Ысык-Көлдүн жээгинде сатылып жаткан балыктардын көбү Казахстандан жана алыскы Чыгыштан алынып келинген. Азырку күндө Ысык-Көлдүн өзүнүн балыктары биологиялык эксперименттеринин кесепетинен жана браконьерлердин айынан жок болуп баратат.
Бостеридеги эң чоң базарында, Леонид балык сатуу менен алектенет. Анын сатып жаткан ар турду балыктарынын катарында, көлдүн сыймыгы болгон «Севан» форели да бар.
Бул балык Ысык-Көлгө 1930-жылдан 1970-жылга чейин Совет бийлиги тарабынан Армениянын “Севан” көлүнөн алынып келген.
Көлдөгү экосистема көз салуучу уюмдардын «Лэйк Нет» ассоциациясы билдиргениндей, судак жана форель Ысык-Көлдүн өзүнүн балыктарын, анын ичинде популярдуу болгон Ысык-Көлдүн чабагын да жеп, жок кылып келе жатат.
1960-жылдары чабак, көлдүн балыгынын 90% түзүп, жылына 1000-1350 тонна Ысык-Көлдүн чабагы алынса, анын саны 1990-жылдары 35 эсеге азая баштаган.
Бүгүнкү күндө көлдүн жээгинде сатылып жаткан балыктардын көбүнчөсү Ысык-Көлдүн өзүнүн балыктары эмес.
«Нарындын Соң-Көлүнөн сига жана башка балыктарын алып келип, аны тазалап туруп, Ысык-Көлдүн чабагы деп сата бергендер абдан көп. Казахстандан да балыктар тоңдурулган турдө бизге келет. Бирок алардын даамы эң эле начар», — дейт балыкчы Леонид.
Евгений балык уулоочулук кесиби менен алектенип, балыктын түрүн билет. Анын айтымында Ысык-Көлдүн форели 350-400 сом турат. Ал эми тынч океандын сельди 2-3 эсе арзан, чет өлкөлүктөр дал ушул көлдүн балыгынын даамын татканы келет.
Жырткычтар диетада
Жергиликтүү балыкчылар форель менен судак Ысык-Көлдүн чабагынын азайышынан улам, тамаксыз калышты дешет.
Аргасыз болгон балыктардын ачарчылыгы, алардын кичирейишине алып келди дейт Евгений.
Мурун бир форельдин салмагы 15 килограммга жеткен болсо, азыр алардын эң чоңу 4-5 килограммды түзөт. Ал эми көбүнчө учурда торго 1 килограммдагы балыктар түшөт.
1990-жылдары Ысык-Көлдүн балыгын массалык түрдө кармоого тыюуу салынган. Бирок ага карабастан браконьерлер аларды тонналап кармашат.
Дагы бир браконьерлердин жакшы көргөн ыкмасы бул балыктардын өрдөп чыккан мезгили дейт Евгений.
«Өрдөп келаткан балыктардын жолун тор менен тосуп, браконьерлер баардыгын кармап алышат. Бийлик өкүлдөрү бул ишке тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай келет. Мыйзамсыз браконьерлерди текшерген инспекторлор, алардан акча алып эле тым болушат. Акча алса эле болду», — деди Евгений.
Айыл-чарба министирлиги браконьерлер бүгүнкү күндө бар деп белгилейт.
«Чындыгында бизде браконьерлер абдан күч алган. Көлдүн тургундары өз жашоо шартын жакшыртуу үчүн гана балык уулашат. Кытайдан төмөнкү баадагы торлордун түрү келет. Аны алы абдан оңой», — дейт айыл-чарба министри Торогул Беков.
Бул министирликтин дагы бир кызматкери Photo.kg интернет сайтына берген маалыматында, бул балык уулочулар менен күрөшүү, алардын үстүндө турган адамдардын кылган ишинен да аксап келет деди.
Маселени чечүү
Балыкчы Леонид баардык иштерди легалдаштыруу керек дейт. Ар бир балык уулоочу мамлекетке салык төлөп, ал акча малекторду өстүргөн заводко жумшалса жакшы болот дейт.
Анын дагы бир сунушу судактардын көлдө жашоосун токтотуу.
«Ысык-Көлдөгү жырткыч балык судакты жок кылсак, форелдин жана чабактын да саны көбөйөт», — деп эсептейт Леонид.
Бостериде балык сатуу менен алектенген Евгений Леонидтин оюн четке кагат.
«Судакты жок кылуудан мурда, көлгө башка балыктардын тукумун алып келүү керек. Андан улам, жырткыч балыктар жаңы балыктар менен тамактанып, көлдүн өзүнүн популярдуу балыктары мындан ары өрчүүгө мүмкүнчүлүк алат. Судакты эмес, браконьерлерди жоготуу керек», — дейт балыкчы.
Редактор: Бектур Искендер
Которгон: Кундуз Исмаилова