Анчейин белгилүү эмес «АКА Инвест» жергиликтүү компания Кыргызстанда 200 млн долларга бааланып жаткан ири «Мегаком» байланыш операторун сатып алып, өлкөдөгү «Акылдуу шаар» системасына 9 млн доллар инвестиция салганы жатат.
Кытайлык жана кыргыз инвесторлору 60 млн доллар салышууда
Кыргызстандын өкмөтү 11-январда кытайдын Huawei Technologies Co компаниясы менен инвестициялык келишимге кол койду. Келишим боюнча, ал Кыргызстанда «акылдуу шаарлар» системасын түзүү менен алектенет.
Долбоор 60 млн долларга бааланууда — бул акчага Huawei Бишкек, Ош жана Бишкек — Чолпон-Ата, Бишкек — Ош жана Бишкек — аэропорт «Манас» жолдорун инфраструктура жана интернет менен камсыздап, камера, жол чырак жана жарык берүү мамыларын орнотот.
«Акылдуу шаар» долбоорунда Huawei Technologies техникалык камсыздоо менен алектенет, ал эми каражаттарды башка компанияларга салат. Башында жалгыз инвестор катары Beijing China Veterans Lingxin Capital Management чыгып жаткан болчу.
Инвестицияларды илгерлетүү боюнча агенттиктин директору Эсенкул Момункулов бул компания — заманбап технологияларга каражат салган кытайдын мамлекеттик инвестициялык фонду: жасалма интеллект жана айти-парктар.
«Beijing China 5 млрд долларды башкарат жана ар кандай тармактарга инвестициялайт […] Бул Кытайдын мамлекттик инвестициялык фонду эсептелип, долбоорго жакшы саясий салмак берүүдө», — дейт ал.
Бул компания тууралуу жалгыз маалымат булактары — Кыргызстандын өкмөтү менен Huawei өзү. «Клооптун» журналисттери бул фонд туурасында ачык маалыматтарды таба алышкан жок.
Келишим боюнча, Beijing China долбоорго бардык 51 млн долларды салбайт. Калган каражаттар — 9 млн долларды — Huawei инвестиция катары өкмөт тарабынан сураган.
Бирок Кыргызстандын бийлиги өз каражаттарын салуудан баш тартышты, ошондо Huawei, Момункуловдун айтымында, экинчи — анчейин белгилүү эмес кыргыз ЖЧК «АКА минералз энд майнинг» — кошумча инвесторду өзү тапкан.
Келишимге кол коюлгандан бир апта өтүп бул компания аталышын «АКА Инвест» деп өзгөртүп, расмий түрдө өзүнүн падалуу кен байлыктарды казуу тармагындагы ишмердик багытын — «Акылдуу шаар» системасын түзүүгө керектүү — маалыматтык технологиялар тармагындагы ишмердикке өзгөрткөн.
«АКА Инвест» жөнүндө деле маалыматтар жокко эсе — ачык булактардын ичинен Кыргызстанда ал Касым Курбанов атту адамга жана «AKA Petroleum» компаниясына таандык экени белгилүү.
Кен казуу боюнча компания, бирок кен чыгарган жери жок
«Клооптун» журналисттери Курбанов менен байланышка чыгышканда ал «АКА Инвест» «Акылдуу шаар» долбооруна акча сала турганын жана 2014-жылы толугу менен улутташтырылган «Мегаком» байланыш операторун сатып алганы жатканын тастыктады.
Анын айтымында, компания кайра каттоодон өткөнгө чейин Кыргызстанда жаратылыш кен байлыктары чыккан жерлерди изилдөө менен алектенген. Бирок Минералдык ресурстар боюнча мамленкеттик агенттиктин маалыматына ылайык, «АКА Инвесттин» эч кандай лицензиясы болгон эмес. Курбанов муну мойнуна алды — анын айтымында, алар кен чыккан жерлерди өздөрүнө каттатышкан эмес.
«Биз өзүбүзгө бир дагы кен чыккан жерди ала элекпиз, бирок биздин өнөктөштөрүбүз менен сурьма чыгарган кен чыккан жерибиз бар. Ал түз бизге катталган эмес», — деди ал.
Мамлекеттин «Ачык бюджет» сайтындагы маалыматтар «АКА Инвест» эки жылдан ашуун убакыт активдүү ишмердик менен алектенбегени жөнүндө айтууда — компания сайттын базасында көрсөтүлүп турган салыктар боюнча нөлдүк отчет тапшырган.
Ошондой эле, «Ачык бюджеттен» компания Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин аукционун утууга аракет кылганы белгилүү, бирок ута албай калышып, аларга 6 млн сом өлчөмүндөгү кепилдик төлөмүн кайтарып беришкен.
Курбанов өзү анын компаниясы эч нерсе бузбаганын жана «бардыгын мыйзам чегинде кылганын» айтууда. «Ал эми биздин умтулуубуз эмненин негизинде түзүлгөнүн, биз айтууга милдеттүү деле эмеспиз», — деди «АКА Инвесттин» ээси.
«Ири уюмдун бир бөлүгү»
Курбанов «АКА Инвест» — бул «АКА» компанияларанын тобуна кирген немис «AKA Petroleumдун» «кызы» деп айттууда. «АКА Internationalдын» сайтындагы маалыматка ылайык, топко болгону беш ишкана кирет:
• «AKA Petroleum»;
• «AKA Immobilien»;
• «AKA London Trading»;
• «MBL Investments»;
• «AKA International»
«Клооптун» журналисттери беш компаниянын ичинен үчөөсү — «AKA Petroleum», «AKA Immobilien» жана «AKA London Tradingдин» каржылык жана уюштуруу документтерин кароого мүмкүнчүлүк алышты.
Документтерге ылайык, кыргыз «АКА Инвест» менен байланыш мындайча түзүлгөн:
• «AKA Petroleum» — Курбанов менен бирге «АКА Инвесттин» теңтайлаш кожоюну.
• «AKA Immobilien» — «AKA Petroleumдун» 100% кожоюну.
Документтерге ылайык, «AKA Petroleum» ишмердиктин бир нече түрү менен алектенет. Алар мейманкана ишмердиги, мунай зат жана газ өндүрүү. «AKA Immobilien» толугу менен курулуш тармагында иш алып барат.
2017-жылга карата маалыматка ылайык, өз кезегинде «AKA Immobilienге» үч адам — Abdukadyr Khabibula (үлүшү 34%), Aibibula Nuermaimaiti (үлүшү 33%) жана Aibibula Paliwanmuhaimaiti (үлүшү 33%) кожоюндук кылышат.
Британдык компаниялар реестринин маалыматы боюнча, Abdukadyr Khabibula — Казакстандын, ал эми Aibibula Nuermaimaiti менен Aibibula Paliwanmuhaimaiti — Кытайдын жарандары.
Бирок алардын жарандыгы боюнча маалыматтар азырынча башка булактарда тастыкталбай жатат — мисалы, «Орбистин» коммерциялык базасында үчөө тең Араб Эмирлигинде жашашат же жарандыктары бар.
Ачык маалымат булактарында алардын үчөөсүнүң тең бизнеси Араб Эмираттарында, Түркияда, Германияда, Англияда жана Кытайда жайгашканы көрсөтүлгөн.
«AKA Petroleum» менен «AKA Immobilienдин» 2015-жылга карата баланстык отчеттору эки компаниянын тең карыздары болгонун көрсөтүүдө. Биринчи компаниянын 20 млн евродон ашуун, ал эми экинчисинин — 16 млн евродон ашуун карыздары бар.
Бирок баланстык отчеттор компаниялардын каржылык абалы жөнүндө толук маалыматты көрсөтө албайт — бул үчүн башка документтер керектелет, мисалы, киреше жана чыгаша боюнча отчет. Бирок компаниялардын каржылык абалы боюнча жаңыраак маалыматтар Германиянын юридикалык жактарынын базасында жок.
Кеңсеси кафедеги инвестор
«АКА» компаниялар тобунун Кудрат аттуу өкүлү (чынында бул «AKA Petroleumдун» директору Кудрат Нурмамет болушу мүмкүн) телефон аркылуу сүйлөшүүдө «АКА Инвест» «Акылдуу шаар» долбоорун «болгону каржылай турганын» жана Huawei менен кызматташтыгын тастыктады. Ал ошондой эле, «АКА» «Мегакомду» «АКА Инвест» аркылуу сатып алмакчы болуп турганын кошумчалады.
Кудрат кыргыз ЖМКларын алардын айланасында «көп ызы-чуу чыгарып» салышканына жемелеп, калган суроолорго жооп бербестен — ал журналисттерди компаниянын кеңсесине юридикалык дареги боюнча расмий сурам калтырууну өтүндү.
Бирок кеңсеси «АКА Инвест» жөнүндө эч нерсе белгисиз Жибек-Жолу проспектисиндеги Бишкектин кафеси болуп чыкты — ошол учурда Кудрат аталган жайдын кызматкерлерин жүрналисттер жөнүндө эскертип кое турганын айткан. «Ал жакта (кафеде) силердин суроолоруңарды кабыл алып, бизге тапшырып коюшат», — деп айткан ал.
Өз кезегинде Huawei Technologies «АКА Инвест» үчүн болушууда — анын пиар-бөлүмүнүн маалыматына ылайык, Huawei бул компанияны текшерген жана ал менен иштешкен.
«Сөздүн ачыгында бул долбоорду («Акылдуу шаар») ишке ашыруу үчүн көбүнчө Beijing China Veterans Lingxin Capital Investment каражат салууда "АКА минералс" дагы бир-аз бир-аздан,, бирок алар жөн гана кичинекей бир бөлүгү. Биздин алар менен мамилебиз бар, биз кызматташканбыз. Биздин өзүбүздүн командабыз бар, биз аларды («АКА минералзды») текшергенбиз», — деп жооп берди Huawei Technologiesтин өкүлү «Клооптун» суроолоруна.
Инвесторлор эмес инвестициялар кызыктуу
Инвестицияларды илгерлетүү агенттигинин директору Эсенкул Момункулов дагы өкмөт компанияны текшерген деп ишендирди, бирок бийликке «Акылдуу шаарды» каржылоого каражат каяктан алынаары «кызыксыз», эң башкысы — долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы — деп кошумчалады ал.
«Өкмөттү алар («АКА Инвест») [долбоорго] кантип киришкени жана алар ал жакта эмне кылып жүрүшкөнү кызыктырбайт. Аны ким жана кантип каржылап жатканы эмес, биз үчүн 60 млн доллар кызыктуу. Бул жерде биз өзүнүн инвестору менен кирип жаткан Huaweiди биздин негизги контр-өнөктөш катары көрөбүз», — деди Инвестицияларды илгерлетүү агентигинин директору.
Келишим боюнча, инвесторлор өздөрүнүн 60 млн долларын 5 жыл ичинде актап чыгышы керек — бул деген Кыргызстандын бийлиги ай сайын 70 млн сом (1 млн доллар) же жылына 840 млн сом төлөп турушу шарт дегенди билдирет. Бул каражаттарды жол кыймылынын эреже бузууларынан түшкөн каражаттын эсебинен төлөп турушат.
Милиция жыл сайын «акылдуу шаарсыз» 380 млн сомго жакын штраф чогултат — мындай сандар, мисалы, 2017-жылга карата ачыкталган.
Өкмөттүн басма сөз кызматы «Клоопко» маалымдагандай, жол кыйылынын эреже бузуулары үчүн түшкөн штрафтар алгач мамлекеттик бюджетке түшүп турат, андан соң пайыздык катнашта (азырынча кайсынысы экени белгисиз) аларды инвесторлорго төлөп турушат.
Кыргызстандын «Акылдуу шаарлары» — «Дубайдыкынан да мыкты»
Huawei ар кандай өлкөлөрдүн өкмөттөрү үчүн «акылдуу шаарларды» түзүү менен биринчи эле жыл алектенип жаткан жок. Жакында эле кол коюлган долбоорлордун ичинде — Германиянын Дуйсбург үчүн «акылдуу шаары» бар.
Кыргыз өкмөтү менен Huawei Technologiesтин ортосундагы сүйлөшүүлөр бери эле дегенде 2017-жылдын июнунда башталган — анда компаниянын өкүлдөрү Сапар Исаковдун өкмөтүнө өзүнө «акылдуу шаарларды» түзүүнү камтыган «Таза коом» программасына жардам берүүгө даярдыктарын билдиришкен.
Huawei Кыргызстандын базарында биринчи эле жыл жүргөн жок — компания телекоммуникациялар тармагындагы жеке жана мамлекеттик ири ишканалар үчүн жабдыктарды ташып келет. Бирок 2015-жылы Huaweiдин Бишкектеги кеңсеси ызы-чуу менен байланышып калган, анда Кыргызстандын каржы полициясы алардын эсептери менен жабдыктарын камакка алып, жергиликтүү жетекчилигин волокондук-оптикалык байланыш линияларынын курулушунун баасын жогорутатууга шектеп камакка алган.
Бирок ошого карабастан Кыргызстандын өкмөтү мындан аркы кызматташтык үчүн кылмыш иши козголгондугунан кандайдыр бир чектөөлөрдү көргөн жок — бийлик Huawei менен «Акылдуу шаар» долбоору боюнча өткөн жылы Исаков инвестициялык келишимди иштеп чыгуу үчүн башчылыгында Инвестицияларды илгерлетүү агенттигин жетекчиси турган өкмөттүк аткаминерлерлерден турган жумушчу топту түзгөндөн кийин ноябрдын аягында конкреттүү түрдө иштеше баштаган.
Huawei өзүнүн тааныштыруу тасмасында «акылдуу шаарды» адамдын нерв системасы менен салыштырган, ал жерде мээ — бул шаардын бардык бөлүктөрү жакшы иштеп жана штаттан тышкаркы кырдаалдарга өз убагында реакция кылышы үчүн көзөмөл кылган башкаруу борбору.
Кыргыз аткаминерлери Кыргызстандандан анчейин деле алыс эмес Тажикстандын Дүйшөмбүсүнөн да Huaweiдин иштерине мисал катары Араб Эмираттарынын Дубайын келтиришкенди жакшы көрүшөт.
Премьер-министр Сапар Исаков коомчулукка «Акылдуу шаар» Бишкек менен Ошто «Дубайдыкынан да мыкты» болот деп убада кылган, анткени Huawei Кыргызстанда бул долбоор үчүн өзүнүн акыркы иштелмелерин колдонот.