Бишкек шаардык соту «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы менен байланышка шектелип жаткан казак активисти Мурат Тунгишбаевди камакта калтырууну чечти. Тунгишбаевдин адвокаты сот мындай чечимди Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде жок берененин негизинде кабыл алды деп эсептейт. Ошол эле учурда активистти Казакстанга экстрадициялаганы жатышат.
Эмне болду?
Мурат Тунгишбаевди 10-майда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери кармашкан: алар Казакстандын Алматы сотунун жазма буйругунун негизинде анын батиринде тинтүү жүргүзүшүп, ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту казак активистин камакка алууну токтом кылган.
Казакстанда Тунгишбаев качкын саясатчы жана оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланыштыгы бар делип айыпталууда. Казакстандын укук коргоо органдарынын маалыматтарына ылайык, Тунгишбаев Facebook жана Telegram аркылуу «Казакстандын Демократиялык тандоосу» үчүн «маалыматтык мүнөздөгү кызматтарды көрсөткөн» — Казакстанда экстремисттик деп таанылган кыймыл — жана Аблязовдун жетекчилиги алдында кыймыл топторун уюштурган.
Кармалган активист экстрадияланышы мүмкүн — Тунгишбаевдин адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, бул чечимди Кыргызстандын башкы прокуратурасы кабыл алып койгон
Токтакунов «АКИпресс» басылмасына курган маегинде прокуратуранын чечимин «туура эмес» деп атап, андан тышкары, анын коргоого алган адамы Кыргызстандын Кылмыш-Жаза кодексинде жок берененин негизинде камакка алынганын билдирди.
Бул кандай берене?
Токтакуновдун айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук соту Тунгишбаевди Казакстандын Кылмыш-Жаза кодексинин «Кылмыштуу топтун ишмердигин каржылоо, мүлктөрдү бөлуштүрүү, каржылоо булактырын иштеп чыгуу» 266 беренесинин негизинде камакка алууну чечкен.
«Иш белгилүү казак блогери Тунгишбаев шектелип жаткан кылмыш кыргыз мыйзамдарында көрсөтүлбөгөндүгүндө болуп жатат. Бирок сот бул аргументти ал угузулбагандай кылгансып айланып өтүп атат. Бул кыргыз бийлиги жок жерден ойлонуп чыккан айыптоолорду ээрчибей өз көз карандылыгын көрсөтө турган учур», — деп жазган Токтакунов өзүнүн фэйсбук барагында.
Эгерде Кыргызстандын бийлиги Тунгишбаевди Казакстанга өткөрүп берсе, анда ал бул берене боюнча мүлкү конфискацияланып, үч жылдан жети жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.
Токтакунов Тунгишбаевге алынган баш коргоо чарасын Бишкек шаардык сотунда биринчи инстанцияда даттанууга аракет кылган. Бирок ал жерде анын арызын четке кагып, Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырышкан.
«Биз баш коргоо чарасын Жогорку сотто даттанабыз. Андан сырткары, биз Мурат Тунгишбаевди экстрадициялоо жөнүндө Башкы прокуратуранын чечимин да даттанабыз», — деп билдирген Токтакунов «24.kg» басылмасына курган маегинде.
Адвокаттын айтымында, кыргыз бийлиги Тунгишбаевди экстрадициялоонун жардамы менен «Атамбаевдин Назарбаевге каршы демаршынын жыйынтыгында уят болуп калган абалдан чыгууну» каалап атат. Ал экс-президент коңшу өлкөнүн жетекчилигин «улуттук байлыктарды уурдоого» айыптаган Атамбаевдин Казакстандын бийлиги менен болгон тирешин айткысы келген.
«[Назарбаевдин] саясий каршылаштарын экстрадициялоо процедурасы Казакстан Республикасынын ИИМнин да эмес, Алматы милициясынын буйрутмасы боюнча кыргыз мыйзамдарын бузуу менен толук түрдө жүрүп атат», — деп жазат Токтакунов.
Мурат Тунгишбаев деген ким?
Мурат Тунгишбаев — 2011-жылы нефтчилер Жаңы-Өзөндө массалык иш таштоого чыгышканда каршылык акциясын чагылдырган казак активисти.
Казак бийлиги массалык каршылыкка чыгууну катуу басып, бул 16 адамдын өлүмүнө алып келген жана анын жүздөгөн катышуучулары жаракат алып, ондогон нефтчилер башаламандыктарды уюштуруу боюнча абак мөөнөттөрүн алышкан.
Азыр адковат Токтакуновдун айтымында, Тунгишбаев Бишкектин №1 тергөө абагында кармалууда. Казак активисти 28-майда эл аралык укук коргоо уюмдарынан жардам сурап кайрылган — ал АКШ менен Канаданын өкмөтүнөн, ЕККУдан, Европарламенттен, БУУдан жана башка уюмдардан анын Казакстанга экстрадицияланышын токтотууга жардам берүүнү суранган.
Тунгишбаев өзүнүн ачык жолдонгон катында Казакстандын бийлиги аны блогердик ишмердиктин айынан, тактап айтканда, өз материалдарында ал адам укуктарынын бузулушу жөнүндө, Казакстанда сөз эркиндиги бузулуп атканы жөнүндө жана саясий куугунтуктар жөнүндө айтып бергенинин айынан куугунтуктап жатканын жазган. Казак активисти ал өз мекенинде кыйноого алынышы мүмкүндүгүнөн коркуп атат.