«Пикир» рубрикасында жарык көргөн материалдар авторлордун жеке пикирин билдирет. Бул колонканын автору — парламенттин экс-депутаты жана мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт Алишер Мамасалиев. Материалдын түп нускасы орус тилинде Pro-KG сайтында жарык көргөн, анын кыргыз тилине котормосун кыскартуусуз сунуштайбыз.
Президенттик институт — Кыргызстандын бийлигинин саясий системасында негизги болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө президент өзү ыйгарым укуктардын көпчүлүгүнө жана саясий конфигурацияны түзүү таасирине ээ.
Сооронбай Жээнбековдун президенттигиндеги алты ай — бул алты жылдык президенттик мөөнөтүнүн он пайызы, бул бардыгыбызды жакынкы жылдарда эмне күтүп атканын божомолдогонго жетиштүү. Президент Жээнбековдун расмий риторикасы эмоционалдык эмес менен субъективдүүлүктөн алыс, ал экс-президент Атамбаевге салыштырмалуу консервативдүүрөөк жана токтоо көрүнөт.
Сапар Исаковдун жаш либерал реформаторлор командасынын саясий банкротчулугунан кийин өзүн мындай позициялоо коомчулукта туруктуулукка болгон үмүт менен кабылданууда. Сооронбай Жээнбеков өзүнүн эң башкы артыкчылыгы катары коррупцияга каршы кескин күрөштү белгиледи, бул эбак эле талап кылынып турган жана дароо эле электораттын колдоосуна алынган.
Эгерде ЖМКларда чыгып жаткан маалыматтарга көңүл бурбай, Кыргызстандын саясий айдыңында болуп жаткан окуяларга чымчык учкан бийиктиктен карап көрсөк, анда төмөнкү картинаны байкай алабыз:
Эмне өзгөрдү?
Саясий конфигурация
31-мартта Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп шайланышы менен дароо эле экс-президент күтүүсүз жерден Жээнбековдун дарегине эмоционалдуу сын-пикирлерди жаадырган кара жолтой жана жетиштүү түрдө ызы-чуу чыгарган басма сөз жыйындан кийин Кыргызстанда ички жана саясий конфигурация толугу менен өзгөргөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн Алмазбек Атамбаевдин мураскери деген макамын ишенимдүү түрдө өзү үчүн жаңы статуска өзгөрттү. Бул андан аркы пайда болгон бардык кесепеттери менен кошо экс-президенттин саясий каршылашы болуп калды.
«Чечкичтер» кетти
Атамбаевге берилген саясий оор салмактуулар — Абдил Сегизбаев, Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов, Сапар Исаков, Индира Жолдубаева жана башкалар — акыркы 100 күндө отставкага кетирилип же аларга чуулгандуу кылмыш иштери козголгон.
Жогорку Кеңеш «кайрадан кийинип чыкты»
Биринчи жолу акыркы төрт жылда Жогорку Кеңештин сессиясында депутаттар өлкөдө жаралган саясий абал жөнүндө, фигуранттары делип эсептелген бир катар белгилүү оппозициячыл саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Садыр Жапаров, Канат Исаев жана башкалардын үстүнөн козголгон саясий мүнөздөгү кылмыш иштеринин кайра каралып чыгышы керектиги жөнүндө ачык билдирүүлөрдү жасашты.
ЖЭБди реконструкциялоо боюнча парламенттик комиссия насыя каражаттарын тариздөөнүн жүрүшүндө экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев жана Атамбаевге жакын бир катар экс-министрлердин түздөн-түз катышуусунда каражаттардын максатсыз пайдаланылышы боюнча бир катар системалуу эреже бузууларды табышкан.
Тышкы саясатты түздөө
Сооронбай Жээнбеков өз инаугурациясынан кийин Кыргызстандын аймактагы позициясын белгилөө үчүн стратегиялык жактан маанилүү өлкөлөргө дипломатиялык вояж жасады.
Кыргызстандын жаңы президенти Өзбекстанга, Казакстанга, Орусияга жана Түркияга барып, өлкө башчылары менен ийгиликтүү жолугушууларды өткөргөн. Муну менен ал акыркы жылдары Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда түзүлгөн дипломатиялык кызуу кандуулук менен аныксыздыкты жоё алды.
Жаңы оппозиция
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин башталып кеткен тиреши Кыргызстандын элинин алдында жаңы, кошумча оппозиция аянтчасынын жаралышына өбөлгө түздү. Ал аянтчада күн тартиби Атамбаевдин персонасынын жана анын командасынын айланасында түзүлөт.
Эксперттердин көпчүлүгү белгилеп кетишкендей эле, бул оппозициячыл аянтчанын бир гана каржылык жактан эмес, эксперттик жана ал тургай административдик ресурстары жетиштүү, себеби экс-президент Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Исаков Кыргызстандын бийлик бутактарына дайындап кеткендер дагы эле көп бойдон калууда. Ал түгүл алардын саны «жетинчи кабатта» да жетиштүү.
Бир кезде оппонент болгондор Атамбаев менен анын командасына каршы биригишти
Бүгүн Кыргызстандын саясий айдыңында абдан кызыктуу процесстер болуп атат.
Бир жагынан биз оппозициячыл, центристтик топтор, жарандык сектор эле эмес, көз карандысыз ЖМКлардын өкүлдөрү да экс-президент Атамбаевге каршы биригип, зарыл учурларда керектүү температураны кармап туруу үчүн «көмүр ыргытып» атышканын көрүп атабыз.
Башка жагынан президент Сооронбай Жээнбековду байкатпастан күчтөндүрүү процесси жүрүп атат жана азырынча айрым саясий дайындоолор менен ага жакын депутаттардын жигердүүлүгүнө байланыштуу ошол биринчи тынчтыкты алган белгилерди «көрмөксөнгө салып» же кечирип турууга аракет кылышууда.
Ар кандай топтордун идеянын же макулдашылган долбоордун айланасында эмес, мындай конкреттүү бирөөгө каршы биригүү стратегиясында өзүнүн мерчемделген убактысы бар экенин жана мындай абал көпгө кармалып турбасын белгилеп коюу керек.
Эмнелер мурдагы эле бойдон калды?
Чечим кабыл алуу укугу Ак үйдүн жетинчи кабатында калды
Эскерте кетсем, биз бир жылдан ашуун убакыттан бери 2016-жылы референдумда өзгөртүлгөн конституция менен жашап атабыз жана беш ай мурда премьер-министрдин милдеттерин күчтөндүргөн өзгөртүүүлөр күчүнө кирген.
Авторлордун — Атамбаев жана анын командасынын — ою боюнча, жаңы өзгөртүүлөр премьер-министр менен парламенттин көпчүлүк коалициясы реалдуу саясий субъект болуп кала турган, ал эми президент Коопсуздук боюнча кеңеш менен саясий арбитрдын жана улуттук коопсуздук боюнча маселердин тескөөчүсү макамына өтүп калчу саясий конфигурацияны түзүп жана аны бекемдеши керек болчу.
Бирок «жаңы» Конституция күчүнө киргени менен президент Сооронбай Жээнбеков азырынча чечим кабыл алуу укугу бар жана ал азырынча анын президенттик аппаратында калып аткан «атамбаевдик» башкаруу констуркциясынан арылууга шашкан жок.
Премьер-министрдин талапкерлиги 7-кабаттан түшүп жатат
Премьер-министрдин креслосуна убакыттын сыноосунан өткөн президенттик администрациянын башчысы «отурган» мурдагы президент Курманбек Бакиев тарабынан колдонулган эле практиканы учурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков да улады.
Депутаттык фракцияларда мурдагыдай эле жаңы премьердин талапкерлигин бир добуштан колдоп берүүдөн башка арга деле калбай калган. Сооронбай Жээнбековдун «жаңы» өкмөттүн ишине таасири үстөмдүк кылаарын түшүнүш үчүн пайгамбар болуунун деле кереги жок.
Атамбаевдин «Жол картасы»
Экс-президент Атамбаев кеткенден кийин мамлекеттик система Атамбаев өз командасы менен Кыргызстандын 2023-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук стратегиясында камтып кеткен вектор менен кетип жатканын улантууда.
Бирок Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын мазмунун өзү артында бир топ эле суроолорду калтырууда, анда белгиленген баалуулуктар менен артыкчылыктар дайыма коомчулук менен саясий элита тарабынан Атамбаевдин продукту катары кабылданып кала берет. Эртели кеч анын командасы муну өз пайдасына «утуп алат». Бул учурда бул узак мөөнөттүү (2023-жылга чейин жана 2040-жылга чейинки) стратегиянын максаты — Атамбаевди Ататүрк сымал кыргыз «парламентаризминин» орношунун башында турган жалгыз жол башчысы катары көрсөтүү.
Дал ошол себептен Атамбаев 31-мартта басма сөз жыйында «анын суроо сопкуту жок эле» өз стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү аракетине абдан катуу кайгырып, эмоционалдуу мамилесин көрсөттү — Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы бул учурда ал үчүн өзүн Кыргызстанда фундаменталдуу саясий өзгөрүүлөрдүн башталышына жол ачкан «жалгыз президент» катары көрсөтүү фундаменти болуп эсептелет.
Жээнбековдун командасына азыр белгилеп коюу керектелген узак мөөнөттү стратегиялар менен концептуалдык нерселерге көңүл бурууга убактысы жок экени корүнүп турат. Анын солгун аракет минанын эффектиси бар.
***
Сооронбай Жээнбековду бизде белгилүү армян премьер-министрине айланып калган Никол Пашинян менен «А "биздики" алты айдагы өз президенттигинде эмне кылды?» деген суроо салып, салыштыруунун кажети жок. Ал экөөнүн саясий Олимпке көрсөтүлүшү менен «киришиндеги» шарттар таптакыр башкача болгонун түшүнүү керек.
Бирок «биздики» мындан үч ай мурда эң эле кубанычтуу түшүбүздө да элестете албаган нерселерди кылды — ал УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана кол алдындагы сотторунун репрессияларында кармалып турган Атамбаевдин жана анын бүтүндөй саясий «авторитетин» «козгоду».
«Атамбаевдин» дээрлик бардык командасы ызы-чуу менен оставкага кетирилип же кымыш иштеринин башкы фигуранттары болуп калды. Мунун бардыгы ушунчалык тездик менен болуп жаткандыктан биз жада калса мунун бардыгын түшүнүп «сиңиргенге» үлгүрбөй калып жатабыз.
Бирок ушуну менен эле Жээнбековго кол чаап, тынчтанып калган акылга сыйбастык болуп калмак. Жарандык коом системдик жана артка кайтпаган өзгөрүүлөрдү талап кылышы керек, азыр абал мүмкүндүк берип атканда жаңы саясий күн тартибин түзүү керек. Себеби жарым жылдан кийин кеч болуп калат. Жарым жылдан кийин бардыгы «тынчып», ал эми жеңүүчү бардыгын өзүнө алып алат — бизде мындай дайыма болуп келген.
Эң маанилүүсү — Атамбаевге жеткире баа бербөө жаңылыштык болуп калат. Ал «кыйратуу» долбоорлорунда гений. Эгерде ал өз учурунда бүгүнкү экс-президенттин макамы жана азыркы ресурстары жок эле Акаев менен Бакиевди «козгой алса», анда бүгүн ал 2005-2010-жылдарга караганда кыйла эле күчтүү.