Гендердик теңдик көрсөткүчтөр рейтингинде Кыргызстан АКШдан бир баскыч өйдө орунду ээледи. Аялардын укугун коргоо боюнча уюмдардын маалыматында, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бардык жыныстар бирдей укукка ээ, бирок айымдар үй-бүлө ичинде дискриминацияга кабыл болушат.
«Соушл Уотч» укук коргоо уюмунун индекси боюнча АКШ Кыргызстандан 0,01 балга аз топтоп 50-орунду ээледи.
Ал эми Кыргызстан 0,73 балл менен 168 өлкөнүн ичинен 44-орунга татыды. Уюмдун айтымында, орточо көрсөткүч 0,56 балл.
АКШ Кыргызстандан эки көрсөткүч — экономикалык активдүүлүк жана айымдардын мүмкүнчүлүк жана укуктарынын кеңейиши боюнча артта калды. Бирок, билим алуу мүмкүнчүлүгү критерийи боюнча АКШ алдыда. Ошол эле учурда, «Соушл Уотч» эркек менен айымдардын финансылык шарттарын салыштырган эмес.
"Билим деңгээлин аныктоодо эркек жана аймдардын билим деңгээлин салыштырган. Экономикалык активдүүлүгү киреше деңгээли жана ишке орношу мүмкүнчүлүгү боюнча, ал эми укук жана мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши айымдардын жетекчилик орундарда иштөөсү боюнча аныкталган", — дейт "Соушл Уотч".
Орто Азия мамлекеттери арасында Кыргызстан Казакстандан 0,02 баллга аз топтоп экинчи орунда.
Жалпысынан Орто Азия аймагы Африка жана Түштүк Азия мамлекеттерин артка калтырды. Бирок, Түштүк жана Түндүк Америка, Европа жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн көрсөткүчтөрү төмөн.
«Соушл Уотч» — кедейчилик деңгээлин жана гендердик теңдик көрсөткүчтөрүн тескөөгө алган америкалык уюм.
Кыргызстандагы гендердик теңдик
«Айымдарга жардам көрсөтүү борборунун» байланыш боюнча координатору Токчугүл Шайдуллаева, гендердик теңдиктин укук-ченемдик базасы Кыргызстанда «жакшы калыпташкан» дейт.
Кыргызстанда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши гендердик көрсөткүчтөр боюнча эмес, кедейчиликтен, дейт Шайдуллаева.
«Кыздардын деле билим алууга жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул тармакта гендердик теңсиздик маселеси жок», — дейт Шайдуллаева.
«Айымдарга жардам көрсөтүү борборунун» маалыматы боюнча, Кыргызстанда киреше деңгээли боюнча эркектер айымдардан алдыда — айымдар эркектер алган айлык акынын 67% гана алышат.
Акыйкатчы институтунун гендердик дискриминация жана үй-бүлөдөгү зордуктан коргоо секторунунун жетекчиси Гульмира Сарбашеванын айтымында, билим алуу мүмкүнчүлүгүндө жынысы боюнча чектөөлөр жок.
«Экономикалык деңгээлдин активдүүлүгүн айымдардын орто жана кичи бизнесте жүргөндүгүнөн байкасак болот. Бирок жогорку деңгээлдеги бизнеске эшик жабык, анткени андан ары өнүгүү үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жок», — дейт Сарбашова.
АКШ жана Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу айымдардын жогорку мамлекеттик жетекчилик орундарга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген, дейт акыйкатчынын институту.
«Баарыбыз эле билебиз. Акимдердин арасында, губернаторлордун арасында бир дагы айым жок», — дейт Гульмира.
Акыйкатчы Турсунбек Акун гендердик дискриминация жумушка алуу учурунда болот деп кошумчалады.
«Жетекчилер, директорлор айымдын жашына, кебетесине көңүл бурушат. Иш тажыйырбасы, билим деңгээлине маани беришпейт. Чырайлуу болбогону менен, акылдуу кыздар да», — дейт акыйкатчы.
«Бишкек феминисттик СКью кыймылынын» активисти Галина Соколова, гендердик дискриминацияга кабылган айымдын окуясын айтып берди. 40 жаштагы айымды жашы жана жынысы үчүн жумушка албай коюшкан дейт.
«Экономист болуп иштечү, бирок кийинчерээк чай ташып калган. Анткени, директор чырайлуу айым чай ташыш керек деп чечиптир», — дейт Соколова.
Автор: Зарема Султанбекова
Редактор: Эльдияр Арыкбаев
Которгон: Бермет Абдыкадырова