Өзбекстандын бийлиги «Андижан окуяларына катышкан» делип 2007-жылы алты жылга кесилген оппозиционер жана укук коргоочу Исраил Халдаровду эркиндикке чыгарды.
«Озодлик» басылмасы кабарладагандай, Халдаров 21-февралда эркиндикке чыккан — ал 2005-жылы Андижан окуяларына катышкан делип 11-жыл абакта жаза өтөп чыкты.
Андижан облустук соту 2007-жылы укук коргоочуга алты жылга кесүү өкүмүн чыгарган. Ал «Конституциялык түзүлүшкө кол салуу» жана «Коомдун коопсуздугуна коркунуч жараткан материалдарды даярдоо жана сактоо» беренесин кошуп, төрт кылмыш беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.
2012-жылы Халдаровдун негизги жаза өтөө мөөнөтүнө үч жыл кошулган, ошондон кийин анын камактагы мөөнөтүн дагы үч жарым жылга узартышкан.
Халдаров 2003-жылдан тарта оппозициялык «Эрк» партиясынын Андижан облустук бөлүмүн жетектеген жана жергиликтүү мектепте мугалим болуп эмгектенген.
Андижан окуяларынан кийин ал шаарда эмне болуп жатканы боюнча маалымат менен коомчулукту кабардар кылып турган. Негизинен ал Бабур аянтында окко учкан митингчилердин сөөктөрү Багишамалдагы жалпы көрүстөндө жерге берилгенин билдирген.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2006-жылы укук коргоочу Улуттук коопсуздук кызматынын Андижандагы башкармалыгына арыз менен кайрылып, «бийликтин колуна өзү түшүп» берген.
Бирок, расмий эмес маалыматтар боюнча, 2006-жылы июлда укук коргоочуну Кыргызстандан уурдап, Өзбекстанга чыгарып кетишкен.
Андижандагы көтөрүлүш
Өзбекстандын Андижан шаарында 2005-жылдын 13-апрелинде Өзбекстандын бийлигине жана биринчи президент Ислам Каримовго каршы массалык көтөрүлүш болгон. Ошонун айынан Андижанга өзбек аскерлери тартылган.
Күч түзүмдөрү көтөрүлүштү басышкан — алар Андижандын көчөлөрүндө адамдарга ок чыгарышкан. Шаарда набыт болгондордун басымдуу бөлүгү куралсыз, аялдар, балдар жана улгайган адамдар болушкан. Өзбек бийлигинин аракетинин айынан миңдеген өзбек Кыргызстанга качууга аргасыз болушкан.
Өкмөттүн расмий маалыматына ылайык, бул окуяларда 187 адам набыт болгон. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, 230дан тарта бир жарым миңге чейин адам курман болгон.
Андижандагы окуялардан кийин өзбекстандын бийлиги бүткүл өлкө боюнча укук коргоочулар менен оппозиционерлерди массалык түрдө камакка ала баштаган. «Озодлик» үналгысынын маалыматы боюнча, Халдаров 2005-жылдын аягында саясий башпаанек алуу үчүн Кыргызстанга чыгып кетип, 2006-жылдын июнь айында Ошто «дайынсыз» жоголгон.
Өзбекстандагы «позитивдүү өзгөрүүлөр»
Эл аралык Freedom House укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, Өзбекстанда «позитивдүү өзгөрүүлөр» биринчи президент Ислам Каримов кайтыш болгондон кийин жана бийликке анын ордун ээлеп калган Шавкат Мирзиёев келген соң байкала башталган.
Укук коргоочулар Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин эки айдан соң, ал узак жылдар бою түрмөдө отурган саясий камактагыларды эркиндикке чыгарганына көңүл бурушкан. Боштондукка абакта 1999-жылдан бери «жасалмаланган айыптар» боюнча кармалып келген көз карандысыз журналист Мухаммад Бекжан чыккан.
Мындан тышкары, Мирзиёев түрмөдө 23 жыл отурган активист Самандар Кукановду жана ошондой эле, абакта Каримовдун бийлигин сынга алганы үчүн 19 жыл темир тор артында отурган өлкөнүн биринчи банкирлеринин бири Рустам Усмоновду эркиндикке чыгарган.