Бауыржан Байбек. Сүрөт: informburo.kz

Алматынын акими Бауржан Байбек билдиргендей, шаардык ресторандарда 500 теңгеге «даамдуу» тамактанса болот. Коомдук тармактардын колдонуучулары акимдин билдирүүсүн мыскылдашып, ал эми журналисттер бул мүмкүн эместигин далилдешкен.

Байбек 9-ноябрда Астанада өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, Алматынын ресторандарында 500 теңгеге (100 сомго жакын акча) «даамдуу жана арзан» тамактанууга болот.

«Бүгүн чет элдик адам ресторанда 500 теңгеге даамду тамактана алат. Бул абдан арзан», — деди аким.

Ал бул мисал менен эмне үчүн Алматы анын оюнча дүйнө жүзү боюнча жумуш жана жашоо үчүн ыңгайлуу эң эле өзүнө тартып турган шаарлардын бири экенин түшүндурүүнү аракет кылган.

The Economist журналы тарабынан түзүлгөн Worldwide Cost of Living 2016нын рейтингине ылайык, Алматы дүйнөнүн эн эле арзан шаарларынын ондугуна кирет.

Мэрдин билдирүүсүнө карата реакциялар

Коомдук тармактардын колдонуучулары акимдин сунушун мыскылдашып, 500 теңгеге түшкү тамактарды талап кыла башташкан.

Мындан тышкары, казак журналисттери Алматынын коомдук тамактануу жайларында 500 теңгеге тамак-аш заказ сатып алуу мүмкүн эместигин аныкташкан.

Орточо ашканаларда түшкү тамактын баасы 1150 теңге, донердеги тамактануу 1500 теңге, ал эми фаст-фуддагы комбо-меню орточо эсеп менен 1100 теңгени түзөт.

Сүрөтчү Марат Дильманов акимдин сүрөтү көрсөтүлгөн 500 теңге номиналындагы жаңы купюраны чыгарууну сунуштады.

Сүрөт: today.kz
Сүрөт: today.kz

«Мен Байбектен»

Байбектин билдирүүсүнөн кийин айрым Алматынын кафе жана ресторандары бир күндүк акцияны башташкан. Ар бир кардар эгерде «Мен Байбектен» деген сыр сөздү айтса ага 500 теңгеге бир порция тамак-аш жана суусундук сатылат.

Акция 10-ноябрга чейин уланат.