Постсоветтик өлкөлөрдө мектептен кийин дароо жогорку окуу жайга (ЖОЖ) тапшыруу салты калыптанган.
Жада калса сынак тапшыруу системасы да окуучулар мектепти бүтөөр замат ЖОЖго тапшыруусун шарттайт. Бул система 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнөн университетке өтүүгө керектелген жалпы републикалык тестирлөөнү (ЖРТ) ийгиликтүү тапшырышат деп күтөт. Бирок тесттин жыйынтыктары менен жогорку окуу жайга ЖРТ тапшырылган жылы гана тапшырса болот.
Көпчүлүк ата-энелердин балдарынын жогорку билим алуусу анын ийгиликтүү жана эртең маяналуу жумушка орношусуна мүмкүнчүлүгү бар экендигинин көрсөткүчү.
Ошол эле учурда аларга кечээги мектеп окуучусу, кайсы адистик боюнча, кайда окушу жана кандай билим алгысы келип жатканы маанилүү деле эмес — эң башкысы «башкалардыкындай эле» диплому болушу керек.
Бирок мындан башка да жол бар. Кыргыз тилинде бул түшүнүктүн атайын аталышы деле жок. Ал эми англис тилинде «gap year» дешет. Бул бүтүрүүчү эч жерде окубай, жашоодон тажрыйба алып, кайсы окуу жайга тапшыруу керектигин ойлонуп мектептен кийин (көп учурда бир жыл) тыныгуу алган кези.
Көпчүлүк кыргыздын жаш жигиттери үчүн мындай вариантты колдонуу иш жүзүндө мүмкүн эмес. Эгерде университетке тапшырбай калышса, анда алар; аскер кызматына кетүүгө туура келет.
Бул жагынан кыздарга кыйла эле жеңил. «Клооп» жалпы жумурай журтта калыптанган эрежелерге карабай мектептен кийин бир жыл (кээ бирлери андан да көп убакыт) тыныгуу алып, учурда бул чечимине эч өкүнбөгөн төрт бишкектик кызды тапты. Алар бизге өз окуяларын айтып беришти.
Ойлонуш үчүн тыным алган
Айдай Айдарова 2018-жылдын бүтүрүүчүсү. Айдай университетке шашып тапшырып алып, азыр ага өкүнүп жүргөн студенттердин кеңештерин көп угуп, ал өзү эмне каалап жатканын түшүнүү үчүн тыныгуу алууну чечкен. Башында ата-энеси эмне үчүн кызы мындай чечим кабыл алганын түшүнүшкөн эмес. Бирок кийинчерээк колдоого алышкан.
Азыр мен кай жакка тапшырып, ким боло турганымды билбейм. Менимче бул көп убакыт менен көңүл бурууну талап кылган оор чечим деп ойлойм. Ошон үчүн мен gap year алгам.Мектептен кийин «сен дароо эле университетке же коллежге тапшырышың керек» деген ой мага туура эместей сезилди. Ошондуктан сен кайсы окуу жайга тапшырып, ким болуп чыгышыңды билбесең анда жогорку окуу жайга баруунун зарылчылыгы кандай?
Менимче бул убакытты текке кетирүү, андан көрө бир аз коё туруп ойлонгон жакшы. Шашмалыктын айынан өзүң эңсебеген адистикке тапшырып алып, анан өмүр бою өкүнгөндөн көрө ойлонуп чечим чыгарган туура деп эсептейм.
Буга чейин университеттеги окуусу үчүн өкүнүп жүргөн адамдарды көп жолуктургам. Айрымдары биринчи курстан кийин таштаса, башкалары адистиктерин алмаштырып кетишкен. Кээ бирлери төрт жылдык окууну аяктагандан кийин да өкүнүшкөн.
Кээде адамдар жөн гана университетке өтүү үчүн кайсы бир окуу жайга документ тапшырып коюшат. Анткени ошондой кылыш керек деген түшүнүк менен жашашат. Алар чындыгында келечекте ким болуп, кай жакта иштегиси келээри жөнүндө көп деле ойлоно беришпейт.
Универститет — жөн гана барып келүүчү жай эмес — бул сага жашоодо бир нерсеге жетишүү үчүн курал.
Тыныгуу алгандан кийин эми окуу жайга тапшыра аламбы, бул убакыт аралыгында пайдалуу нерсе кыла аламбы же жокпу деп кабатырланып жүрдүм.
Ата-энем да бул боюнча кабатырланып жатты. Анткени мектепти бүтүргөндөн кийин баары эле ЖОЖго тапшырышат да. Алар мындай чечимге келишиме кандай кароону, эмне дешти билбей жатышты. Анткени, окууга тапшырышымды каалашкан. Бирок мен аларга эмне үчүн тыныгуу алгым келип атканын түшүндүргөндөн кийин гана, менин чечимимди туура, түшүнүү менен кабыл алышты.
Университеттин мааниси келди-кетти, окуду же бүтүрдү, ага төрт жыл убактысын арнады деген мааниде эмес, башкада да.
Универститет — жөн гана барып келүүчү жай эмес — бул сага жашоодо бир нерсеге жетишүү үчүн курал.
Бул жыл аралыгында ыктыярчылык кылып, ар кандай уюмдарга жардам берип, балким өз долбоорлорумду ишке ашырам. Убактымды хоббиме, өзүмө, мага керектүү университетти жана адистикти издөөгө короткум келет.
Саякаттап, чет өлкөдөгү досторума барып, алардын ал акыбалдарын билип келүүнү каалайм. Менимче жашоо кыска жана жөн эле чуркап жүрө берүүнүн кереги жок. Жашоодогу жаңы баскычка аттануунун алдында сенин жашооңдо тыныгуулар болуп турушу керек.
Кыялы үчүн БААУда билим алуудан баш тарткан
Бермет Турман мектепти бүтүргөндөн кийин Кыргызстандын эң эле кымбат жана кадыр-барктуу окуу жайларынын бири болуп саналган Борбор Азиядагы Америка университетине жеңилдик менен өткөн. Бирок чет өлкөдө жашап окуу анын кыялы болгондуктан, аталган сунуштан баш тартып койгон. Анын көздөгөнүн апасы колдоп, азыр Бермет Франциянын түштүгүндө Тулуза 1 Капитолий университетинде «укук жана политология» боюнча бакалаврда окуп жатат.
Мен мындан кийинки жашоомду төмөндөгүчө элестетип баштагам: жогорку окуу жайга тапшырам, анан ошол эле университеттен кайсы бир бала менен жолугушуп, окууну бүтпөй эле 20 жашымда турмушка чыгып, үч бала төрөп, ошо бойдон дүйнө көрбөй өмүр бою Кыргызстанда жашап калам.
Францияда окуганды кыялданчумун. Бирок бул менин үй-бүлөмдүн колунан келбей турганын билип, ал жөнүндө ойлонгондон да коркучумун.
Бир аз акыл токтотуп, апамдын колдоосуна ишенгенимден кийин гана Францияга тапшырууну чечтим. Мектепте окуп жүргөндө үйрөнгөн француз тилимдин В2 деңгээли бар эле. Ал мага Франциянын каалаган мамлекеттик окуу жайына тапшырууга жардам берген.
Мен дайыма саясат жана эл аралык мамилерди окугум келчү. Жада калса француз тилин жакшы деңгээлде билсең да бул ал үчүн жетиштүү эмес болуп калчу. Ошондуктан мен башында жөн гана Францияга барып жашап, тилди жакшыртып, ошондон кийин гана тапшырууну чечкем.
Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетине француз тилинин котормочусуна тапшырдым. Бирок сабактарга кыйратып деле барган жокмун. Анткени, ал жакта бардык студенттер французчаны нөлдөн баштап окушчу.
Ошондо Францияга кетүү мүмкүнчүлүгүн издеп, Au-Pair программасын таптым. Андан кийин 2014-жылы ошо программа боюнча кеттим. Менин gap yearимдин биринчи жарым жылдыгы асыроочу үй-бүлөө издөөгө, жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документ даярдоого жана менин тандоомдун туура же туура эместигине карата күмөн саноолорума кетти.
Так ошол учур мүнөзүмдү чыйралтып, өз пикиримди туу тутуп, мен үчүн эмне жакшы болоорун карманганга үйрөттү.
Мен эмнеге БААУдагы жеңилдиктен жана чет тилдер факультетине тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартып койгонумду түшүнбөгөндөрдүн сынына кабылдым. Мындай мүмкүнчүлүктөн баш тарткандан кийин колуман эч нерсе келбей ийгиликсиз болуп каламбы деп абдан коркуп жүрдүм.
Стресс болуп жүрдүм. Бирок күмөн саноолорумду эч кимге көрсөткөн жокмун. Менимче так ушул учур мүнөзүмдү чыйралтып, өз пикиримди туу тутуп, мен үчүн эмне жакшы болоорун карманганга үйрөттү.
Ал эми январь айынан тарта Францияда жашап, француз тили боюнча ийримимди төлөп, майда-чүйдө чыгымдарым үчүн акча берген мыкты асыроочу үй-бүлөмдө бала баккыч болуп иштеп калдым. Андан сырткары, бир аз саякаттоого, Францияны жакшы көрүп калууга жана белгилүү адамдарга ылайыкталган Париждин жашыруун отелдеринин биринде иштегенге да үлгүрдүм.
Менин gap yearимдин экинчи жарым жылдыгы алыскы өлкөдө жашоого жана тиричилик кылуу үчүн иштөө керектигине үйрөттү.
«Укук жана политология» адистиги боюнча Тулуза 1 Капитоль университетине документ тапшырып, ийгиликтүү өтүп кеттим. Азыр мен бул адистик боюнча бакалаврды аяктадым жана буга эч өкүнбөйм.
Тулуза шаарын ар кандай ойлордон улам тандадым: түштүктөгү жылуураак жай, Капитоль — Франциядагы мыкты университеттердин бири. Бул чакан студенттик шаарча, менин сүйүктүү жазуучум Бернар Вербер да ушул шаардан чыккан.
Азыр мен агым менен кошо акпай, күткөнүм үчүн абдан кубанычтамын.
Мажбур кылган тыныгуу жана жигердүүлүк
Галина Соколова мектептен кийин тыныгуу алганга мажбур болгонун айтууда. Ал классташтарынын начар мамилесинен улам 9-класстан кийин мектептен кетип, бир нече жолу жогорку билим алууга аракет кылган. Бирок ар кандай себептер улам майнап чыккан эмес. Акыр-аягында ал баары бир универститетти аяктап, бирок Кыргызстандын окуу жайларындагы билим берүүнүн сапатына нааразы болгон.
Gap years алганга мажбур болгом. Мектепте тогузга чейин гана окудум. Анткени классташтарым тарабынан болгон кысымга чыдабай калгам. Балдардын райондук китепканасында же стадиондо китеп окуп сабактарга барчу эмесмин. Бүткүл тогузунчу класс бою окугум келчү сабактарды өзүм тандадым. Мектепке айлап келбей койчумун. Аны эч ким деле байкачу эмес. Байкалбай жүргөнүм мен үчүн коопсуздукта жүргөнүмдү түшүндүрчү.
Сынактарга жакындаганда классташтарым мени издеп, чочута башташты. Ушунчалык катуу чочутуп коюшкандыктан сынакты тапшырып, документтеримди алып кетип калыпмын. Мени эч ким кубалаган жок, окуп бүтүрсөм болмок, бирок мага эч ким бул жөнүндө айткан жок.
Андан кийин жарым жыл тамак-аш бышыруу боюнча коллежде жүрүп, ал жактан бат эле качып кеттим. Кийинчерээк эки жылдын ордуна бир жылда орто кесиптик билим алуу менен Бишкектин архитектура-курулуш техникумун окуп бүтүрдүм.
Москвада эки жыл иштеп акча чогултуп, Бишкекке келип келишимдик негизде университетке тапшыра алдым.
Кабыл алуу комиссиясында дизайн менен архитектуранын ортосунда кайсынысын тандоо керектигинене ыргылжың болуп, документ кабыл алып жаткан аялдан кеңеш сураганым эсимде. Ал архитектура эркектер үчүн деп жооп берди. Мен дароо эле архитектураны тандап алдым.
Акчанын тартыштыгынан улам аягына чейин окуп бүтүрө албай калдым. Жакындарымдан жардам күтүүгө болбос эле, себеби ошол учурда мен ачыкка чыгып, кыз менен жолугушуп жүргөнүмдү айткам. Бул өз кезегинде алар мага жардам берүүдөн баш тартып, «жазалоо» үчүн себеп болчу. Үчүнчү ирет архитектурага тапшырууга күчүм деле калбай калган. Бирок ошентсе да бул дайыма мага жаккан тармак бойдон калды.
Архитектурадагы окуу сенин болгон убактыңды алат. Сен заматта реферат көчүрө калып, зачет тапшыра албайсың. Бир гана колуңа калемсап алып, чийип, тартып жана чапташың керек. Окуу менен жумушуңду айкалыштыра албай каласың.
Андан соң беш жыл тыныгуу болду. Окууну улантууну пландабай калган элем. Бирок абдан активдүү болуп кеттим. Курбум менен бирге феминисттик уюм түзүп, кылган ишиме маашырланып, бактылуу болуп жүрдүм. Айланамда менде эч качан болбой турчу, ар кандай окуу жайларды бүтүргөндөр же студент кыздар жүрүп алгандыктан, жумуш менен бирге алып кетүүгө боло турган окуу жөнүндө ойлонуп калдым.
Ошентип окуу процесси жеңил болгон Агрардык университетин тандап алдым.
Курсташтарым менен жаш курагыбыздын айырмасы чоң болгондуктан, сабактарды таптакыр башкача кабыл алчумун. Университетте кантип жана эмне кылып сабак өтүп жатканына байкоо салып, кээде чочуп да кетчүмүн.
Мисалы, мени мугалимдин «үйсүз адамдардын пайдасы жок» деген пикири же ГМО-технологиялар жөнүндө кептер кабатыр кылды. Ачык сексизм жана бизди дени сак тукумду өндүргөн жандыктар менен салыштыруу бар болчу.
Студенттер эгерде мугалим туура эмес айтып жатса деле, алар менен талаша алышпайт же талашканды билишпейт. Ал жакта тартип болгондугу үчүн эле бул катаал эмес — бул сенин эркин ойлоруң менен аракетиңди басмырлоо. Студенттик жашоо бийлик менен мамиле түзүүгө жана амалдуу болууга үйрөтөт. Университет — бул өлкөдө үстөмдүк кылган бийликтин кичинекей дүйнөсү.
Мен эмне үчүн окууну аягына чейин окуп бүтүрүүгө бардым? Анткени өзүмдүн интеллектуалдык жетилгенимди мыйзамдаштырууну кааладым. Эмне үчүн биз никени же жашаган жерибизди каттатабыз? Анткени ресурстарга көбүрөөк кол сунуп, көбүрөөк артыкчылык алгыбыз келет. Кээде бул бизге жөн гана жагат.
Кандай гана жол менен алынбасын, ар бир билим бизге кызмат кылат жана кайсы бир жерде пайдаланылат. Бирок «колуман келет, билем» жана «дипломуңду көрсөт» деген нерселердин ортосундагы эки дүйнө кагылышып калган кырдаал жаралып калышы мүмкүн.
Өтпө калды, дагы өтпөй калды, анан өзүнүкүн тапты
Мектептин көптөгөн бүтүрүүчүлөрү сыяктуу эле Алтын Капалова сөзсүз түрдө университетке тапшырышым керек деп ишенген. Ал эки жолу өзү каалаган факультеттеги акысыз окууга өтпөй калган, бирок колун шилтеп басып кетпей чынында окуп үйрөнгүсү келген багытты таап, бюджетке өтүп кеткен.
Мен окууну бүтүп жатканда келечектеги жалгыз жол — бул университетке тапшыруу деп ишенчүмүн. Көп ойлонуп отуруп эки адистикке токтолдум: тарыхчы жана журналист.
Апам тарыхчы болуу идеясын колдогон жок. Ошентип журналистика адистигин тандадым. Тандадым дебейм — мен өтпөй калдым. Бул нерсени жүрөгүмө өтө жакын кабыл алганым үчүн мага трагедия болду.
Жашымды көлдөтүп келип, керебетке бүк түштүм. Канча экени эсимде жок. Бир нече күн төшөктөн баш көтөргөн жокмун. Агам кыжаалат болуп, чөйчөктөп суу жада калса тамак-аш ташып келип берип атты (ал агрардык окуу жайына өткөнү менен окуусун улантууну каалаган эмес).
Бир нече күндөн кийин төшөктөн туруп, жерде жаткан юбкамды кийдим. Бүчүлөсөм эле юбкам белимден шыпырылып кетти. Кабатыр боло берип арыктап кетипмин.
Ыйлап жата берип бюджеттик окуу жайларга тапшыруунун мөөнөтү өтүп кетиптир. Эми келишимдик негизде окууга тапшырууга гана болот эле. Немис филология факультетине тапшырдым. Жарым чейрек окуп, төлөгөнү келгенде чыгып кеттим.
Иштеп акча тапчу эмесмин. Ошондуктан бул апама карата туура болбой калат деп ойлодум. Окуунун акысы апамдын бир жылдык маянасына барабар болчу. Ошентип мектеп окуучуларына немис тилинен жеке сабактарды берип, кафеде официант болуп, бала багуучу болуп иштеп акча таап жүрдүм. Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү болчу. Көп ойлондум.
Менин балдарымда кайсы университетке баруу керек деген тандоо болбойт. Аларда университетке барып же барбаш керек деген тандоо болот.
Жаңы келген жылы кайрадан немис филология факультетине (бюджеттик бөлүмгө) тапшырып, дагы өтпөй калдым. Бирок бул ирет биринчи жолкудагыдай ыйлаган жокмун. Ошондо мен бул акыр заман эмес экенин түшүндүм.
Көңүл көп бурулган адистиктердин бардыгын иликтей баштадым. Бирок баары бир эле каржы маселеси жүрөктү өйүтүп турду. Ошондуктан мен баасы эң эле төмөн адистиктерди караштырып жүргөм.
Бул тизмени изилдеп жүрүп «исскуство таануу» адистигин таап алып, абдан таң калдым. Мындай адистик бар экенин таптакыр билген да, уккан да эмесмин. Андан соң бул адистиктин алкагында өтүлчү сабактарды көрүп абдан кубандым: тарых толугу менен, кат жазуу жөндөмүн өнүктүрүү боюнча сабактар, анан да сүрөт тартууну үйрөтүү! Бюджеттик орундан бар экенин угуп ого бетер кубандым.
Мен бюджетке өттүм. Беш жыл бою күн чыккандан күн батканга чейин окудум. Жогорку окуу жайдан тышкаркы бир жыл мага адистикти тандоо жана окуу процессине олуттуу киришүүгө жардамын тийгизди.
Жакында эле балдарым «Апа, мектептен кийин эмне болот? Биз университетке барабызбы?» деп сурашты. Ошондо мен «Жок, барсаңар да барбасаңар да болот. Өзүңдү табуунун жана билим алуунун түрлөрү көп. Мисалы; техникумга барса болот, дачага кетип ал жактан кандайдыр бир жер-жемиштерди өстүрсө болот» деп жооп бердим.
Менин жообумду уккандан кийин балдар кимисине эмне жагаары жөнүндө толтура кыялдары менен бөлүшүштү. Алардын бирөөсү да университеттен билим алууну каалашпаганын түшүндүм.
Билим алуу маанилүү, бирок ал сөзсүз түрдө эле университетте билим алуу керек деген түшүнүктөн түзүлбөшү керек. Менин балдарымда кайсы университетке баруу керек деген тандоо болбойт. Аларда университетке барып же барбаш керек деген тандоо болот.
Макала жактыбы? Эгер жагып, адамдар аны көп окусун десеңиз, макаланы бөлүшүңүз.