Эркинбек Исаков. Сүрөт Исаковдун фэйсбуктагы барагынан алынды

«Вечерний Бишкек» басылмасы Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков өзүнүн илимий даражасынан баш тартуу талабы менен Жогорку аттестациялык комиссияга арыз жөнөтүп койгонун маалымдады. Мурдараак Орусиядагы «Диссернет» коому Исаковду 2010-жылы жактаган илимий ишинде плагиат бар экенин айтып айыптап чыккан.

Исаков Жогорку аттестациялык комиссияга (ЖАК) кайрылып, илимий даражадан ажыратууну өтүнүп арыз жазганын «Вечерний Бишкек» басылмасына билдирген.

«ЖАКка өз каалоом боюнча мени окумуштулуук даражадан ажыратуу өтүнүчүн жөнөттүм. Илимий жетекчим экөөбүз бардык катаал талаптарга дал келе турган жаңы илимий иш даярдаганы турабыз», — деген Исаков ЖАКтын төрайымы Бакыт Тыналиева бул чечимди колдогонун кошумчалап.

ЖАКтын кабылдамасынан бул маалыматты такстыктап же төгүндөп бере алышкан жок. Ал жактан Тыналиева жеке өзү бул боюнча комментарий берүүгө тыюу салган деп айтышты.

«Төрайым августта эмгек өргүүсүнөн келгенден кийин гана бул маалыматка комментарий бере алат, ал эми азырынча мен сиздерге эч кандай жардам бере албайм», — деди кабылдаманын кызматкери.

«Клооптун» кабарчысы Эркинбек Исаковдун жеке өзүнө байланышка чыга алган жок. Анын кабылдамасынан да Исаков чет өлкөдө командировкада жүргөнүн айтып, бул маалыматты тастыктап бере алышкан жок. Андан тышкары, мэриянын басма сөз кызматы да Исаковдун окумуштулуук даражасынан баш тартып жаткандыгы боюнча маалыматка «бул анын жеке иши» деп айтып, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Июль айынан башында Орусиядагы «Диссернет» коому Эркинбек Исаковдун 2010-жылы жактаган илимий диссертациясында плагиат тапткан.

Жалпысынан Исаковдун иши 181 беттен турат. Анын ичинен 140 бетте «Диссернеттин» адистери плагиаттын издерин табышкан. Исаковдун ишиндеги көчүрмөлөргө Дагестандын экс-башчысы Магомедсалам Магомедов менен Самара мамлекеттик университетинин мугалими Марина Гагаринанын кандидаттык диссертациялары маалымат булак болуп берген.

Ошондон кийин Исаков өз диссертациясындагы көчүрмөлөрдү «нормалдуу эле» деп атап, бирок Жогорку аттестациялык комиссияга кайрылууну убада кылган.

Исаковдун диссертациясындагы плагиат жөнүндө кененирээк бул жерден окуңуз

«Диссернет» коому 2013-жылдан бери иштеп келет. Анын мүчөлөрү илимий иштерден плагиат издешет. Эгерде ыктыярчылар окшоштуктарды табышкан болсо, алар кайсы иш кечирээк чыкканын (албетте, анда плагиат болот) текшеришет, андан кийин айкалыштарды талдашат.

«Диссернет» орусиялык окумуштуулардын иштеринен плагиат тапкандан кийин алардын ичинен жүздөгөн адамдар өз даражаларынан кол жууп калган. «Диссернет» плагиатчылык үчүн шектеген саясатчылардын арасында Орусиянын Мамдумасынын депутаты Ришат Абубакиров жана Москва шаардык думасынын экс-төрагасы Владимир Платонов бар.

Абубакиров 2015-жылы орусиялык ЖАКтын чечими менен окумуштуу даражасынан ажыратылган, ал эми Платонов ызы-чуудан кийин илимий даражасынан өзү эле баш тарткан.