Өткөн жылдын апрелинде Оштогу Өзгөн районунун Аюу-Сай айылында жер көчкү жүрүп, 24 кишини турак-жайы менен басып калган. Кыштакта аман калган 140 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап аткандыгына карабастан райондогу Ана-Кызыл айылынан бөлүнүп берилген жерге көчүүгө али камдана элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тургундарга акыркы жолу ушул жылдын январь айында көчүү боюнча эскертүү берген.
Аюу-Сай айылынын кулуну Акбарали Коргонбаев 2017-жылдын 29-апрелинде күндөгүдөй эле койлорун талаага жайганы кеткен. Эч нерседен кабары жок Акбарали көз ачып жумганча жакындарынан ажырап, заматта айылда жашаган үч бир тууганынын экөөсүн жер көчкүгө алдырып ийген.
Көзүнө жаш тегеренген Акбарали каргашалуу күндү мындайча эскерди.
«Түз эле жер атылып кетип, үстү сүрүлүп түштү»
Мен ал күнү кой жайып талаада элем. Бардыгы бүгүнкү күндөгүдөй көз алдымда турат. Бир заматта эле «гүү» деген үн менен жер сүрүлүп келип, бир топ үйдү басып калды. Түз эле жер атылып кетип, үстү сүрүлүп түштү.
Бир тууган иним төрт баласы жана жубайы, бир тууган агам кызы менен көчкү астында калып кетти. Агамдын жубайы Орусияга кеткен эле, жетип-жете элек кайтып келди. Айла жок, Аллахтын берген буйругу экен.
Ошол күндөн бир ай мурун эле жеңем Орусияга кете элегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен көчкү болор-болбосун сураган экен. Алардын «жок» деген жообун алып, көңүлү тынчып, эки уулу менен учуп кеткен.
Кызы Өзгөндө студент болчу, апасын узатканы бул жакка келген экен. Жер көчкү болоорун билгенде келбей эле коймок да. Эрте мененки уйкудан ойгонгону да, ойгоно элеги да эмне болгонун түшүнүп-түшүнбөй кете беришти.
Кырсык болгон күнү кой жайып, талаада жүргөндөр жердин сүрүлүп түшүп баратканын көрүп үйгө чуркашкан. Үйүнө жакын эле жерде жүргөн коңшум чуркап кирип, уктап жаткан кызын көтөрүп чыгууга жетишип калды.
Биринчи көчкү болгон күндөрдө катуу коркуп жүрдүк. Катуурак шамал болсо да сыртка чуркап чыгып, кудайлап калабыз. Ал күндөр өтүп кетти. Мындан 20 жыл мурунку жаракалар көчпөй, ойдо жок, тынч турган жерибиз көчтү.
Негизи, жерден жарака кеткенден 20 жылдан кийин жер көчөт деп айтышат. Бул айылда жарака кеткен жерлер көп. Талаада мал багып жүрүп көп эле жерди көрөбүз. Бирок, жер көчөт деген ой кимдин эле оюна келди дейсиңер.
Эки бир тууганымды жоготкондон кийин бул жерде жашагым да келбей калды. Мүмкүнчүлүк болсо, төрт баламдын коопсуздугу үчүн азыр деле көчүп кетүүгө даярмын. Бирок...
«Өкмөт берген 200 миң там салууга жетпейт»
Мага эч кандай тыйын бериле элек, берген күндө да ал акча эч нерсеге жетпейт. Андан сырткары мал бакканга шарттар жок. Тоюттарыбыздын баарын Ана-Кызыл айылына жүктөп алып баргыча жаз келет. Жазга аз калды, тоңгон жерлер жумшарып, көчкү коркунучу жаралып атат.
Кошумча акча табуу булагыбыз болбогондон кийин, малдарыбызды сата албай, эгин эгүүчү талааны таштап кете албай отурабыз. Мага окшогон мал багып, дыйканчылык менен гана жан баккандар пайызга акча алганыбыз менен күрөөгө эмнебизди коймок элек?
***
Акбарали Коргонбаевдин аман калган иниси Лутфилла да үй-бүлөсү менен көчкү коркунучу бар жерге жакын жашайт. Ошон үчүн ал да өкмөттөн Ана-Кызыл айылына көчүү керектиги тууралуу эскертүү алган. Ага өкмөт 200 миң сом акча каражатын бөлүп берген менен бирок бул сумма Лутфиллага там салууга жетпей жатат.
«Көчкү болгондон кийин үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн көчүүгө туура келет. Өкмөттөн тийген 200 миң сомго кошуп өзүмдүн беш уй, беш кой, бир атымды сатып, жалпысынан 600 миң сомдон ашуун акча каражатка үй тургузуп, тамын жаап алдым. Эми ички оңдоп-түзөө иштери турат. Пайызга акча алайын десем, аны төлөөгө менде кошумча жумушум жок. Апамдын пенсиясын күнүмдүк тамак-ашыбызга керектеп отурабыз», — дейт Лутфилла Коргонбаев.
Учурда ал Орусияга барып иштөө жөнүндө ойлонуп жатат. Анткени эки уулун, жубайын жана апасын коопсуз жайга көчүрүү аны түйшөлтүүдө.
Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Аюу-Сай айылынын дагы бир жашоочусу Асатулла Разабаев дагы колунда болгон бардык мал жандыгын сатып, Ана-Кызыл кыштагына үй тургузуп алган. Бирок, ал дагы тамдын ички ремонту бүтө элегине байланыштуу үй-бүлөсү менен Аюу-Сайдан көчүп кете албай турат.
«Үйдөгү бүт жандыктарымды сатып, там тургузуп алганым менен ички оңдоп-түзөө иштери алигече бүтө элек. Апам менен атамдын пенсиясына насыя алайын деп банкка кайрылсам “жаз келсин, азыр эрте” деп коюшту. Жазды күтүп отурабыз. Үйүмдө тоогумдан башка жандыгым калган жок», — дейт Асатулла.
«Аюусайлыктарга акыркы эскертүү»
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Сабиржан Курбанбаевдин айтымында, Аюу-Сайдагыларга жер көчкү коркунучу тууралуу акыркы эскертүү 2018-жылдын январь айында берилген.
«Аюу-Сай айылынын тургундарына көчкү тууралуу буга чейин да айтылып келген. 140 үй-бүлөгө 2018-жылдын январында акыркы эскертүү берилген. Биздин милдет — тийиштүү адистерге таянып, көчүү зарыл же зарыл эместигин алдын-ала эскертүү. Ал эми мамлекеттен берилүүчү жардамдарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чечет», — деди Курбанбаев.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы Анаркул Айталиев Аюу-Сайдагы жер көчкүнүн алгачкы белгиси 1994-жылы байкалганын айтат. Учурда ошол байкалган үч жараканын саны жетиге жеткен.
«Жарака байкалган жети жердеги көчкү дайыма активдүү. Жаз алды менен жер көчкүнүн өзү жана башка бөлүкчөлөрү кыймылга келе башташы толук мүмкүн. Мындай коркунучка карабай айылдан дале көчүп кете электер бар. Алардын так санын айтуу да кыйын. Анткени, “көчүп кеттик” деп айтып, бирок айылда эле жүргөндөрү бар», — деп токтолду Айталиев.
Департамент башчысынын айтымында, ӨКМ 24 жылдан бери аюусайлыктарга жер көчкү коркунучу тууралуу эскертүүлөрдү берип келүүдө.
«Өкмөт өкүлдөрү 1994-жылдан тарта Аюу-Сайдын жашоочуларына жер бөлүп берүүгө даяр. Бирок, тургундар көчүп кетүүдөн баш тартып келишет. Малдарды калтыра албайбыз деген өңдүү себептерди айтышат. Байма-бай жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери жыйынтык бербей атканы чынында бизди кейитет», — деп кошумчалады Айталиев.
«Тургундар акчадан өздөрү баш тартышкан»
Аюу-Сай айылынын башчысы Гапур Мадалбековдун айтымында, эскертүү алган 140 үй-бүлөнүн көпчүлүгү көчүп кетүүгө каршы жана өкмөт бермекчи болгон акчадан өздөрү баш тартышкан.
Анын айтымында, «көчүүгө макулбуз» деген 33 адам дале Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылына кете элек. Ал эми «таптакыр көчпөйбүз» деп тургандардын саны да арбын.
«Ана-Кызылдагы жер тилкелери кооптуу жайдагы бардык жашоочуларга берилген. Бирок көмөк акчасы 2017-жылы июнь айында көчкөн жана тамдын пайдубалын тургузуп жетишкендерге гана төлөндү. Анткени, каражатты бөлүп берүүнүн шарты ошондой болчу. Эми көчүп бармакчы болгондорго акча берилбейт, себеби каражат жок», — дейт Мадалбеков.
Айыл башчы кошумчалагандай, Аюу-Сайдагыларга 300 миң сом насыя жети пайыздык төлөм менен 7 жылга берилип жатат.
«Чынын айтканда, төлөнгөн 200 миң сом каражат үйдүн пайдубалын тургузуп, дубалын тикелөөгө гана жетти. Там салгандарды көрдүк да, алар шыйпырларын өз жанынан төлөп жабышты. Башында бул акчалар үйдү курууга эмес, жөн гана жардам катары берилген эле. Бирок, учурда "Айыл-Банк" 300 миң сом насыяны жети пайыз менен 7 жылга берип жатат. Акча албай калгандар эми ушул жеңилдиктерден пайдалана алышат», — деди айыл башы.