Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетинде соодагерлердин жүгүн ташып иштеген топтор бар. Аптап болобу, суук болобу алар оор жүктөрдү өз буюмундай кылып көтөрүп алышып, узун кезектерде турушат. Бригада болуп жүк ташыгандардын окуясын «Клооптун» кабарчылары Динара Абдижапарова жана Тажикан Кайым кызы угуп келди.
Ош шаарынан алыс эмес жайгашкан кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекети. Аптанын кайсы күнү болбосун мында эл кымкуут, чубалган кезек.
Бекетке жакындай бергенде оң жактагы катар тизилген дүкөндөрдүн арасында кобурашып, товарларды салыштырып, бөлүштүрүп иштеп аткан адамдардын тобуна көзүң түшөт. Булар чек арадан атайын жүк ташып иштеген мандикерлер.
Оштогу Кара-Суу базарында соода кызыган бейшемби жана жекшемби күндөрү мында жүк ташып иштегендердин эле саны 500гө чейин барат. Бир топто 8ден 15ке чейин киши иштейт. Алар көбүнесе соодагерлердин оор салмактагы товарларын бөлүштүрүп алып, Кыргызстандан Өзбекстанга өзүнүн буюмундай кылып ташып, өткөрүп беришет.
Колуңда оор товарың жок болуп, соодагердей көрүнбөсөң алар сени байкабайт деле. Алардын жанына басып бардык. Ошончо көп жүк ташуучулардын арасынан Анара Хасанбоеваны* байкабай коюу мүмкүн эмес болчу. Анткени ал кош бойлуу эле. Анара төртүнчү наристеси 2-3 айдан кийин дүйнөгө келээрин айтты. Былтыр, 2017-жылы 6-сентябрда, чек ара ачылгандан бери ал жүк ташып иштеп келатыптыр.
Өзбекстандык Анаранын командасында сегиз адам бар: кош бойлуу болгону үчүн жеңил жумушту өзү жасап, товарды кабыл алып турат, калгандары эки-үчтөн бөлүнүп, бири товарды бөлүштүрсө, экинчиси баштыктарга салат. Дагы бир-экөө таңгакталган баштыктарды таразага тартып атышты.
«Тиричиликке акча керек экен, ушул чек арадан тыйын таап, балдарыбызды багып жүрөбүз. Күйөөм да бригадамда товар ташып иштейт. Үч балам бар, эми төртүнчүсүн күтүп жатабыз», — дейт Хасанбоева.
Анын түшүндүрүшүнчө, товар бөлүштүрүүнүн да өзүнчө эрежеси бар. Мисалы, бир баштыкка жалаң жоолук салууга болбойт экен. Аны ар башка баштыкка 3-4 дааналап бөлүп чыгуу зарыл.
«Ар бир баштык жүк ташуучунун өзүнүн жеке буюмундай көрүнүшү керек. Мурда бир күндө бир нече жолу өтчү элек. Азыр болсо күнүнө 2-3 жолу өткөндөрдү депортация кылып салып жатышат. Ошон үчүн эреже бузбай, шек алдырбаганы аракет кылабыз», — деди Хасанбоева.
Анаранын бригадасы сыяктуу жүк ташып иштеген топтор былтыр чек ара ачылгандан бери пайда боло баштаган. Алар өткөрүп берген бир килограмм жүк үчүн 5000 өзбек сумун алышат (бул болжолдуу 40 кыргыз сомуна барабар). Бирок бир мандикердин чек арадан өткөрүп бере турган жүгү 10 килограммдан ашпашы кажет. Эгерде бир баштыктын салмагы чектен ашып кетсе, анда ашыкча товарды өзбек чек арачылары алып коюшат экен. Алар эмгек акысын жүктү өзбек тарапка өткөрүп бергенден кийин алышат.
Чек арадан жүктү өткөрүп берүү өзүнчө бир машакат окуя. Өзүн этникалык кыргыз деп тааныштырган өзбекстандык Турдали Акрамов* бул оңой оокат эмес дейт.
Турдали бекетте 3-4 сааттай убактысын кезек күтүү менен эле өткөрүп жиберет. Андан кийин чек арачылардын кароосуна жеткенде товар салынган баштыктарды бирме-бир текшертишип, таразага тарттырышат.
«Ал учурда тоскоолдуктар жаралат. Кыргыздар үн катпайт, бирок өзбек чек арачылары катуу текшерүүгө алышат», — деди футбол топторун өткөрүүгө камынып жаткан Акрамов.
Анын жүк ташып иштеп келатканына бир жыл боло элек. Чейрек кылым өмүрүн мамлекеттик кызматта өткөрүп, мекемедеги иш орундарынын саны кыскарганда жумушсуз калган экен. Кийин туугандары менен топ болуп, чек арада иштей баштаптыр. 50 жашка чыкканда жүк ташып калуу оюна келбеген Турдали башында тартынып жүргөнүн айтат.
«Бирок кийинчерээк көнүп калдым. Ушул жумушта иштегендин кийин жашоо-шартыбыз оңолуп, көп нерседен кыйналбай калдык. Болбосо биз акчага аябай муктаж болуп калган элек. Кыргызстандыктар жүк ташып иштешпейт экен, биз, өзбекстандык кыргыздар, көп ташыйбыз. Себеби бизде акча табуу аябай кыйын», — деди ал улутунуп.
Сураё Хатамова* менен жолугуп, маекке тартуу да кызыктуу болду. Кара-Суудан товар алып, Өзбекстанда сатып иштеген соодагер Сураё дал ошол жүк ташып иштегендердин кызматын пайдаланат.
Биз жанына жакындай бергенде колундагы чоң дептерине бир нерселерди жазып жатты. Улам бошой түшкөндө суроо узата калабыз, ал бирде бизге жооп берсе, бирде дептерине жаза калат.
«Бул дептерге жүк ташуучулардын тизмесин жазып жатам. Андан сырткары аты-жөнүн, кимиси кандай товар алганын жаздым, — деди ал шаша сөз арасында. — Бүгүн волейбол жана футбол топторун сатып алып, чек арадан өткөргөнү жатабыз. Буга чейин да төшөнчү, шейшеп, дасторкондорду алып өтөөрдө бригадалардын кызматынан пайдалангам. Азыр бригададагылардын паспортунун сүрөтүн Ватсап аркылуу Өзбекстанда күтүп турган адамга жиберем. Ал ошол маалыматтарды карап, салыштырып көрүп товарды кабыл алат».
Сураштыра келгенибизде топ болуп жүк ташыгандар көбүнчө өзбекстандыктар болуп чыкты. Арасында жашы-карысы, аял-эркеги кездешет.
Өзбекстандыктардын айтымында, Кыргызстанда тиричилик техникасы, кийим-кечек салыштырмалуу арзан. Ошондуктан өзбек соодагерлери товарларды Оштогу Кара-Суу базарынан алып өткөрө баштаган.
Бригадалар мурда деле азыноолак бар болгону менен ар ким жекече иштегенди жактырчу. Алар 2018-жылдын 1-июлунан тарта көбөйө баштаган экен. Анда өзбек бийлиги чек арадан кирген жүккө 10 кг деген чекти бекитип, соодагерлер товарларын алып кирүү үчүн жүк ташыгычтардын кызматына талап күчөгөн.
Ал эми өзбек бийлигинин мындай чектөө киргизишине жергиликтүү компаниялардын тынчсыздануусу себеп болгон. Алар «Достук» ачылгандан кийин Өзбекстан өндүргөн тиричилик техникаларына болгон суроо талап төмөндөй баштаганын айтып чыгышкан.
Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Клоопко» маалымдагандай, учурда «Достук» бекетинен күнүнө 10-12 миңге чейин адам туруктуу өтүп турат. Чек ара көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жалбиев бекеттен өткөндөрдүн жарымынан көбү товар ташып иштегендер экенин айткан.
Кыргызстандан Өзбекстан тарапка тиричилик техникалары жана кийим-кечек сыяктуу товарлар өткөрүлсө, өзбек тараптан мезгилдик мөмө-жемиштер алынып келинет.
«Ушул жылдын 1-июлунан баштап, “Достук” чек ара бекетинен жүк алып өтүүчүлөргө Өзбекстан эреже киргизди. Кыргызстан тарапта эч кандай чектөө жок, биз өткөрүп жатабыз. Бирок, албетте, алып өтүүгө тыюу салынган нерселер: курал-жарак, наркотикалык жана жардыруучу заттарды текшеребиз», — деди Бөрүбаева.
2018-жылдын июнь айына чейин бекетте 13 кабина иш алып барып келген болсо, чек арадан өткөн адамдардын саны өскөндүктөн кабиналардын саны дагы 21ге чейин көбөйтүлүп иш алып барып келүүдө.
* каармандардын өтүнүчү менен ысымдары өзгөртүлдү
Тексттин авторлору: Тажикан Кайым кызы, Динара Абдыжапарова
Редакторлору: Элмурат Асан, Гүлжан Эшбаева