Орусия: «Эхо Москвы» үналгысынын алып баруучусуна бычак менен кол салышты

Белгисиз «Эхо Москвы» редакциясына кирип келип үналгынын алып баруучусу Татьяна Фельгенгауэрди бычак менен моюнга сайган.

Кызматкерге кол салуу болгонун үналгынын редактору Алексей Венедиктов өзүнүн твиттер аккаунтунда билдирген.

«Радиостанцияга кирип келген адам алып баруучу Татьяна Фельгенгауэрди бычак менен моюнга сайган. Ал ооруканага жеткирилип, ага катетер коюлду», — деп жазган ал.

Дарыгерлердин айтымында, эми журналист кыздын өмүрүнө эч нерсе коркунуч туудурбайт.

Күзөтчүлөр кол салган адамды зыянсыздандырып, полицияга өткөрүп беришкен.

«Дождь» Mashтин телеграм-каналына таянып, кол салгандар экөө болушу мүмкүндүгүн жазууда. Басылманын маалыматына ылайык, белгисиздер газ баллон менен күзөтчүнүн бетине чачышып, редакцияга кирип барышкан.

Азырынча белгисиздин кол салуу жүйөөсү аныктала элек, бирок «РИА Новости» басылмасы өзүнүн маалымат булагына таянып, бул «жеке уруштун» айынан болгонун жазууда.  

«Интерфакс» басылмасы билдиргендей, укук коргоо органдары кол салуунун негизги версиясы катары бейбаштыкты кароодо.

«Алдын ала, кол салуу Фельгенгауэрдин журналисттик ишмердигине байланыштуу эмес», — деп айткан басылманын маалымат булагы.

Татьяна Фельгенгауэр — орусиялык журналист, алып баруучу жана «Эхо Москвы» үналгысынын башкы редакторунун орун басары. Ал үналгыда 10 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенет.

«Көзкарандысыз гезиттин (Независимая газета)» башкы редактору Константин Ремчуков менен биргеликте «Өзгөчө пикир (Особое мнение)» программасын алып барат.

«Эхо Москвы» — өзүнүн интервьюлары жана аналитикалык программалары менен күнү-түнү обого чыккан үналгы катары белгилүү. Орусиянын бийлиги бир нече жолу үналгынын ишмердигин токтотуп же жабууну аракет кылган.