Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы билдиргендей, алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушунун баасы кымбаттатылган. Негизинен долбоорлоо-сметалык документациясынын жоктугунун айынан чыгымдар 1 млрд сомдон ашып кеткен.
УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, жалданмачылар менен ат майдандын курулушуна келишим долбоорлоо-сметалык документациясы жок эле түзүлүп, анын айынан курулуштун баасы 480 млндон 1,5 млрд сомго чейин өсүп кеткен.
Андан тышкары, атайын кызматтын алдын ала маалыматына ылайык, айрым иштердин наркы 10 млн сомго кымбатталыган, ал эми жалданмачы 144 млн сомдун финасылык отчету боюнча документтерди тапшырган эмес.
Республикалык сертификация борборунун экспертизасы 31 млн сом коротулган жолго төшөлгөн асфальт эксплуатациялык мөөнөтүн аягына чейин чыдай албасын, ал эми ат майдандагы 8,2 млн сомдук темирден жасалган ферма долбоорго ылайык салынбагандыгын көрсөткөн.
Ошондой эле, УКМКнын версиясы боюнча, жалданмачы 2016-жылы августта ат майдандагы селдин кесепеттерин жоюуга каралган 9,7 млн сомду максатсыз короткон. Бул маселени Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз эсебинен чечиши керек болчу.
Ат майдандын курулушун текшерүү уланып атат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.
Ат майдандын курулушунун башкы жалданмачысы «Азат» ДСК тобуна кирген «СМУ-3» компаниясы болуп эсептелет. Ушул эле компания Мамлекеттик музейди реконструкциялоо иштерин аткарган. «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары музейдеги жумуштун наркы да кымбаттатылган деп эсептейт, ал эми Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүүнү убада кылган.
Андан сырткары, бул компания Ала-Тоо аянтында «Манастын» эстелигин орноткон, ал эми 2017-жылы 46,5 млн сомго УКМКнын кызматкерлери үчүн үйдүн курулушуна тендерди утуп алган. «СМУ-3» курулушка катышуу үчүн билдирме тапшырган жалгыз компания болгон. Мурдарак ушул эле компания УКМК үчүн 90,2 млн сомго үйдүн курулушуна жарыяланган конкурсту утуп алган.
2016-жылы «СМУ-3» мамбюджеттен ири каражат алгандардын катарына кирген — анын эсебине мамлекеттен 1,42 млрд сом түшкөн.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюну
Бийлик 2016-жылы Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну үчүн инфраструктураны реконструкциялоо үчүн жана Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушуна 1,5 млрд сом бөлгөн. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги ат майдан эл аралык талаптарга жооп берет деп билдирген.
Бийлик жолдун курулушу үчүн 700 түптөн ашуун дарактан турган Раппопорт аллеясын кыйып, бул коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Кыйылган аллеянын ордуна жаңы бактарды отургузуп, маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн жай курууну убада кылышкан, бирок азырынча бул иш жасала элек.
Биринчи дүйнөлүк көчмөдөр оюну 2014-жылы жылы өтүп, тарыхта эң эле бюджеттүү болуп кала берүүдө — аларга 200 млн сомдон бир аз ашык каражат коротулган. Бирок ошол эле жылы декабрда Башкы прокуратура уюштуруучулар Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-тузөөдө 11 млн сомго чукул акчаны коромжу кылышканын билдирген. Анда ат майданда оңдоо иштерин «Темир Канат» компаниясы жүргүзгөн.
2017-жылы ноябрда Бишкек шаардык соту «Темир Канат» компаниясынын башчысы Эркинбек Мергенбаевди мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга соттогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ат майдандын трибунасы үчүн отургучтар «аткезчилик жол менен киргизилип, анын натыйжасында бажы төлөмдөрү төлөнбөй калган».
Дүйнөлүк көчмөндөр оюну — бул көчмөн элдердин этникалык оюн түрлөрү боюнча эл аралык спорттук таймаштар, ал эки жылда бир Кыргызстанда өткөрүлөт.