Өткөн жылы 18-августтан 19-августка караган түнү Бишкектин борборунда Патрулдук милиция башкармалыгынын (ПМБ) кызматкерлери мотоциклистти кубалашкан. Кубалоо кырсык менен аяктап, «Сузуки» үлгүсүндөгү мотоцикл катуу ылдамдыкта «Тойота Пассону» сүзүп алган. Анда мотоциклист менен машинанын жүргүнчүсү каза болуп, дагы үч адам жабыркаган.
Жабырлануучулардын арасында кыргыз боксунун легендасы Орзубек Назаровдун кызы Аделина Назарова да бар болчу. Ал мотоциклисттин артында отурган жана аман калган. Аделина 10 күн бою көптөгөн жаракаттар менен комада жаткан кезде анын атасы кан донорлорун издеп, 2 күндүн ичинде Назаровдун кайрылуусуна 800дөн ашык адам үн каткан.
Кийинчерээк кызматтык иликтөө мотоциклистти кубалоо негизсиз болгонун көрсөткөн. Милиция кызматкерлери өз аймагында болушкан эмес жана жол коопсуздук эрежелери боюнча талаптарды бузушкан. Аларга карата ыйгарым укуктарынан аша чабуу жана жабырлануучуларды кооптуу абалда калтыруу беренелери менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери жол кырсыгынан кийин окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.
Сот ордунан жылган жок
Кырсык болгон учурдан бери бир жыл өттү. Тергөө аягына чыгып, иш сотко өткөрүлгөн. Бирок сегиз айда миллиционерлерге каршы процесс эч бир жылган жок. Сот отурумуна прокурор келсе күбөлөр келбей коёт, күбөлөр келсе прокурор же адвокат же айыпталуучулар өздөрү келбей коюшат.
«Клооптун» кабарчылары катышкан акыркы отурум 8 мүнөткө созулуп, анда прокурор менен күбөлөрдөн тышкары дээрлик бардыгы келишкен. Судья отурумду жылдырып, катчыдан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) күбөлөрдүн катышуусун камсыз кылышын өтүнгөн.
8 айдын ичинде сотто күбөлөрдүн бир бөлүгүн гана суракка алышкан. Баарынан биринчи ИИМдин өкүлдөрү көрсөтмө беришкен. Ал эми Назаров болсо алардан моралдык зыян келтиргени үчүн 10 миллион сом компенсация талап кылууда.
Орзубек Назаров отурумдар ар бир бейшемби күндөрү өтөөрүн, бирок процесс «ордунан жылбай жатканын» айтууда: «Мисалы, мурдагы бейшембиде соттолуучу адвокатын алмаштыргандыгы үчүн ишти дагы бир аптага жылдырып коюшкан».
Каза болуп калган мотоциклисттин эжеси Юлиянын айтуусу боюнча, отурумдар көп жылдырылат: «Айыпталуучулардын тартипсиз мамилеси үчүн эч кандай жылыш жок. Бирөөсү келбейт же экинчиси келбейт, же адвокаты жок».
Аделина өзү соттук отурумга көрсөтмө берип жаткан кезде бир эле жолу катышкан. Анын айтымында, ал учурда суроолорго жооп берүү «эмоционалдык жактан оор болгон».
«Ал кеч тууралуу эсимде болгондорду айтып берсем деле мага окшош суроолорду берип жатышты. Бирок алар (айыпталуучулардын адвокаты) мени укпагандай жана көрбөгөндөй мамиле жасап, акырында болду жетишет дегем», — деп эскерет Аделина. Мушкердин кызы ал күнү аны ыйга чейин жеткирип коюшканын айтууда.
Анын айтуусу боюнча, ал бир нече операцияны башынан өткөргөн. Жол кырсыгынын айынан ал башын кокустатып, сан сөөктөрүн сындырып жана көптөгөн майда сыныктарды алган.
Операция бутка турууга жардам берди. Бирок реабилитация дагы бир нече жылга созулат. «Мен [баш-мээ жаракатынан улам] жинди болуп калуудан коркком. [...] Өзүмдү камактагыдай сездим», — дейт ал.
Жол кырсыгы болгон жер
Айыпталуучулардын биринин адвокаты Миновархан Мамбетова бул ишти жаңы эле алганын жана мурдагы сот отурумдарына комментарий бере албасын айтууда.
«Мен бул ишке жаны эле кириштим. Мага чейин менин жактоого алган адамымдын башка адвокаттары болгон. Бирок мен отурумдардын жылдырылышынын себептери көрсөтүлгөн иштин материалдарын карап чыктым», — дейт ал.
Отурумда жактоочу соттон милиция кызматкерлердин бирөөсүн котормочу менен камсыздандырууну өтүнгөн, себеби ал орус тилин түшүнбөйт. «Ага айыптоо чечими чыкканда, ал эч нерсе түшүнгөн эмес», — деп билдирди ал.
Мамбетова анын коргоого алган адамы өзүнүн пикирин маал-маалы менен өзгөртүп жатканын айтат. Анын пикирлери иштин материалдарына дал келбейт. Милиция кызматкеринин акыркы позициясы анын жол кырсыгы болгон жерде болбогондугунда дейи ал.
«Анын пикири мындай, ал окуя болгон жерде болгон эмес жана ал күнөөлүү эмес», — дейт ал.
Милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголгон:
305-берене — Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу. Ал боюнча белгилүү кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу жана мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жаза чарасы каралган.
121-берене — оор кесепетке түрткү кылган кооптуу абалда калтыруу. Ал боюнча үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жаза чарасы каралган.
Авторлошу: Айгерим Казыбаева