29-майда Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө жол берген бул бөлүмдүн милиционерлеринин үстүнөн биринчи сот отуруму кандай өткөндүгүн айтып беребиз.
11-сенбярь эртең мененки саат 10:00, Кара-Балтадагы Жайыл райондук соту. Сот отурумунун залы өтө кичинекей болгондуктан маркум Бурулайдын үй-бүлөсү менен соттолуп жаткан жергиликтүү ИИБдин мурдагы милиционерлери жанаша отурушат.
Эки адвокат менен соттолуп жаткандардын бирөөсү кечигип келгендиктен сот бир сааттан кийин гана башталды. Беш соттолуучу менен алардын адвокаттары саат 11:00гө чогулушту.
Жабыркаган тараптын атынан Бурулайдын ата-энеси Турдалы жана Гүлсара Кожоналиевдерден тышкары анын эжелери да келишкен.
Сотко ишенбестик
Отурумдун башында Бурулайдын үй-бүлөсүнүн адвокаттары Назира Абдумуминова менен Эсения Рамазанова сот менен прокуратурага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышты. Алар сот менен прокуратура тарабынан териштирүү адилетсиз болот деп кооптонуп, ишти Бишкекке өткөрүп берүүнү суранышты.
«Кылмыш иши боюнча өтүп жаткандардын бардыгы [Жайыл районунда] жашап, ар кандай кызматтарда ИИМ органдарда иштешкен», — деп түшүндүрдү Рамазанова. Анын кесиптеши тергөө учурунда милиция бөлүмүнөн байкоо камераларынын жазуулары өчүрүлгөндүгүн кошумчалады.
«[Алар] милиция кызматкерлеринин тиешесин тастыктап бере алмак, балким, жөн гана шалаакылык эмес, башка кылмыштуу аракеттерди да», — деп түшүндүрдү Абдумуминова Бишкекте жашаган Бурулайдын атасына ден соолугуна байланыштуу сотко Кара-Балтага келип кетүүгө кыйын болуп атканын кошумчалап.
Ал эми мурдагы милиционерлердин адвокаттары бул суранычты четке кагууну суранышты.
«Бүгүн соттун биринчи отуруму. Кантип сиз судьянын калыссыздыгы жөнүндө айта алмак элеңиз? [Соттолуп жаткандар] милиция органдарында иштешкен — бул деген алар прокурорду же судьяны көзөмөлдөшөт дегенди билдирбейт, — деп кыжырданды алардын бирөөсү Урмат Чырмашев, бир маалда күтүүсүз жерден коргоп жаткан адамдары жөнүндө сөз улантып. — Алар шалаакылык кылып, байкоо камераларындагы [жазууларды] өчүрүп салышканы — бул аталган билдирүүгө тиешеси жок».
Судья Акылбекова бардык тараптардын пикирин угуп чыгып, танапис жарыялап, кеңешүү бөлмөсүнө кетип калды. Бурулайдын үй-бүлөсүнүн адвокаттары эгер сураныч канааттандырылбаса эмне кылышаарын талкуулай башташты. Алардын талкуусун кыздын атасы кунт коюп угуп, ал эми апасы чечимди кабатырланып күтүп отурду. Ал эми соттолуп аткандардын адвокаттары бул учурда дубал артындагы тамеки чеккен жерде сүйлөшүп, каткырып турушту.
Судья ойлонууга бир саат кетирип, кайтып келгенден кийин ишти Бишкектин Аламүдүн райондук сотуна өткөрүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандырыш үчүн негиз жетишсиз деп четке кагып койду.
Бурулайдын үй-бүлөсү менен анын адвокаттары нааразы. Алар кайрадан судьяга ишеним көрсөтпөө жана аны четтетүү керектиги жөнүндө айтышып, бирок алардын бул өтүнүчү да четке кагылды.
«Күнөөмдү мойнума алам»
Акыр-аягында сот териштирүүгө киришти.
Прокурор Турдумаматов соттолуп жаткандарга «шалаакылык жана милдеттерди так аткарбоо» деген айыптарын угузду. Ошол себептен улам адам өлтүрүү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшов милиция бөлүмүнөн Бурулайга бычак менен кол салган.
Судья соттолуп аткандардан күнөөсүн моюнга алып-албасы жөнүндө сурады. Мурдагы тергөөчү Эржан Кадышев күнөөнү моюнга алуудан баш тартып, ал эми анын кесиптеши, мурдагы ага инспектор Замир Айткожоев күнөөсүн мойнуна алды.
«Мойнума алам», — деди ал.
«Жарым-жартылайбы?» — деп үйрөткөндөй суроо берди судья.
«Ооба», — деп жооп берди Айткожоев.
Анын артынан күнөөлөрүн жарым-жартылай Мирлан Макеев, Ильич Иманалиев жана Замир Байтереков мойнуна алышты.
Мындан кийин сот күбөлөрдү, анын ичинде Бурулайдын атасын да сурашы керек болчу, бирок жабыркаган тараптын адвокаттары отурумду Бишкектеги дагы башка отурумдун айынан башка күнгө жылдырууну суранышты.
Тараптар отурумду 24-27-сентябрда улантууга макул болушту.
Бурулай үй-бүлөнүн кенже кызы болчу жана врач болууну кыялданып жүргөн. Аны кантип ала качып кеткени, өлтүрүлгөнү жөнүндө окуя менен таанышыңыз: