Бишкек: «Зеленстрой» Мамбетов көчөсүндөгү бактарды кыйды

Бишкек бийлиги «Чыгыш-5» кичирайонунун Мамбетов көчөсүн кеңейтиш үчүн бактарды кыйды. Мурун «Зеленстройдун» өкүлү бул көчөдөгү бактардын кыйылбай турганын айткан болчу.

«Зеленстройдогулар» жолду кеңейтиш үчүн бактар кыйылып жатканын билдирди.

Ушул жылдын июнь айынын башында мекемедегилер Мамбетов көчөсүндөгү бактар кыйылбайт деп айтышкан эле.

«Мамбетов көчөсүндөгү бак-дарактарды кыюу боюнча бизде бир да акт түзүлгөн эмес», — деген «Зеленстройдун» башкы агроному Элнура Жолдошева.

Бишкек мэриясы дарактардын «авариялык» абалына жана жолдорду кеңейтүү иштерине байланыштуу 2017-жылы 7000ден ашуун бактарды кыюуну пландап жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: