Улуттук банк мобилдик капчыктарга каршы. Маселе эмнеде?

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Мобилдик операторлор электрондук капчыктарды абоненттердин эсебинен толуктоого байланыштуу Улуттук банктын тыюусуна каршы 100 миңден ашуун кол топтошту. Борбордук банк азырынча мобилдик капчыктардын тагдыры боюнча бир чечим чыгара элек. Мобилдик капчык деген эмне жана эмне үчүн Улуттук банк ага каршы?


Өзү мобилдик капчыктар деген эмне?

Кыргызстандын «Билайн», «О!» жана «Мегаком» байланыш оператрлору мындан үч ай мурда эле өз абоненттери үчүн электрондук капчыктарди ишке киргизген. Алар: «Balance», «О!Акчалар» жана «MegaPay».

Бул капчыктар учурдагы банктардын электрондук капчыктары «Элсом», «Мобильник» жана башкалары менен бирдей эле.

Мобилдик капчыктар аркылуу коммуналдык кызматтардын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акыларын төлөсө болот — иш жүзүндө алар банк карталарынын ордун дээрлик ээлеп калат. Мобилдик капчыктардын бир эле айрымасы — аларды телефондун эсебинен түздөн-түз толтуруп алууга болоорунда.


Бул кандай иштейт?

Сиз өз телефонуңуздун эсебин толуктап, андан соң бул акчаларды бир гана байланыш кызматы үчүн колдонбостон, бир нерсе сатып алып, коммуналдык акыларды төлөсөңүз жана башка кызматтарды колдонсоңуз болот.

Сиз кыла турган жалгыз нерсе — бул смартфонуңуздагы номер аркылуу жеке капчыкка кирип, андан соң жеткиликтүү опцияларды тандап, төлөм жасоо керек.

Ар бир байланыш операторунун банкка байланган жеке электрондук капчыгы бар. Сиз мындай төлөмдү ишкек ашырганда, сиздин телефонуңуздун эсебиндеги акча биринчи ага түшөт. Андан соң банк сиздин электрондук акчаны акыркы алуучуга которот — эгерде сиз Бишкекте муздак сууга төлөгөн болсоңуз, анда акчаны «Бишкексууканал» ишканасына которушат.

Электрондук капчык транзиттик эсеп катары чыгат, ал эми акчаңызды пайдаланууну кааламайынча ал дайыма сиздин телефонуңуздун эсебинде кала берет.


Бардыгы тең эле Улуттук банк электрондук капчыктарга тыюу салат деп жатышат? Чындыгында эле ошондойбу?

Улуттук банк электрондук капчыктарга тыюу салууну көздөгөн жок. Ал 12-январда электрондук капчыкты телефондун эсеби аркылуу толуктоого тыюу салган өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга чыгарды.

Иш жүзүндө бул кыргызстандыктар байланыш операторлорунун электрондук капчыктарын колдоно албай калышына алып келет. Талкуу 12-февралда аягына чыккан, бирок азырынча Улуттук банк кандай чечим чыгара турганы белгисиз бойдон калууда.


Эмне үчүн Улуттук банк электрондук капчыктарды телефондун эсеби аркылуу толуктоого каршы?

Ал мобилдик операторлордун капчыктарын колдонууда көптөгөн коркунучтар пайда болууда деп эсептейт.

Алардын бири — мобилдик операторлор акчаны өз кардарларына кайтарып берүүнү кепилдей албаганында болууда.

Улуттук банк эгерде байланыш оператору банкрот болуп калса, акчаларды кайтаруу мүмкүнчүлүгү болбой калып, каражаттар мобилдик компаниянын эсебинде калып калат деп кооптонууда. Анткени кардарлар акчаны байланыш кызматы үчүн өз эсебине төлөшкөн.

Улуттук банк байланыш операторлорунун эсебинде чоң өлчөмдөгү каражат чогулат деп эсептейт жана мисалы, күтүүсүздөн бийлик алмашса же саясий туруксуздук жаралса, анда алар акчаны өлкөдөн чыгарып кетиши ыктымал.

Дагы бир коркунуч — бул төлөмдөрдүн ачык-айкынсыздыгы. Улуттук банк мобилдик капчыктар аркылуу террористтерди каржылоо мүмкүнчүлүгү бар деп кооптонууда. Анткени акчалар акыр-аягында кимдерге которууларыы белгисиз.

Кыргызстандын мыйзамдары сим-карталарды абоненттердин өз ысымына каттоону милдеттендирет — жаңы карта сатып алуу үчүн сизге паспорт керектелет. Ошондой болсо да байланыш операторлору өздөрүнүн чыныгы колдонуучуларын билишпей, көп жерлерде сим-карталарды мурдагыдай паспорту жок эле сатып алууга болот.

Ошондой эле, Улуттук банктын белгилешинче, башка электрондук капчыктар же төлөм системаларынын алдында — мисалы, онлайн банкинг же терминал аркылуу төлөөдө — «атаандаштык артыкчылыктарга» ээ болуу үчүн байланыш операторлору мобилдик капчыктарды киргизүүдө.


Дагы кимдер мобилдик капчыктарга каршы чыгууда?

Коммерциялык банктар Улуттук банктын жүйөөлөрүнө макул. Алар өздөрүнүн мобилдик капчыктары коопсузуурак деп эсептешет. Анткени банктар акчаларды өз кардарларына кайтарып берүүгө кепилдик бере алышат. Банктардын капчыктарынын төлөмдөрү ачык-айкын, себеби алар кардардын жеке өздүк эсебине байланган. Банктар өз ишмердиги үчүн атайын лицензияларды алышат жана мамлекеттик органдар алардын бардык каржылык агымдарын байкай алышат.

Мындан тышкары, банктар электрондук капчыктагы акчаларды жүгүртүп, андан киреше таба алат. Ал эми абоненттер мобилдик капчыктарына жүктөгөн каражат кайсы бир товар же кызмат акысын төлөгөнгө чейин жөн гана эсепте «тура берет».

Коммерциялык банктар электрондук капчык базарын жоготуп алуудан кооптонууда, анткени байланыш операторлорунун кардар базасы абдан эле чоң. Кыргызстанда банктардын электрндук капчыктарын 500 миң киши колдонот, ошол эле маалда өлкөдө 7 млн сим-карта катталган — алардын ар бири потенциалдык мобилдик капчык болушу да ыктымал.


Байланыш операторлору эмне деп жатышат?

Байланыш операторлору Улуттук банктын кооптонууларына макул эмес. Алар добуш берүү жүргүзүшүп, өздөрүнүн капчыктарын колдогон 116 миң добуш топтошкон.

Байланыш операторлору Улуттук банкка коммерциялык банктардан камсыздандыруу депозиттерин ачуу аркылуу өз кардарларына акчалардын кайтарымдуулугунун кепилдигин камсыздап берүүнү сунушташууда. Алардын өлчөмү — бардык байланыш операторлорунун күнүмдүк жүгүртүмүнүн 100 пайызы. Мындан тышкары, операторлор бардык абоненттердин акчаларынын 10 пайызын банктарда сактоого даяр.

Байланыш операторлору Улуттук банк төлөмдөргө байкоо жүргүзө алат деп көшөрүүдө. Себеби төлөм банктар аркылуу жүргүзүлөт. Бардык үч оператор өз өнөктөшү катары «Дос-Кредобанкты» тандап алышкан.


Эмне үчүн бул жөнүндө көп сүйлөшүп жатышат? Байланыш операторлорунун капчыктары жок болсо эмне болуп кетмек эле?

Мобилдик капчыктар аймактарда жашаган адамдар үчүн ыңгайлуураак.

Банктардын электрондук капчыктарын банктардын өзүндө же терминал аркылуу гана толуктоого болот. Бирок терминалдар менен банктар бардык эле Кыргызстандын калктуу түйүндөрүндө жок.

Ошол эле кезде мобилдик капчык телефондун эсебинен толукталат — абонент банктын филиалын же терминалын издебей койсо болот, ал телефонунун эсебин өлкөнүн дээрлик бардык коммерциялык күркөлөрүнөн толуктай алат.

Байланыш операторлорунун ассоциациясы Кыргызстанда уюлдук байланыш акысын төлөгөн түйүндөрдүн санын 25 миңге теңеди — бул банктык электрондук капчыктарды толуктоого мүмкүн терминалдардан 10 эсеге көп.