Каза болгон орусиялык жарандын жубайы "жашоосуна кооптонуп" сотко катышуудан баш тартты

Каза болгон Орусиянын жараны Усомжан Халмурзаевдин жубайы Зульфия Халмурзаева "жашоосуна кооптонуп" сот ишине катышуудан баш тартты. Соттолуп жаткан Базар-Коргон райондук милиция кызматкерлери айыптоолордун баарын четке кагышууда.

Халмурзаева сот иштерин «аягы жок талаштар» деп, мындан аркы тергөө иштерине катышуудан баш тартты.

Халмурзаеванын адвокаты Динара Медетованын айтымында, Зульфия жакындарынын жана өзүнүн жашоосу үчүн кооптонуп жатат. «Ден-соолугу жана үй-бүлөлүк абалына» жараша сот угууларына Орусиядан келе албаарын кабарлады.

Халмурзаева эмнеден коркуп жаткандыгын Медетова так айта алган жок. Айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринен «коркутуп-үркүтүүлөр» болбогондугун кошумчалады.

Адвокаттын айтымында, Халмурзаева коркутуулар болот деп кооптонуп жатат. Анткени айыпталып жаткан милиция кызматкерлери тарабынан түшкөн коркутуулардан кээ бир күбөлөр сотко катышуудан баш тартышкан.

2011-жылдын 20-октябрындагы сот угууларында, күбөлөр сотко келүүдөн корккондугун айтышып, тергөө учурунда айтылган сөздөрүн эске алуунун суранышкан.

Базар-Коргон райондук милиция кызматкерлери — Нургазы Туташев, Уларбек Исмаилов, Кубан Нуриев жана Мунарбек Маматалиев, адамдын өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү, кызматтык абалын ашыкча колдонуу, кыйнап-кыстоо жана опузалап пара алгандыгында күнөөлөнүп жатышат.

Милиция кызматкерлери айыптоолордун баарын четке кагып, Халмурзаев кокустуктан — «бетон кулап» каза болду дешүүдө. Бирок, мурун «мыйзамсыз түрдө авто унаа тетиктерин» сатып жүргөндө өзбекстандык чек арачылар катуу сабап салгандан каза болду деп  жатышкан.

Айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин адвокаттарынан комментарий алуу мүмүкүн болбоду.

Халмурзаевдин камакка алынышы

Укук короо борборунуну маалыматында, күндүз 7-августта Халмурзаевдин үйүнө үч милиция машинасы авто унаа тетиктерин алуу үчүн келген. Алар Халмурзаевди көчөгө чакырып, "зордоп" алып кетишкен.

Бир нече сааттан кийин Халмурзаев үйүнө чалып, «милиционерлер катуу сабап салды, каза болуп калам го» деген.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери 6000 АКШ доллары талап кылып жаткандыгын маалымдаган.

Туугандары достору менен 30 миң сом чогултуп, ИИБнин кызматкерлерине беришкен.

Зульфия Халмурзаеванын айтымында, жолдошу үйгө келгенде «денесинде соо жер жок болчу».

Денесиндеги оор жаракаттардан Халмурзаев ооруканада каза болгон.

Медициналык экспертизанын жыйынтыгын боюнча Халмурзаев ички кан агууга алып келген төш сөөгүндөгү сыныктан жүрөгү жарылып каза болгон.

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которон: Бермет Абдыкадырова