Бишкектин Свердлов райондук сотунда 9-октябрь күнү Марсбек Бөдөшов жана анын досу Акмат Сейитовдун үстүнөн биринчи сот отуруму өттү. Бөдөшөв Бурулай Турдалы кызын ала качуу жана өлтүрүү үчүн, ал эми Сейитов ала качууга катышуу үчүн айыпталууда. Сот отуруму кандай өткөндүгүн айтып беребиз.
Сот отуруму башталганча саат 14:00гө чейин залда орундуктар калбай калды. Отурумга маркумдун туугандары жана соттолуп аткандар, андан сырткары, бишкектик журналисттер келишти.
20 мүнөттөн кийин сегиз адамдан турган конвой Марсбек Бөдөшов менен Акмат Сейитовду киргизди. Ошол маалда Бурулайдын апасы Гүлсара Кожоналиева ыйлай баштап, жанында отургандар аны сооротуп жатышты.
Акыркылардан болуп залга судья Санжар Чотонов кирди.
Сот Бурулайдын үй-бүлөсүнүн кайрылуусунан башталды. Адвокаттар Назира Абдумуминова менен Эсения Рамазанова ишке материалдык жана моралдык зыян тууралуу документти тиркөөнү суранышты.
«Тергөө учурунда биз экөө биригип миллион сом моралдык зыян жана миллион сом материалдык зыян төлөшү керектиги тууралуу арыз бергенбиз. Азыр биз сотто ишке материалдык зыян жөнүндө далилдеген документтерди кошууну суранып атабыз», — деди Рамазанова.
Бул материалдарда Бурулайдын үй-бүлөсүнүн маркумду жерге берүү зыйнаты менен көптөгөн куран окутууларга кеткен чыгымдары көрсөтүлгөн.
Прокурорлор менен айыпталуучулардын адвокаттары каршы болушкан жок. Судья материалды тиркеп, бирок зыяндын өлчөмүн кийинчерээк аныктоону чечти.
«Күнөөнү жарым-жартылай мойнума алам»
Соттолуп жаткандарга айып угузулгандан кийин судья Чотонов алардан күнөөлөрүн моюндарына алаар-албасын сурашы керек болчу.
— Сага 155-берененин 2-бөлүмү менен ала качуу боюнча эки жана үчүнчүсү «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча айып тагылыптыр. Үч эпизоддон турган айып коюлуптур. Бул боюнча эмне деп айтасың? Мойнуңа аласыңбы же албайсыңбы? Өз оюңду айт, — деп кайрылды судья Марсбек Бөдөшовго.
— Жарым-жартылай мойнума алам, — деп жооп берди ал.
— Эмне боюнча мойнуңа аласың, эмне боюнча албайсың?
— Ала качып кеткен боюнча алам. Биринчисинде анын макулдугу менен алып кеткем.
— Азыр ала качуу боюнча аласың, калганы боюнча албайсың ээ? Ошондойбу? Туурабы?
— Ооба.
Ал эми Акмат Сейитов кыз ала качууга катышуу боюнча күнөөсүн таптакыр мойнуна алган жок.
«Андан көрө мен отурсам болмок, жок дегенде кызым тирүү калмак»
Андан кийин сот күбөлөрдү суроого киришти. Биринчи болуп Бурулайдын атасы Турдалы Кожоналиев көрсөтмө берди. Ал кызынын биринчи жолу ала качканы туурасында айтып берди. Бөдөшов жерди карап отурду.
Кожоналиев кызы биринчи ала качуудан кайтып келгенден кийин Бөдөшовго турмушка чыккысы келбегени жөнүндө айтканын кабарлады. Ошондон кийин Марсбек ата-энеси менен алардын үйүнө келген.
«Ал “Эгер Бурулай мага турмушка чыкпаса, аны баары бир өлтүрүп кетем” деп айтты. Ошондо эле аны жыга чабыш керек эле. Түрмөгө мен отурганым жакшы болмок, жок дегенде кызым тирүү калмак», — деди Кожоналиев көзүнө жаш алып. Ошол маалда гана Бөдөшов башын өйдө көтөрүп, Кожоналиевди карады.
Кожоналиев судьяга кайрылуу менен окуя жөнүндө эмоцианалдуу айтып жатты. Ал экинчи ала качуу жөнүндө, кантип кызын дүкөнгө айранга жумшаганын жана Бөдөшөв досу менен аны кантип ала качкандыгын айтып берип жатты.
Окуяны айтып берүү аяктаган соң, тактоо суроолорун узатуу маалы келип калды. Айыпталуучулардын адвокаты Жуматай Абдрахманов суроо берээр алдында Кожаналиевден кечирим сурады: «Сиз бизди туура түшүнүңүз. Биздин жумуш ушундай. Эгер биздин суроо сизге катуу тие турган болсо, алдын ала кечирим сурайм».
Ал биринчи ала качуудан кийин Бурулайды үйгө ким алып келгенин сурады. Бөдөшөв өз апасынын суранычы менен алып келип берген, — деп жооп берди Бурулайдын атасы.
«Окуядан кийин жана Бурулай жерге берилген соң, ушуга чейин Марстын ата-энеси менен туугандары силерге кечирим сурап келип, чыгымдарды төлөп берүүнү сунушташтыбы?» — деп сурады адвокат.
Жок, Бөдөшовдун бир да тууганы чыгымдарды төлөп берүүнү сунуштаган жок деп айтып, Кожоналиев төмөнкүлөрдү кошумчалады:
«Алар жерге берген күнү келишкен экен көрсө. Бирок менин туугандарым аларды кууп жиберишиптир. Андан кийин бир нече жолу келишкенинен аларды кабыл алган жокмун. Бирок акча жөнүндө кеп да болгон эмес».
Бурулайдын үй-бүлөсүнүн адвокаттарында да суроо жаралды.
— Бул жерде биринчи ала качуу жөнүндө айтылып калгандыктан, Турдалы байке, Бурулай кайтып келгенден кийин кызыңыз менен сүйлөштүңүз беле? Эмне деп айтты эле? Эгер ошондо сиз баш тартпаганда, кызыңыз Бөдөшовго турмушка чыгат беле? — деп сурады Назира Абдумуминова.
— Мен ошондо сурап, аны улуу эжелериндей эле жакшылык менен (ала качуусуз) узата алаарымды айткам. Бирок ал «Жок, ата. Мен [Бөдөшовго] чыкпайм, менин сүйлөшкөн жигитим бар» деп айтты.
«Бул сүрөттү көргөн жигитиң эмне деп ойлойт?»
Кийинки болуп Бурулайдын улуу эжеси Миргүл Турдалы кызы көрсөтмө берди. Ал биринчи ала качуудан кийин Бурулайды кантип алып келип беришкенин айтып берип жатты. Анын айтымында, Бөдөшов анын сиңдисин “үйүңдө өлтүрөм!” деп коркуткан:
«Бурулай биздин көзүбүзчө ага турмушка чыкпасын айтты. Ал эми [Бөдөшов] өзүнчө сүйлөшүүнү сунуштап, биз аларды бир бөлмөгө калтырып койдук. Бир аз убакыт өттү. Ал жакта эмне болуп жатканын текшериш үчүн эшикти ачсам, ал аны буручка такап алып, корутуп жатыптыр. [...] Эжем экөөбүз аны үйдөн кубалап чыгууга аракет кылып, күчүбүз жептей койду. Коридордо ал “Мен сени алам. Болбосо өлтүрөм. Чирисем, түрмөдө чирип өлөм” деп айтты».
Кеп экинчи ала качуу тууралуу башталганда, Миргүл көз жашын токтото албай, калтыраган үн менен төмөнкүлөрдү айтты:
«Атам аны эртең менен алып келди. Биз анын сөөгүн майрам сууга жууйлу деп, денесинен “Н+” деген жазууну көрдүк. [...] Мойнунун сол тарабына мокок нерсе менен “Н”, ал эми эмчегинин учуна катуу кырып “+” деп жазыптыр».
Ал үй-бүлөсү жазууну сүрөткө тартып алганын, ал эми медэкспертиза эч кандай жазуу болгон эмес деп жатканын кошумчалады.
Миргүлгө тактоо суроолору бериле баштады. Соттолуп жаткандардын авдокаты Абдрахманов Бурулайдын Бөдөшов менен тоодо кучакташып түшүшкөн сүрөтү жөнүндө сурады.
«Марсбектин атасы Үсөн Бөдөшовдун кредитти төлөө жөнүндө дүмүрчөгүндө Бурулай Турдалы кызы төлөгөн деп жүрөт. Эгер алар жолугушпаса, ага турмушка чыкысы келбесе, анда эмне үчүн алар сүрөткө чогуу түшүп, кредитти Бурулай төлөгөн?»
Миргүл алар биринчи ала качуу болгон учурда сүрөткө түшүшкөнүн айтты. Ал Бурулайды ошондо бир нече бала ала качып, жолдо аны Бөдөшов менен сүрөткө түшүүгө мажбур кылышкан деп ырастоодо.
«“Бул сүрөттү көргөн жигитиң эмне деп ойлойт?” дешкенин мага [Бурулай] ыйлап айтып берген... Зомбулуктан корккондуктан сүрөткө түшкөн», — деп түшүндүрөт маркумдун эжеси.
Анын айтымында, Бурулай чынында эле Бөдөшовдун насыясын төлөгөн, анткени ал аны таанычу жана «ага улуу агасындай мамиле кылчу».
— Сиз ал коркуткан деп атасыз. Анда эмне үчүн милицияга арыз жазган эмессиңер?
— деп суроо берүүнү улантты Абдрахманов.
— Мен арыз жазууну сунуштагам. Эртеси күнү арыз жазганы аткан, бирок анын агасы атамдан абдан катуу кечирим сураган. Ал экинчи жолу ала качышпасын убада кылып, мындай кайталанбасын айткан.
«Эгер ишенбесеңер муну карап көргүлө!»
Адвокат теманы өзгөрттү. Ал Миргүлдүн өлтүрүлгөн синдисинин денесиндеги айткандарына ишенген жок:
«Иштин материалдарына караганда, сиңдиңизди өлтүрүү аз эле убакытты алган. Кол салуу башталып, милиционерлер эшикти сындырып киргиче, балким, эки-үч мүнөт өтсө керек. Эч ким так айта албайт. Кантип ойлойсуңар, мындай кыска убакытта анын төшүнө ошентип жазууга үлгүрүшмөк беле?»
Бул суроодон кийин талаш чыгып, Бурулайдын үй-бүлөсү суроого нааразы болуп, ал эми анын адвокаттары судьядан бул суроону алып салууну өтүндү.
«Байке эгер ишенбесеңер, муну көргүлөчү!» — деп чыдабай маркумдун атасы Абдрахмановго Бурулайдын төшүндөгү тартылып алынган жазуунун сүрөтүн сунду.
Ошондон кийин Бөдөшовдун адвокаты Миргүлгө жооп бере албас суроо берүүнү улантты:
«Сиз Бурулайды биринчи жолу үч-төрт бала ала качканын айттыңыз. Анда эмне үчүн ал экинчи жолкусунда үч-төрт эмес, бир эле досун алып алган?»
Залда кайрадан нааразылык жаралды. Жабыркаган тараптын адвокатттары бул суроону алып салууну суранышты. Кимдир бирөөлөр аны Бөдөшовдун өзүнө бериш керегин айтышты.
«Сиз пикириңизди айтууга милдеттүү эмессиз, сиз көргөнүңүздү гана айтасыз», — деп айтты судья Миргүлгө кайрылып.
Талаш басаңдап, айыпталуучулардын экинчи адвокаты башка суроо узатты. Анын айтымында, Миргүл менен анын атасынын көрсөтмөсүндө Бөдөшовдун Бурулайды «баары бир өлтүрүп кетем» деп айткан сөзү эскерилген эмес.
— Эмне үчүн азыр башкача көрсөтмө берип жатасыз? — деп сурады адвокат.
— Тергөө учурунда сиз Бөдөшов өлтүрүп кетем деп коркуткандыгы тууралуу айткан белеңиз? — деп тактоо киргизди судья.
— Ооба, мен бул тууралуу биринчи көрсөтмө берип жаткан кезде айткам. Экинчисинде балким жазбай калышса керек, — деп жооп берди Бурулайдын эжеси.
— Өз көрсөтмөлөрүңүзгө кол коюу алдында аларды окудуңуз беле? — деп сурады адвокат.
— Ооба, жарым-жартылай окугам, — деди Миргүл.
Залда Бөдөшовдун туугандары тарабынан күлкү чыкты.
Миргүлдөн кийин Бурулайдын дагы бир эжеси Айпери суралды. Судья маркумдун эки тууганынын көрсөтмөсү жетиштүү деп чечип, Айпериге болгону тактоо суроолору берилди.
Ошондон кийин сот отуруму аяктады. Кийинкиси 17-октябрда өтөт.
ТЕМА БОЮНЧА:
Бурулайдын иши боюнча милиционерлердин үстүнөн сот кандай өтүп жатат: