелде, «Ош» аба майданы кайра курулуп бүткөн. Анын жалпы аянты эки миң чарчы метрге кеңейтилген.