Бишкектин борбордук көчөлөрү 30-августтан баштап Эгемендүүлүк күнү менен Курман айт майрамдарына карата жабылат.
Майрам учурунда милиция Бишкектин борборундагы төрт көчөдө жол кыймылын чектөөгө алат:
- Чүй проспекти — Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин;
- Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин;
- Эркиндик бульвары — Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин;
- Логвиненко көчөсү — Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин.
Майрам алдында Ала-Тоо аянтында салтанатта көрсөтүлүүчү оюн-зоокторго алдын ала даярдануу үчүн 30-августта көчөлөр саат 10:00дөн 12:00гө чейин жана 18:00дөн 20:00гө чейин жабылат.
Майрам күнү 31-августта жана 1-сентябрда транспорт кыймылы күн бою чектелет.