Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртууга кеткен 386 млн доллар кытай насыясынын сарамжалдуу пайдаланылышын изилдөө боюнча депутаттык комиссия өз корутундусун ачыкка чыгарды. Комиссия жабдуулардын баасы «кыйла жогорулатылып», ал эми Кыргызстандын кызыкчылыктары «жетиштүү түрдө эске алынбаган» деп эсептейт.
Парламенттик комиссия Бишкек ЖЭБди жаңыртууга кеткен 386 млн доллар чыгымды 26-январда станцияда болгон авариядан кийин изилдей баштаган. Анын айынан бишкектиктердин көпчүлүк бөлүгү шаарда абанын температурасы түнкүсүн Цельсий боюнча -25 градустан ылдый төмөндөп турган кезде дээрлик беш күн бою жылуулуксуз калган.
Жаңыртууга каражатты зайым катары Кытайдын мамлекеттик «Эксимбанкы» бөлүп берген. Натыйжада Кыргызстан зайым боюнча үстөк пайыздарды эсептөө менен 500 млн долларга чукул акча кайтарып бериши керек. Жаңыртуу ишин жабдыктарды өзү сатып алып, долбоор үчүн субподрядчыны өзү тандаган Кытайдын ТВЕА компаниясы аткарган.
Депутаттык комиссия негизги жабдуунун эскилиги жеткендигинин айынан ЖЭБди жаңыртуу талап кылынган деген чечимге келген. Ошондой эле, эл өкүлдөрү насыя алуу негиздүү болгон деп эсептешет, анткени реконструкция ишин жүргүзүү үчүн Кыргызстандын өзүнүн каражаты жок болчу.
Бирок келишимге кол коюу процесси менен насыя каражаты кандай коротулгандыгы парламентарийлердин суроолорун жараткан.
Парламенттик комиссиянын негизги тыянактары:
• ТВЕА менен өкмөт уюштурган депутаттардын Кытайга болгон сапары — «сүрөмөлөө элементи»;
• Кытай компаниясы менен түзүлгөн келишимде Кыргызстандын укуктары жазылган эмес;
• үч министрликтин ТВЕА менен түзүлгөн келишимге сын-пикирлери болгон, бирок алар ошол бойдон эске алынган эмес;
• кытай компаниясы жаңыртууга акча кандай сарпталгандыгы тууралуу эч кандай деталдуу отчет берген эмес;
• ЖЭБ үчүн жабдуулардын баасы кымбаттатылган;
• жаңыртылган ЖЭБди күл-шлактан тазалоо тутумусуз жана химиялык цехтин курулушу аяктай электе кабыл алынган. Химиялык цехти да ТВЕА куруп бериши керек болчу;
• ЖЭБдин жаңы бөлүгүнүн электр кубаттуулугу эскисине караганда жогору, бирок жылуулугу — төмөн;
• президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаков жаңыртуу үчүн жалданмачы ТВЕАнын тандоосуна «кыйла эле таасир эткен»;
• Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде жаңыртуу боюнча маселени чечүүдө өкмөттүн ишине кийлигишкен.
Жалданмачы кантип тандалган?
Комиссия өз корутундусунда келишимге кол коюунун хронологиясын жазып чыгып, документте ал кезде чечим кабыл алган аткаминерлердин ысымдарын атаган.
Депутаттар изилдеп чыккан документтерге ылайык, ЖЭБди жаңыртуу боюнча сунуш төрт компаниядан түшкөн. Бирок өкмөттүн маалыматына ылайык, «Интер РАО ЕЭС» менен Кытайдын ТВЕА компаниясынын долбоорлору техникалык жана экономикалык жактан караганда эң эле толук кандуу иштелип чыккан болгон.
Ал кезде Осмонбек Артыкбаев Энергетика министрлигинин жетектеп турган. Минисирликтин кеңешмесинде 2013-жылы 28-майда аткаминерлер жаңыртуу боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясынын сунушун кабыл алышкан.
ТВЕА реконструкцияны 396 млн долларга баалаган (кийинчерээк баа 10 млн долларга арзандатылган). Ал эми «Интер РАО ЕЭС» компаниясы сунуштаган жаңыртуу долбоорунун баасы 132 млн долларга кымбат болгон.
Ошондон кийин Кыргызстандын Энергетика министрлиги ТВЕА компаниясынын демилгеси боюнча парламенттин депутаттары үчүн Кытайга эки сапар тартууну уюштурган. Алар компаниянын ишмердиги менен таанышышы керек болчу. Депутаттык комиссия муну өкмөт тарабынан ТВЕАны «сүрөмөлөө элементи» деп атаган.
2013-жылы июлда «Электр станциялар» ишканасы Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча ТВЕА менен контракттык келишим түзгөн. Комиссиянын корутундусунда контрактка «техникалык экономикалык негиздемесиз жана ар бир позиция боюнча конкреттүү сметалардын негизинде деталдуу эсептөөлөрсүз» кол коюлган деп айтылат.
Контракттык келишимге азыр үстүнөн тергөө жүрүп аткан «Электр станциялар» ишканасынан мурдагы директору Салайдин Авазов кол койгон.
Кредиттик келишимдин айрым пункттары комиссиянын бушайман болуусун жараткан — мисалы, эгерде Кыргызстанда же Кытайда саясат өзгөрсө кытай тарап насыя берүүнү токтотуп коюушу мүмкүндүгү жөнүндө пункт. Анда Кыргызстан токтоосуз түрдө үстөк пайыз менен карызды төлөп бериши керек болуп калат.
Депутаттар бул пункту келишимге Кыргызстанда эки жолу революция болгондугунун айынан киргизишкен деп эсептейт. Бирок комиссия өз корутундусунда келишимде Кыргызстандын укуктары жазылган эместигин көрсөткөн.
Андан сырткары, насыя келишиминде эгерде Кыргызстан үстөк пайыздарды же зайымды жаппаса, анда Кытай эл аралык арбитражда өзү каалаган активди талап кыла ала турганы жазылган.
Келишим боюнча, зайым боюнча бардык талаш-тартыштар Кытайда жайгашкан Эл аралык Гонконг арбитраж борборунда чечилет.
ТВЕА менен келишим сын-пикирлер эске алынбастан кабыл алынган
Кыргызстандын үч министрлиги кыргыз өкмөтү менен Кытайдын «Эксимбанкынын» ортосундагы зайым алуу келишиминин долбооруна толугу менен макул болушкан эмес. Бирок премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2013-жылдын 10-сентябрында зайым алуу келишиминин долбооруна сын-пикирлерди жана сунуштарды эске албастан жактырган.
Министрликтер кандай сын-пикирлерди айтышкан?
Экономика министрлиги ЖЭБди жаңыртуу үчүн компанияны натыйжалуураак тандап алыш үчүн тендер өткөрүүнү сунуштаган.
«Мында, ТВЕА компаниясы "Датка-кемин" ЭӨЧны куруу долбоорун ишке ашырууга, ошондой эле, ал компания "Датка-Түштүк" долбоорун ишке ашырып жаткандыгын жана ал компанияны кайталап тандап алуу Кытайдын башка компанияларынын сунуштарын эске албай туруп тандалып алынышы алар тарабынан улуттук масштабдагы долбоорду ачык жана ак ниет тандалышына шек туудурушу мүмкүн», — деп сын-пикир айтылган.
Министрлик Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен долбоорду толуктап иштеп чыгууну сунуштаган. Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы дайыма өсүп турган, анткени өкмөт ар кандай долбоорлорго жаңы зайымдарды тарткан.
«Мында, өлчөөсүз көп жаңы зайымдарды тартуу Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызынын туруктуулугуна коркунуч алып келет, анткени улам өсүп жаткан карыздарды тейлөө мамлекеттик бюджетке оор жүктөрдү пайда кыла турган көптөгөн акча каражаттарды талап кылат», — деп сын пикир айтылган.
Тышкы иштер министрлиги келишимден Эл аралык Гонконг арбитраж борборунун эскерилишин алып салып, бейтарап аймакта жайгашкан арбитраж сотун көрсөтүүнү сунуштаган.
«Мында аталган сунуш жогоруда айтылган соттордун [Эл аралык Гонконг Арбитраж борбору] чечимин кабыл алууга жана аткарууга милдеттерди жүктөйт. Натыйжада, Кыргызстандын чет өлкөдө болгон мүлкү эл аралык ченемдин коргоосу алдынан чыгат жана камакка алынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн. Имуниттен мындай баш тартуу Кыргызстандын Конституциясына ылайык келбейт», — деп сын-пикир айтылган.
Премьер-министр Сатыбалдиев келишимдин долбоорун жактыргандан кийин бир күн өтүп финасы министри Ольга Лаврова ага кол койгон. Кийинчерээк ал парламенттик комиссияга ал келишимге кол коюуга милдеттүү экенин түшүндүргөн, анткени өкмөт — коллегиалдуу орган жана ал анын чечимине баш ийиши керек болчу.
Өкмөт «Эксимбанк» менен зайым келишимин ратификациялоо жөнүндө мыйзамды 2013-жылы 2-декабрда парламенттин ратификациясына «кийинкиге калтырылбас» катары киргизген. Жогорку Кеңеш келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамды 11-декабрда жактырып, ал эми президент Алмазбек Атамбаев ага 2013-жылы 23-декабрда кол койгон.
Акча кандай сарпталган?
«Электр станциялар» ишканасы менен ТВЕАнын ортосундагы келишим бекитилген баада курулушту «биротоло бүтүрүү» дегенди түшүндүргөн EPC усулу менен түзүлгөн.
«386 млн АКШ доллары боюнча такталган суммага EPC усулу менен контракттык макулдашууну түзүүгө байланыштуу ТВЕА компаниясынан Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарга так отчетторду талап кылуу убактылуу депутаттык комиссияга мүмкүн болбоду», — деп айтылат корутундуда.
Комиссиянын кортундусуна ылайык, ТВЕА компаниясы жалпы суммасы 377,4 млн доллар курулуш-жөндөө жана иштетүү-жөнгө салуу жумуштарын аткаруунун деталдуу эсебин көрсөткөн эмес. Ошондой эле, бул акчанын ичинен «Башка чыгымдар» беренеси боюнча коротулган ири суммалар комиссиянын суроосун туудурган, ага кирген чыгымдар:
• административдик чыгымдар — $14,4 млн;
• долбоордук — иликтөө иштери — $11,9 млн;
•консультантка кеткен чыгымдар — $5,9 млн;
• иштетүү-жөнгө салуу жумушун аткарууга кеткен чыгамдар — $6,7 мн;
• персоналды жана механизмдерди транспорттоого кеткен чыгымдар — $9,3 млн.
«Бишкек ЖЭБин модернизациялоого чыгымдарга жүргүзүлгөн талдоого ылайык, өзүнчө позициялар боюнча Контракттын баа сунушу боюнча суммаларынан иш жүзүндө аткарылган иштердин суммаларында оош-кыйыштар бар», — деп айтылат корутундуда.
Документке ылайык, эки от казанга кеткен чыгым баа сунушунда көрсөтүлгөнгө карагандан 10,6 млн долларга кымбат болгон.
Корутундуда Кыргызстанга киргизилген жабдуулардын суммасы боюнча оош-кыйыштар бар экени көрсөтүлгөн.
Бишкек ЖЭБдин маалыматына ылайык, ЖЭБди жаңыртуу үчүн төрт жылда 170,7 млн доллар суммасына материалдар жана жабдуулар алынып келинген. Бирок Мамлекеттик бажы кызматы билдиргендей, «ЖЭБди жаңыртуу» долбоору боюнча Кыргызстанга суммасы 169,9 млн долларды түзгөн материалдар менен жабдуулар алынып келинген. Бул дээрлик 800 миң долларга аз.
«Ошону менен эле катар аттиштерге, видео байкоо камераларына, муздаткычтарга, жүк жүктөөчү лифттерге жана башкалар боюнча жөнөтүлгөн жабдууларга баалардын олутту жогору болушу так байкалат», — деп айтылган корутундуда.
Натыйжада эмне курушкан?
«Электр станциялар» ишканасы 2017-жылы 7-июлда ЖЭБДин жаңыртылган бөлүгүн өз карамагына кабыл алган, бирок ТВЕА жаңы бөлүктөр үчүн химиялык цех куруп берген эмес. Химиялык цех куруу жөнүндө макулдашуу «Электр станциялар» ишканасы кабыл алуу-өткөрүү актына кол койгонго чейин бир күн мурда жетишилген. Жаңы химиялык цехти курууга даярдык иштери жаңыдан гана жүргүзүлө баштады.
«Бишкек ЖЭБин модернизациялоону мамлекеттик кабыл алуу күл-шлактан тазалоо тутумунун жана химцехтин курулушун аяктай электигине карабастан шашылыш жүргүзүлгөн», — деп айтылат корутундуда.
Эксплуатацияга бийиктиги 150 метрди түзгөн түтүн чыгарган мор жана эки энергоблок берилген. Эски блоктордун электр кубаттулугу 666 МВтты түзгөн, ал эми жаңыртылган блоктор 146 МВтка кубатту болуп калган.
Бирок жаңы блоктордун жылуулук кубаттулугу эски жабдуулар иштеп чыккан жылуулукка салыштырмалуу 149,7 Гкал/саатка чейин азайып кеткен.
Бул жерде Сапар Исаковдун кандай тиешеси бар жана эмне үчүн Атамбаевди жоопкерчиликке тартууну каалашууда?
Депутаттык комиссия өз корутундусунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп туруп президентке ТВЕА компаниясынын сунушу келишимдүү экени жөнүндө кызматтык кат жөнөткөнүн көрсөткөн. Бул катты «Электр станциялар» ишканасы да алган.
«Бул "Электр станциялары" ААКсынын Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоонун башкы подрядчысы катары ТВЕА компаниясын тандоо жөнүндө чечимине олутту таасир тийгизген», — деп айтылат корутундуда.
Ошондой эле, депутаттар Алмазбек Атамбаев президенттик кызматта отуруп, Бишкек ЖЭБин жаңыртуу боюнча келишимге кол коюуда өкмөттүн ишине кийлигишкен деп билдиришти. Комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев билдиргендей, Атамбаев ЖЭБди жаңыртуу маселеси боюнча министрликтерге түздөн-түз көрсөтмөлөрдү берген.
«Президент түзмө-түз премьер-министрдин башын аттап туруп министрлерге буйрук берген, бул мыйзамга туура келбейт жана Конституцияны бузуу дегенди билдирет. Мен мурунку президенттен кол тийбестикти алуу боюнча сунуш бергем. "Масалиев айтты, эртең эле кол тийбестик алынат" деген ой болбош керек, биринчи мыйзамды өзгөртүү зарыл», — деген ал.
Жооп иретинде Исаков Атамбаев ЖЭБди жаңыртуу үчүн айрым бир компанияны тандап алуу көрсөтмөсүн эч кимге берген эмес деп билдирген.
«Масалиев Атамбаев көрсөтмө берген деп атат. Бирок Атамбаев карап көрүүнү суранып атканын жазган. Масалиев алдап жатат. Биздин катты окуп көргүлө, биз айрым бир компанияны сүрөмөлөгөн жокпуз. Биз жөн гана президентке компаниялар боюнча маалымат бергенбиз», — деп билдирген Исаков.
Натыйжада депутаттар Сапар Исаковдун аракеттерине укуктук баа берүү керек экенин чечишкен. Андан сырткары, эл өкүлдөрү экс-президенттин кол тийбестиги макамы жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү чечишкен. Депутаттардын оюнча, эгерде экс-президент оор кылмышка шектелип жатса, аны жоопкерчиликке тартса болот.
Ал эми Атамбаев 31-апрелде өзү жетектеген Социал-демократтар партиясынын съездинен кийин ЖЭБди жаңыртууга байланыштуу тендерлерди учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун командасы жүргүзгөнүн билдирген. ЖЭБди жаңыртуу учурунда Жээнбеков премьер-министрлик кызматты ээлеп турган.
«Бул тендердин бардыгы, даярдыктын бардыгын премьер-министр Жээнбековдун командасы жүргүзгөн. Мен айтып жатам го, бул жөн гана алаксытуу чуусу болгон. Анткени эгерде ал жерде бир нерсе башкача болсо, мага да бура башташат», — деген Атамбаев.
Депутаттар дагы эмнени каалашууда?
Парламентарийлер үч жыйындын жыйынтыгы боюнча башкы прокурорго ЖЭБди жаңыртуу процессинин өзүнө, кол коюуга жана даярдыкка тийиштиги бар бардык кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүүнү тапшырышты.
Башкы прокуратура, Эсеп палатасы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттти комитет ЖЭБди жаңыртуу үчүн 386 млн доолар зайым канчалык деңгээлде максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылганын изилдеши керек.
Андан сырткары, бул мекемелер ТВЕА компаниясынын субподрядчылары менен субпоставщиктери кызмат адамдар менен аффирлешкенин изилдеши керек.
Депутаттар аларга ТВЕА мектептин курулушуна, уюштуруу техникаларын сатып алууга, Кара-Кече ЖЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга бөлгөн 20 млн доллар гранттын пайдаланылышы боюнча чыгымдарды да изилдеп чыгууну тапшырышты.