Украин чек арачылары төрт кыргызстандыкты Одессага киргизбей коюшту

Украинанын чек арачылары Одесса шаарына Кыргызстандан, Беларустан жана Орусиядан бараткан сегиз чет өлкөлүк жаранды өлкө аймагына киргизбей коюшту. Өлкөнүн бийлиги аларды ушул шаарда 2014-жылы болгон баш-аламандыкка тиешеси бар уюмдун чакыруусу менен келишкен деп эсептешет.

Украинанын чек ара кызматы чет элдик сегиз жаран өлкөнүн аймагына киргизилбегенин, анткени алар Украинага келишинин «так максатын айта албай коюшканын» билдирди.

Алардын арасында Кыргызстандын төрт жараны, Беларустун үч жараны жана бир орусялык жаран болгон.

Чет өлкөлүк жарандар Одессага спорттук мелдешке баратышканын айтышкан.

Бирок Украинанын бийлиги бул адамдар Одессадагы Кесиптик кошуундар үйүн күч менен басып алуу аракетине катышкан уюм менен байланышы болушу мүмкүн деп эсептеди, ал окуяда көп киши күйүп өлгөн.

«Текшерүүнүн натыйжасында укук сакчылары бул адамдар мамлекеттик бийлик органдарын күч менен басып алууга катышкан жоочуларды Куликов талаасына чакырган коомдук уюмдун чакыруусу менен келишкенин аныкташты», — деп айтылат билдирүүдө.

Чек арачылар кармалгандардын баарын кайсы өлкөдөн келишсе ошол жакка кайра учуруп жиберишкен.

Одессадагы тополоң

Одессада 2014-жылдын 2-майында массалык баш-аламандык болгон — Куликов талаасында «евромайданчылар» менен «антимайданчылар» кагылышкан.

«Евромайданчылар» Украинанын Евробиримдикке кошулуусун жакташкан.

«Антимайданчылар» орус тилине мамлекеттик статус берүү жөнүндө референдум өткөрүлүшүн талап кылып, Орусия менен жакшы коңшулаштык мамилени калыбына келтирүүнү колдоп чыгышкан.

Эки жааттын тирешүүсү ошол кезде «антимайданчылар» жүргөн Кесиптик кошуундар үйүн өрттөп жиберүү менен аяктаган. Имараттын ичиндеги ондогон адамдар өрттө курман болгон.

Украина менен Орусия окуянын өз версиясын айтып чыгышкан. Украин тараптын версиясы боюнча, кагылышууну «антимайданчылар» чыгарып, ал эми алар кирип алган имараттагы өрт тыштан коюлбай, ичинен чыккан.

Орусиянын версиясы боюнча, Украинанын Евробиримдикке кошулушунун тарапкерлери «антимайданчыларга» кол салып, алар Кесиптик кошуундар үйүндө жашынууга аргасыз болушкан. Имараттын тышынан күйүүчү аралашмасы бар шишелер ыргытылып, ал жакта өрт чыккан.

Украинанын Одесса облусундагы ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, тополоңдун кесепетинен 48 киши, анын ичинде жети аял жана бир жаш бала курман болгон. 240тан ашуун киши жабыркаган.

Алты киши окко учуп, 32 адам Кесиптик кошуундар үйүндөгү өрттөн жан берип, 10 киши терезеден секирип мерт болгон.