Исаков Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысын бошотууну сунуштады

МТБМКнын башчысы Нурбек Абасканов. Сүрөт: Светлана Федотова/«Спутник»

Премьер-министр Сапар Исаков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы Нурбек Абаскановду бошотуу өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдоду. Кызматтык иликтөө МТБМКга караштуу Мамлекеттик байланыш агенттик (МБА) Абаскановдун фирмасына лицензия бергенин аныктаган.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клооптун» кабарчысына Исаков Абаскановду кызматтан бошотуу боюнча сунушту президентке 2-мартта жөнөткөнүн маалымдады. Азырынча Жээнбеков Исаковдун сунушун карадыбы же жокпу белгисиз.

Бир күн мурда премьер-министр Абаскановго карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырган.

«Текшерүү МБАнын лицензиялык комиссиясы Нурбек Абасканов жетекчилик кылган фирмага лицензия берген деген факты боюнча  жүрүүдө. МБА түздөн-түз МТБМКга баш иет», — деп билдиришти өкмөттөн.

Лицензиялык комиссиянын жыйыны 22-февралда өттү. Лицензиялар беш компанияга жана төрт жеке ишкерге берилген.

Мөөнөтү чектелбеген лицензияны электрондук байланыш кызматын көрсөткөн «АйСи Бест» компаниясы алган. Юстиция министрлигинин маалымат базасына караганда, компания Нурбек Абасканов менен Валерий Адейкинге таандык.

МТБМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, «АйСи Бест» компаниясы лиценцияны мыйзамдуу түрдө алган, себеп дегенде Абасканов алдын ала эле компаниясынын үлүшүн башка түзүүчүгө өткөрүп берип жаткандыгы боюнча документтерди тапшырган.

«Ошентип ал алдын ала эле өзүнүн мамлекеттик кызматта отурган макамын жөнгө салган КР мыйзамдарынын жоболорун сактоого багытталган аракеттерди кабыл алган», — деп билдирген МТБМК.

Абасканов мамлекеттик байланыш комитетин 2017-жылы жетектей баштаган. Буга чейин ал «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» башкармалык төрагалыгынын орун басары болгон, ал эми 2013-2015-жылдар аралыгында «Кыргызтелекомдун» башкы директору болуп эмгектенген.