Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, казак бийлиги Алматы аэропортунан кошумча текшерүүлөрдү жүргүзбөйт. «Клооптун» редакциясы эмне үчүн казак ТИМнин жаңы билдирүүсү жалган экенин түшүндүрөт.
Контекст: Кыргызстандыктарды Алматы аэропортунан текшерүү жана суракка алуу 2017-жылдан аягында башталган. Алгачкы айларда кыргызстандыктар Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) кызматкерлеринин үстүнөн арызданышкан. Кыргызстандын жарандары алардын орой мамилесине, телефондун жана анын ичинде сакталган маалыматтарды текшерип жатышканына нааразы болушкан.
2018-жылы жайында бир катар жарык көргөн маалыматтардан кийин атайын кызмат текшерүүнү жеңилдетип, сылыгыраак мамиле жасап калган. Ошол убакыттан тарта УККнын кызматкерлери телефондун IMEI коддорун көчүрүп алып жатышканына байланыштуу нааразычылыктар азайган.
Кыргызтандын ТИМи 2018-жылы май айында кыргызстандыктарды текшерүүнү «ашкере» деп атап, Казакстандын бийлигин бул эмнеге байланыштуу экенин түшүндүрүп берүүсүн талап кылган. Казакстан аларды «терроризмге каршы күрөш» деп түшүндүрүп, бирок текшерүүнү токтоткон эмес. Алар Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарына да ушундай эле мамиле жасап келет.
Эмне болду? Кыргыз ТИМи өз жарандарынан жаңы даттануулар түшкөндөн кийин 14-сентябрда Казакстандын элчисин чакырып, ага Казакстандын атайын кызматтарынын аракеттерине карата нота тапшырган. Андан үч күн өткөн соң казак ТИМнин басма сөз катчысы Айбек Смадияров төмөнкүлөрдү билдирген:
«Жалпысынан, казак тарап дүйнө мамлекеттеринин бир да жаранына карата атайын текшерүү жүргүзбөгөнүн ырастайбыз. Казакстан Республикасынын мамлекеттик көзөмөл өткөрмө бекеттеринен өтүүдө бардык процедуралар жалпы эл аралык кабыл алынган жобого жана талаптарга жооп берет».
Бул билдирүүдө жок эле дегенде эки чындыкка коошпогон маалымат бар.
№1 калп: Казакстандын бийлиги «дүйнө мамлекеттеринин бир да жаранына карата атайылап текшерүүлөр жүргүзүлгөн жок» деп ырастоодо. Бул калп.
«Клооптун» журналисттери адамдардан чогулткан көрсөтмөлөрүнө ылайык Алматы аэропортунан кошумча текшерүүгө алар Кыргызстандын, Казакстандын же Өзбекстандын жарандары болгондугу аныкталгандан кийин кабылып жатышканын айгинелеп турат.
Жаннат Турдумбаева 18-июлда Стамбул каттамы менен Алматыга келип конгон.
Анын айтымында, жүргүнчүлөрдүн бардыгы чек ара көзөмөл залына өтөөрү менен казак чек арачыларынын бири «Кыргыздар, кыргыздардын бардыгы бул жакка өткүлө!» деп кыйкыра баштаган.
Буга окшош окуяны Алматыга учуп келген Кыргызстандын башка жарандары деле айтышууда. «Кезек күтүп жаткан жерге кызматкер келип өктөм жарыя кылды: Кыргызстандын жарандары менин артыман баскыла», — дейт Зарема Султанбекова.
Бирок казак чек арачылары дайыма эле мындай жарыя кыла беришпейт. Кыргыз жарандары башка жүргүнчүлөр менен кошо жалпы кезекте турганда паспортторун көрсөтөөрү менен аларды өзүнчө бөлмөгө ээрчитип кетишкен учурлар кыйла эле көп катталган.
Ольга Труханова мурдагы жылдын күчөтүлгөн текшерүүлөрүнүн биринчи толкунуна кабылган. Ошондуктан ал Казакстандын атайын кызматынын өзгөчө орой мамилесине кабылган.
«Ноябрда Киевден учуп келдик. Узак кезек күтүүдө турганбыз. Бирок кезегибиз жетип калганда бизди (колубузда паспортторубуз бар болчу) чыгарып кетишти. Ошондо дароо эле белгисиз бөлмөгө кирип чыгышыбыз керектигин айтып эскертишти. Ошентип ал жерден да кезекте туруп калдык», — дейт ал.
Ольга жана башка кыргыз жүргүнчүлөрү атайын кызматтын жумушчуларынын дыкат тешкерүүсү жөнүндө сурашкан. Алар текшерүүнү «терроризмге каршы күрөш» деп түшүндүрүшкөн.
«Алар текшерип жатканда нааразы болуп аттым. Менин ачууланганымды көрүп, “Арыз жазсаңар болот” дегенсип коюшту. Паспорттун бардык бетин сүрөткө тартып, сурашты: Качан кеттиң эле? Кай жакка? Эмне үчүн? Эмне жумуш кыласың? Казакстандан качан кетесиң», — деп эскерди Труханова.
Жарым жыл өтүп, Ольга кайрадан Тбилисиден Алматы аэропортуна учуп келген. Бул учурда да кайрадан ошол эле сурак бөлмөсүнө кирип чыгууга аргасыз болгон. Анын айтымында, бул жолкусунда ага сылыгыраак мамиле кылышкан.
«Бул жолу кызматкерлер дароо эле бөлмөгө кирип чыгышыбыз керектигин эскертишти. Бөлмөдөгү эркектер сылыгыраак мамиле жасашты, паспортту карап, Казакстандын аймагынан качан кетээримди сурашты», — деп баяндады Труханова.
Жыйынтык: Казакстандын бийлиги атайылап эле Кыргызстандын жарандарын текшерип жатат. Чогултулган көрсөтмөлөргө ылайык, чек арачылар менен УККнын кызматкерлери Стамбул, Киев жана Тбилиси каттамы менен Алматыга келгендерди текшеришет. Андан тышкары, Шанхайдан учуп келген кыргызстандыктар да текшерилген учурлар катталган.
УККнын кызматкерлери соңку жарым жылда өздөрүн сылык алып жүрө баштаганы менен текшерүү фактысы дале болсо өзгөрүүсүз калууда. Ошол эле маалда текшерүүлөр ирээттүү жана уюштурулган түрдө болууда.
№2 калп: «Казакстан Республикасынын мамлекеттик көзөмөл өткөрмө бекеттеринен өтүүдө бардык процедуралар жалпы эл аралык кабыл алынган жобого жана талаптарга жооп берет» деген экинчи ырастоо да жалган.
УККнын кызматкерлери кыргызстандыктарды себепсиз эле дыкат текшерип, орунсуз суроолорду берип, телефондордун IMEI коддорун жазып алуу менен алардын жеке жашоосуна кийлигишип жатышат — бул өз кезегинде 1966-жылы кабыл алынган Саясий жана жарандык укуктар жөнүндө эл аралык актты бузуу болуп эсептелет. Казакстандын бийлиги бул документти 2005-жылы ратификациялап, ал 2006-жылы күчүнө кирген.
Дилнура Нибиджан бир катар эл аралык жоболордун бузулушун башынан кечирген Кыргызстандын жарандарынын бири. «Мага толгон-токой суроо беришти — аты-жөнүң ким, кай жакта жашайсың, эмне иш кыласың, Бишкектеги дарегимди жазып калышты, телефонумду алып алышты, IMEI кодду көчүрүп калышты, Украинага барган максатымды, ал жерде жашаган жеримди, эмне кылып жүргөнүмдү сурашты», — дейт ал.
УККнын кызматкерлери ар башка убакытта Тбилиси менен Киевден Алматыга учуп келишкен кыргыз журналисттери Савия Хасанова менен Нуржамал Жанибекованын да телефондорунун IMEI коддорун көчүрүп алышкан.
Жыйынтык: Алматы аэропортунан кыргызстандыктарды себепсиз эле дыкат текшерип, алардын телефондорунун IMEI коддорун көчүрүп, суракка алган УККнын кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн жеке жашоосуна кийлигишишкен. Бул эл аралык жоболорду бузуу болуп саналат.
Эгер УККнын кызматкери же чек арачы абдан көп суроо берип, IMEI кодду сураса эмне кылуу керек?
Биринчи — текшерип жаткандардын документтерин талап кылуу керек. Юрист Эдил Эралиев УКК «кылмыштарды алдын алуу үчүн» чет элдиктердин документтерин текшерүүгө укуктуу деп айтууда. Эгер УККнын кызматкери кароо бөлмөсүнө өтүүнү талап кылса, баш тартууга болбойт. Бирок документтерди талап кылып, сурактын себебин сураса болот.
Эралиев УККнын кызматкери IMEI кодду (козголгон иш же санкция жок болсо) көчүрүп кала албасын, андан тышкары, орунсуз суроо бере албасын айтат. Анткени жеке жашоого кийлигишүү болуп калат. Бул сотто даттанып ала турчу укук ченемдеринен тышкаркы аракеттер.
Бирок кыргызстандыктар көптөгөн учурларда сотко кайрылышпайт. Себеби алар Казакстандын аймагында транзит менен гана болушат. Ал эми сот териштирүүлөрү үчүн убакыт керек деп түшүндүрөт Нурбек Токтакунов.
Ал бул маселени укук талаасында эмес, саясий аянтта чечиш керек деп эсептейт. Токтакунов кыргызстандыктарды Алматы аэропортунда текшерүү көйгөйүн кыргыз бийлиги токтотуп коё алмак деп айтууда. Бирок ал Казакстандан көз каранды болгондуктан чече албайт.
«Алар “Биздин жарандарга сый мамиле кылгыла” деп айтышы керек болчу. Ал эми бул үчүн [кыргыз] бийлиги өзүн жана элин сыйлашы керек. Эгер бийлик элин сыйлабаса, анда ал кантип чет жактын сыйына кантип татымак эле?» — деп суроо салды Токтакунов.
Жыйынтык: Эгер кыргызстандыктар жеке жашоого болгон укуктары бузулду деп эсептешсе, анда сотко кайрылуусу керек. Бирок муну чоочун өлкөдө кылуу — бул убакыт (жана акча) коротуу дегенди билдирет. Кыргызстандыктарды текшерүү боюнча көйгөйдү бийлик чече алмак. Бирок чече албайт.
Кыргызстандыктар коомдук желеде УККнын кызматкерлерин урушканы менен кат жүзүндө арыз жазгандар аз
Кыргызстандын ТИМине караштуу маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев мекеме кыргызстандыктардын атынан УККнын кызматкерлеринин Алматы аэропортундагы аракеттерине байланыштуу көп деле арыз албаганын «Клооптун» журналистине айтып берди.
«[Арыздар] абдан аз түштү. Маалымат кимдир бирөөнү [катуу] текшерип, ал киши эсин жоготуп кулап калган кездерде гана коомдук тармактардан чыгып калат. [Бирок] кыргызстандыктардан [ТИМге] массалык кайрылуулар түшкөн эмес», — дейт Азымбакиев.
Бишкектик Умай Арыкова августта кыргыз жарандарын чогултуп, Кыргызстандын ТИМине көптөгөн даттанууларды жөнөтүүгө аракет кылган. Бирок казак УККнын сурагынан өткөн жүздөгөн адамдын ичинен расмий арызды болгону анча-мынчасы эле жазган.