Оффшор компания «Кумтөрдү» сатып алууну сунуштады. «Центерра» муну «биржадагы кызыл кулактык» деп атады. Эмне болуп атат?

Кумтөр кениндеги казуу иштери

Британ Виргин Аралдарынын Chaarat Gold Holdings компаниясы «Кумтөр» ишканасын сатып алууну сунуштады. Бирок «Кумтөрдүн» ээси, канадалык Centerra Gold Inc компаниясы сунуштан баш тартып, аны «биржадагы кызыл кулактык» деп атады. Келишим тууралуу жаңылыктардын шартында Chaarat Gold Holdingsтин акциялары 8,5% кымбаттап кеткен.

Эмне болду?

Кыргыз ЖМКлары 24-апрелде Chaarat Gold Holdings компаниясы президент Сооронбай Жээнбеков жана Centerra компаниясына Кумтөр кенин сатып алууну сунуштаганын жазып чыгышкан.

Chaarat Gold Holdings — Кыргызстанда алтын өндүрүү менен алектенген, Британ Виргин Аралдарында катталган компания. Акыркы 15 жылда ал өзүнүн «Чаарат Заав» туунду компаниясы аркылуу Жалал-Абад облусунда Чаарат кенин даярдоонун үстүнөн иштеген.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң эле ири алтын кени. Азыр аны Кыргызстанда негизделген «Кумтөр оперейтинг компани» жана «Кумтөр голд компани» ишканалары аркылуу Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы иштетет.

Кыргызстан мамлекеттик «Кыргызалтын» компания аркылуу Centerraнын 26,6 пайызына ээлик кылат.

Centerra билдирүүгө кандай реакция кылды?

Centerra Chaarat Gold Holdings компаниясынын сунушун «базардагы кызыл кулактык» деп атады. Компаниянын маалыматында ал «Кумтөрдү» сатып алуу жөнүндө сунушту 2018-жылдын мартында Chaaratттан алганы айтылат.

«Centerra Chaaratттын кеңешчилерине токтоосуз түрдө компания келишимге кызыктар эместигин билдирген. Жакында эле Кыргызстандын өкмөтү менен жолугушууларда да жогорку кызматтагы аткаминерлер Centerraга өкмөт да Chaarat сунуштаган келишимге кызыкдар эмес экендигин тастыкташкан», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Chaarat Gold Holdings кандай реакция кылды?

ЖМКлар Кумтөрдү сатып алуу сунушу тууралуу маалыматты чыгарышкандан кийин ошол эле күнү 24-апрелде Chaarat Gold Holdingsтин акциялары Лондондун биржаларында 8,5% кымбаттап кеткен.

«Чаарат Заав» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси Улукбек Турдубеков «Клооптун» кабарчысына компания базарда кызыл кулактык «кылбаганын» айтты.

«Биз 24-апрелде ЖМКларга маалымат чыгып кеткенден кийин акцияларды сатууну токтоттук», — деди ал.

Chaarat Gold Holdings өзүнүн сайтында кабарлагандай, акцияларды сатуу 24-апрелде Лондондун убактысы боюнча эртең мененки саат 9:27де токтотулган.

Турдубеков Centerraнын алар Chaarat Gold Holdingsге мартта келишимден баш тартып коюшкандыгы жөнүндө билдирүүсүн «чындык эмес» деп атады. «Кечеки күнгө чейин баш тартуу келген эмес», — деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын өкмөтүндө эмне деп атышат?

Өкөттүн басма сөз кызматы Chaaratттын сунушу боюнча Centerraнын Кыргызстандын өкмөтү менен жолугушуусу жөнүндө маалыматты тастыктап да четке да каккан жок. Өкмөттөн кошумчалашкандай, Кыргызстандын Кумтөр боюнча кызыкчылыгын мамлекеттик «Кыргызалтын» компаниясы тааныштырат.

«Кыргызалтындын» өкүлү жана Centerraнын директорлор кеңешинин мүчөсү Бектур Сагынов «Клооптун» журналистине  Centerra менен өкмөттүн жолугушуусуна катышпаганын айтты.

«"Кыргызалтын" бул тууралуу [Chaaratттын сунушу] ЖМКдан укту. [...] Бул биз үчүн да жаңылык болду», — деди ал.

Chaarat Gold Holdings Кумтөр менен эмне кылууну көздөгөн?

Компания «Кумтор Голд Компанини» өзүнүн жеке каражаттары менен жана эл аралык банктардан ала турган насыянын эсебинен сатып алууну сунуштаган.

Chaarat Gold Holdingsтин планы боюнча, «Кыргызалтын» кыргыз өкмөтүнүн макулдугу менен «Centerraдагы өзүнө таандын акциялардын көпчүлүк бөлүгүн кайрадан компанияга өткөрүп бермек». Андан соң бул акциялар жокко чыгарылышы керек болчу.

«"Кыргызалтын" Centerraдан чыгып, кошумча бир аз акцияларды алып калат [...] Өкмөт [«Кумтор голд компанини» сатып алууга] каражат бөлбөйт, болгону жөн гана Centerraдагы акциялардын жарымынан баш тартат», — деди Chaaratттын өкүлү Улукбек Турдубеков «Клооптун» кабарчысына курган маегинде.

Эгерде келишим Chaarat Gold Holdingsтин шартттары менен жүзөгө ашкан болсо, анда компания кенди иштетүүнү башкарып калмак, ал эми «Кыргызалтын» Кумтөрдү иштетүүдөн түшкөн кирешенин 50% алып турмак.

«Chaarat Gold Holdings жана "Кыргызалтын" болочокто өлкөдө кийинки 5-7 жылда толугу менен кала турган дивиденддерди тең бөлүштүрүү менен кендин биргелешкен ээси болуп калышат», — деп айтылат компаниянын маалыматында.

Chaaratттан Кумтөрдүн ишмердигинен түшкөн каражаттын бардыгы «Кыргызстанда калат» деп убада кылышты. Мындан тышкары, компания Кыргызстан менен Centerraнын мурдагы келишимдери боюнча жаңы түзүлгөн Жаратылышты өнүктүрүү фондуна жыл сайын төлөнчү 2,7 млн доллар каражатты бөлүп турмакчы болгон.

«Бул келишимге жараша Кумтөр кенин көзөмөлдөө жана андан киреше алуу боюнча тарыхый жактан түзүлүп калган тең салмаксыздык калабына келтирилет, өз кезегинде бул өкмөттүн түз жана кыйыр кирешелеринин үлүшүн көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү болот», — деп айтылган компаниянын маалыматында.