Мектептердеги кодулоо (буллиң) — ар бир бала кабылышы мүмкүн болгон көрүнүш. Аны бир гана окуучу эмес, жада калса мугалим да баштай алат. Көбүнчө кодулоонун кесепеттине чыдоого же болбосо башка мептепке которулууга туура келет.
Мындай жоруктун себеби эмнеде? Эмне үчүн бир адам башка бирөөнү катуу басмырлап жана кодулай баштайт? Буга жооп алыш үчүн «Клооптун» кабарчысы классташтарын шылдыңдап жүргөндөр менен жашыруун сүйлөшүп, алардын мындай жоруктарынын себептери жөнүндө, андан тышкары, азыр алар буга кандай көз карашта экенин билип келди.
«Талаптагыдай болуш керек»
Жетинчи классымда Бишкектин түрк лицейинде окуй баштадым. Биринчи эле күнү жогорку класстагылар менен мушташып кетип, мен бул жердеги коомдун талаптарына жооп бергидей болушум керектигин түшүндүм.
Силер мен кандай атмосферада окуганымды түшүнүшүнөр керек — бир жолу окуучулардын биринин кийимине заара ушатып кетишиптир.
Жетинчи жана сегизинчи класстагылар эмне кыла алышмак эле? Ошон үчүн алардан айырмаланып тургандарды шылдыңдашат. Көбүнесе бизден орустар, украиндер жана беларустар айырмаланып турчу. Терс нерсенин 80 пайызы так ошолорго карата колдонулчу. Лицейде окуп жүргөн кезде Кыргызстандын башка да аймактарынан келген балдар бар болчу, биз аларды шылдыңдачубуз.
Тогузунчу класс болуп калганда славяндардын көбү мектептен кетип калышты. Алар биздин айыбыздан кетип атканын, шылдыңыбызга чыдабай калышканын түшүнчүбүз. Ошентип эки бала калды, анын бирөөсү күчтүү болчу, бирок болбой эле аны топтошуп алып шылдыңдай берчүбүз. Экинчиси жатаканада биз менен чогуу жашачу жана «бизге кошулуп алып», башка славян окуучуларды шылдыңдай баштаган.
Күндөрдүн биринде бир баланы ээрчитип алып, «кыйын болсоң» терезе менен анын тышкы темиринин ортосуна кир деп ынандырдык. Биз жатакананын биринчи кабатында жашагандыктан, эгер кирсең артыңан терезени жаппайбыз деп убада бергенбиз. Албетте, биз терезени бекитип, парданы тартып салдык. Ал байкуш ошентип терезе менен темир тордун ортосунда камалып калды.
Кээде биз «фокустарды көрсөтчүбүз», тагыраагы кийимдин жеңине пол жууган таякты киргизип, адам кыймылдай албай калганда шымын шыпырып салчубуз. Ал эми айланадагылардын бардыгы боору эзилгенче каткырышчу.
Бирок мен көбүнесе буллер болчумун, класста башкалардай эле мени да шылдыңдашчу. Биз кичинекей чөөлөрдүн үйүрүнө окшош элек. Эгер кимдир бирөөнүн башына тигил же бул баланы шылдыңдоо идеясы келсе, аны бардыгы колдошчу.
Кулагым чоң болгондуктан, өзүмдү башкачадай сезчүмүн, бирок бул боюнча кандайдыр бир шылдыңдоолорго маани бербөөгө аракеттенчүмүн. Мен үчүн бул жоопкерчилигим өз мойнумдагы оюн эле, баарын өзүмдүн чоң кулагымдын тышынан өткөрүп койчумун.
Буллиңди жүрөккө жакын албагандыктан, ага туруштук бере алдым. Бирок бардыгы эле мендей болуп чыдачу эмес. Шылдыңдын айынан классташтарымда терс элестер калып же бул алардын тагдырына кандайдыр бир таасир этип койгонуна көзүм жетет.
Мен өзгөлөрдү, а өзгөлөр мени шылдыңдашчу. Анын бир эле себеби бар: балдар жүргөн чөйрө.
Жоруктарыбыздын көбү балдардын арасында калчу. Баарынан да даттанчаак жана арызчыл болуп калган жаман эле. Мектеп эч кандай чара көрчү эмес, ал эми окуучулар көп нерсе тууралуу тышка чыгарышчу эмес. Кандай болгон күндө да жетекчилик бүтүндөй бир классты мектептен кууп чыга албайт да.
Чындыгында эмне болуп атканын эч ким айтчу эмес.
Мен ошол кездеги кыял-жоругум үчүн абдан уялам. Эгер бул окуяны мен шылдыңдаган адамдар окуп жаткан болсо кечирим сурайм. Качандыр бир кезде жасаган иштерим үчүн азыр абдан уялам жана өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем.
Эгер артка кайтууга мүмкүнчүлүк болсо, анда мен жогоруда айткандарыма катышпайт болчумун.
«Кыйындыгымды далилдегим келчү»
Мектепте бой көтөрүп, бардыгынан да мыкты болууну эңсечүмүн. Айланадагыларга бул жакчу эмес. Биздин класстагы буллерлер менен мамилем жакшы болчу. Бирок баары бир эле кээде мени көздөй калемсап ыргытышып, улуураак балдар таарынтып коюшчу. Өзүмдү алсыз сезээр элем.
Өзгөчө бул жыныстык жактан жетилип келе жаткан учурда аябагандай сезилчү. Көкүрөгүм көпкө чейин өспөй жүрдү, балдардын баары ошого көнүл бурушчу. Буллиңдин объектиси болчумун, ошон үчүн бул мени абдан кабатырлантып жатты. Ал тууралуу эч кимге деле айтчу эмесмин, ошондуктан ата-энем тарабынан психологиялык жардам жана колдоо болгон жок.
Агрессивдүүлүк күчөп, мени шылдыңдап жүргөндөрдүн бардыгына жөнөкөй эместигимди жана алардан кыйла мыкты экенимди далилдөө каалоом жанды. Ошентип өзүм буллердин ролун ойной баштадым.
Биздин класста бир кыз окучу. Кичинекей кезинде кайнак суусу бар мискейди түшүрүп алып, денесинде олуттуу күйүктүн тактары калган экен. Колдору толугу менен күйүп кетиптир. Балдар аны таарынтып атканда тынч тура албай, каяша айтчу. Анан эле мен анын башкы буллерлеринин бири болуп алдым. Бир жолу коридордо аны менен катуу урушуп кеттим. Урушуп атканыбызды көргөндөрдүн көбү мени колдоп турушту. Анткени мен андан кыйыныраак болуп эсептелчүмүн. Бир кезде аны бут менен ичке тээп салдым, ал эми классташтарым болсо азаматсың деп кыйкырып, улантышым керектигин айтышты. Ошондо менде мурда болбогондой сезимдер оргуштап, өзүмдү кыйын сезе баштадым.
Ал кыздын ата-энеси апама чалды эле, тигил кыз өзү мени кандайдыр бир башкача карап койгонун айттым. Мага карата тарбия иштер жүргүзүлгөн жок. Албетте, бул жагы туура эмес болуп калды.
Мен өзүн коргой албаган кызды таарынттым, ал эми анын курбулары токмок жеген курбусуна болуша алгыдай «кыйын» деле кыздар эмес болчу.
Ал кезде, 2008 же 2009-жылдары мектептерде буллиң жөнүндө сөз болчу эмес. Бирок мектептерде «аман калуу үчүн күрөшүү» азыр деле бар. Сени таарынтышат, демек, сен жооп иретинде башкаларды таарынтышың керек.
Азыр ошонун баарын эстеп, өзүмдү начар алып жүргөнүмдү түшүнөм. Мектеп — бул аман калуу үчүн күрөшчү жер деген позицияда болчумун.
Эгер аны азыр жолуктуруп калсам, сөзсүз кечирим сурамакмын. Эмне үчүн ага болушуп, колдогон жокмун?
Анткени чыныгы күчтүү адам — бул алсызды кемсинтпеген, тескерисинче, ага болушуп, колдогон адам.
Ошол кыз азыр кандай жашап атканын билбейм жана ошол кездеги шылдыңдоолор анын учурдагы жашоосуна таасир этиши ыктымалдыгын түшүнөм. Мектеп мен үчүн чоң көйгөй болчу, бирок мага караганда ал ошол кызга эки эсе көйгөй болгонун да билем. Ал башкаларга салыштырмалуу өтө эле айырмаланып турган кыз болчу. Ошентсе да анын денесиндеги күйүктүн тактары шылдың үчүн объект болбошу керек эле. Бул чынында өтө начар нерсе. Менин аракеттерим аны психологиялык жактан тайсалдатып коюшу мүмкүн болчу.
Ошол кезде мага туура эмес кылып атканымды түшүндүрүп койгон адам болбогонуна арман кылам. Буллиң объектиси катары мага коргонуу үчүн орой жооп кайтаруу —мыкты курал болуп калган. Жада калса азыр деле кереги жок болсо дагы бул ыкманы колдонуп жибергенимди байкап калам. Соккуну биринчи урам.
«Кооптуу мырк деген атка кондум»
Мен түштүктүн бир айылында төрөлүп, Бишкекке беш жаш кезимде көчүп келгенбиз. «Кооптуу» деп аталган Кызыл-Аскер конушуна жайгашканбыз. Ошол жактан айланадагыларга алсыз эмес экениңди далилдөө керектигин түшүнгөм.
Физикалык жактан жакшы өнүккөм. Улуу агаларымдын, райондогу досторумдун жана мушташ жөнүндө тасмалардын «тарбиясын» алгам. Ошондуктан бала бакчада «атаман» болуу мага кыйынчылык деле жараткан жок. Ушундай эле тарбиям менен мектепке бардым.
Ошол жылдары үй-бүлөм экономикалык жактан өнүгүп аткандыктан, мени байлардын балдары окуган мектепке беришти. Ошону эстеп азыр жүрүм-турумумдун мотивдерин түшүнөм. Мурда башкача кийинген, башкача адат менен жүргөн жана жалаң орус тилинде сүйлөгөн адамдарды көрбөгөн экем. Орус тилин мындайча билчүмүн — кыз кишини «ал» деп атачумун.
Үчүнчү класска аттанып, маданий жана тил маселесин үйрөнгөн соң өзүмдү жашаган районумдагыдай алып жүрсөм болоорун түшүндүм. Чатак жана ар кандай уруш-талаштарды мен козутчумун. Ошентип анан бардыгына даяр кооптуу мырк деген атка кондум. Өзүмдү тим эле падыша сездим го!
«“Чыныгы жашоо” эмне экенин билбеген ошол назик балдар жана кыздар менин кай жерден келгенимди жана бардыгынан да кыйын экендигимди билиши керек», — деп ойлочумун. Классташтарыма эмне үчүн ошондой мамиле жасап жүргөнүмдү так айта албайм.
Бешинчи класс болгондо бардыгын «кармайт» деген макамга ээ болуп, убакыттын өтүшү менен көп нерсе кыла алаарымды түшүнүп жеттим. Жөнү жок эле бирөөнү тээп же чаап салаар элем. Эч ким жооп кайтарчу эмес.
Атактуулугум берген жеңилдиктерге башым маң болуп калган.
Андан кийин жетинчи класска өткөндө коңшу класста окуган балдардан, ал эле эмес улуу класстагылардан да, эгер алар менден физикалык жактан алсызыраак болсо акча чогулта алаарым ойго келди.
Бүтүндөй бир класска «салык сала» алчумун, ага жооптууну да дайындап, эгер акча жетишсиз же чогулбай калса ал моралдык жана физикалык басынтууга кабылчу. Бул айлап созулуп кетчү.
Чогулган акчаларды эмне кылаарымды билчү эмесмин.
Менин оюмча, мага жакшы көңүл бурбаган, менин мыктылыгымды барктабагандарга физикалык үстөмдүк кылган жакчу. Негизинен кыздардын көзүнө көрүнгөнгө аракет жасачумун. Бирок мен кыял-жоруктарымды жактырбаган кыздарга таптакыр түшүнчү эмесмин. Мени бардыгы жаман көрүшчү, ал эми мен аларды макоолор деп эсептечүмүн. Менин жашоого көз карашым алардын түшүнүктөрүнө дал келбейт эле.
Күндөрдүн биринде мектептин артынан коңшу класста окуган эки баланы кезиктирип калып, аларды сөзгө тартып, мыйыгыман күлүп, өтө жаман суроолорду берип, алардын реакциясын байкап отурдум. Суроолор аларга кыйла эле жеке сезиле баштаганда кетип калууга аракет кылышат, бирок мен аларга кетсеңер «өпкөңөрдү үзөм» деп коркута баштасам токтоп калышаар эле. Корккондуктан тизелери бүгүлүп, денелери калтырай баштачу, ошонун бардыгы бир катар ур-токмок менен коштолчу.
Бирөөсүнүн уюк телефонун тартып алып, кайра сурасаң талкалап же кудукка ыргытып салам деп коркутчумун. Телефонду көтөрүп алып жайбаракат кете баштаганда артыман бирөөсү жетип келип колдон тартты. Ошол учурда ал туура эмес кылганын мен да, ал дагы түшүнүп турду.
Толгон токой жаман сөздөрдү жаадырып, бир маалда күтүүсүз жерден аны ичке чаап жиберсем ал деми кысылып, чөгөлөй түштү. А мен болсо бар күчүм менен соккуларды узатып, түрткүлөп, шылдыңдай бердим. Ал болду чаппа деп сурана баштады, ал эми жанындагысы бир да үн катпады, анткени ал деле токмок жеп калаарын түшүнүп турду.
Ал оорулуу экенин айтып жатты, байкашымча, бир нече илдети бар экенин да ойлоп таба калды. Анын баарын карап отуруп, мен кыйла эле кыйындыгымды сезип, аны менен ойго келгендин бардыгын кыла алаарымды түшүндүм. Мен абдан бийик кубаттуулукту сезип, дагы да болсо үстөмдүк көрсөткүм келди.
Анын калптарынын бардыгын жана негизсиз айыптарын угуп, телефонун кайтарып бердим. Эгер бербей койсом эртеби же кечпи анын ата-энеси бул жөнүндө билип алаарын түшүнгөм. Бул окуяны эч качан унута албасам керек.
Ошондон кийин мээмде бул окуяны адамды басынтуунун мисалы катары кармап, ошол сценарийди кайталоого аракет кылчумун. Менин бул жоругум өтө эле күчтүү болгондуктан, акыл-эсимдин, маданияттын жана башка көптөгөн нерселердин жетишсиздигин дал ошол ур-токмок жана басмырлоо менен толуктачумун. Тогузунчу классты аяктап калган кезде өзүмдү мындай иштерсиз тура албай калган маньяк сезе баштагам.
Мындай иштерге баргандардын өз себептери болушу мүмкүн. Мектеп жылдарындагы кылыктарыма актоо жок, бирок мен эч нерсе өзгөртө албайм. Бул окуяларды эскерүү кыйын, бирок бардыгы эсимде.
Ишеним телефону: 111 номерине чал
Азыркыга чейин буллиң маселесин чечүүнүн өтүмдүү рецепттери жок. Бирок азыр мектеп окуучулары Кыргызстанда өзүнүн көйгөйү менен жалгыз кала алышпайт. Эгер аларга мектепте тынчтык бербей жатышкан болсо, анда алар балдар үчүн 111 ишеним телефонуна чала алышат.
Аны психологдордун кеңешин алуу менен өз окуяңды айтып берип, жашыруун деле кылса болот.
«Балдар үчүн ишеним телефон» борбору мектептерде атмосфераны жагымдуураак кылуу аракетинде тренингдерди өткөрөт. Алар бир гана агрессорлор жана курмандыктар менен гана эмес, классташтары шылдыңга алынып атканын көрүп, бирок курмандыкка айланып калуудан корккон байкоочулар менен да иш алып барышат.
Буллиң профлактикасын мектептерде психологдор гана эмес, мектеп окуучуларынын арасында чатактарды жоюу аракетин көрө алчу мугалимдер да өткөрүшү керек.
Анткени ар бир адам колдоого жана мээримге татыктуу.