«Бизге америкалыктар келип, АКШга окууга тандашат деп айтышты», — деп эстеди Жаркын Саманчина. Ал — дүйнөдөгү эң байыркы жаратылышты коргоо уюмунун кызматкери, кайрымдуулук менен алектенет, АКШда, Түркияда жана Италияда окуган.
1993-жылы, Кыргызстанда экономикалык каатчылыктан улам жумушчу үй-бүлөлөрдөн чыккандар бир бөтөлкө шампунга ээ боло албай жүрүшкөндө Жаркын FLEX программасында кыргыз катышуучуларынын арасынан биринчилерден болуп, бир жыл Америкага барып келген. Бул тажрыйба анын жашоосун өзгөрткөн.
Жаркындын 1990-жылдагы Кыргызстандан, анын ою боюнча бардыгы бар АКШга бир жылга барып келүү кандай болгонун айтып беребиз.
«Америкага кызыгуум 10 жашымда пайда болгон. Ошол кезде Саманта Смит жөнүндө уккам. Ал ошол учурдагы партиянын [советтик коммунисттик] лидери Юрий Андроповго СССР менен АКШнын ортосундагы согуштан корком деп кат жазган жөнөкөй кыз болгон. Аны Советтер Союзуна чакырышып, ал жөнүндө гезиттер да жазган. Андан кийин СССРден Америкага Катя Лычёваны чакырышкан. Ал Американы түрө кыдырып, ал эми гезиттер анын Микки Маус менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялашкан».
Ошондо Жаркын Катянын ордунда болгусу келээрин чечип, кийинчерээк анын жашоосунда FLEX пайда болгон. Ал программа жөнүндө күтүүсүз жерден эле билип калган. Жаркын ошол кышта өзү окуган мектептин директору жөн гана англис тили боюнча жакшы баалары бар балдарга сөзсүз түрдө тестирлөөдөн өтүп койгула деп маалымдап кеткенин эстеди.
«Кеп эмне жөнүндө болуп атканын таптакыр түшүнгөн эмеспиз. Эмне болгон FLEX? Бизди класстын бөлмөсүнө отургузушту, TOEFL (ред. — англис тилинин стандартташтырылган тести) жаздык, дароо эле америкалыктар менен интервью өттү. Мага бардыгы реалдуу эместей туюлду. Ал америкалыктар ким экенин, кай жактан пайда болушканын, деги эле эмне үчүн келишкенин түшүнгөн эмеспиз. Дегеле адамдар Америка эмне экенин, ал кандай экенин элестетишчү деле эмес. Биздин үйдө Американы эч ким душман деп ойлобогону менен коомдо кансыз согуштун, темир көшөгөнүн жана цензуранын идеялары жашоосун улантып жаткан. Бирок биз ал учурда өзүбүздү өзгөчө сезип, долбоорго катуу — бул чынында мыкты экенин түшүнүп турган элек».
Арадан жарым жыл өтүп, Жаркын Кыргызстанга келип кетишкен америкалыктар жөнүндө да, тестирлөө тууралуу да унуткан. Ал бүтүрүүгө жана университетке тапшырууга даярдык көрүп аткан. Ошондуктан ага Америка барасың деп билдиришкенде нес болгон.
«Бул өзүнчө эле фантастикадай угулду. 1993-жыл, кайра куруудан кийин көз карандысыз өлкөдө жашап жаткандай болдук эле. Бирок көбүнесе Советтер союзу толугу менен кете элек болчу — бул жашоо шарты менен менталитте байкалып турчу. Кийим-кечектер жокко эсе эле. Эмне кийээриңди тандачу деле эмессиң. Бардыгы аз, бир жактардан таап келишиң керек. Ата-энем менен шаарда, өзүбүзгө таандык батирде жашаганыбыз менен жашообузда ашкере байлыктар болгон эмес».
Жаркындын ата-энеси кызы программа боюнча өтүп кеткенин угушканда аны жиберип-жибербөө жөнүндө күмөн да санашкан эмес. «Мага караганда алар көбүрөөк бактылуу болушту, себеби менден бир далай улуу болгондуктан бул канчалык сонун экенин түшүнүшкөн. Бирок, албетте, алгач бардыгы аябай таң калышкан».
«Бизге америкалыктар күнүгө душка түшүшөөрүн айтып беришти»
Жаркын 1993-жылы бардык документтерин тариздетип, АКШга учуп кетти.
«Ал жака келсем өтө ысык экен, августтун аягы болчу — Техас. Мени кабылдоочу үй-бүлө тосуп алды. Мен алар менен тааныша элек болчумун. Машинага отуруп, узак жол жүрдүк. Үйгө келээрибиз менен душка түшкүм келди. Жаңы жерге көнүшүү жумалыгында бизге америкалыктар дээрлик күнүгө душка түшүшөөрүн айтып беришкен. Бирок сууну кантип агызуу керектигин билген эмесмин. Себеби ал жактагы чоргону өмүрүмдө да көргөн эмес элем. Ошентип жуунбай калгам», — деп күлөт Жаркын.
Көнүшүү тренингдеринде жаш кыргызстандыктарды ошондой эле, өздүк чек ара деген эмне экенин жана аны сактоо канчалык маанилүү экенин, каржы жөнүндө жана аны кантип натыйжалуу пайдалануу керектигин үйрөтүшкөн.
«Америкадагы билим берүү кыргыз системасынан таптакыр эле айрымаланып турчу: Бир партада бирден окуучу отурат, сабактарды өз алдыңча тандоого болоор эле. Мугалимдер менен сүйлөшүү ачык болчу. Окутуучу менен оңой эле талкууга түшүп, атүгүл сабак учурунда тамак да жесең болчу», — деп эстеди Жаркын.
Андан тышкары, аны Американын китептери таң калтырган — «алар ламинатталган кагазга түшүрүлгөн түстүү сүрөттөрү бар, сонун китептер эле. Ар биринин салмагы эки-үч килограмм болчу. Мен окууга көбүрөөк көңүл буруш үчүн китептерин темир шкафтарга калтырып кетишкен америкалыктарга салыштырмалуу үйгө көтөрүп кетчүмүн».
«Мени кабыл алган үй-бүлөдө Билбиядан тышкары башка бир да китеп жок болчу»
«Мен жашаган үй-бүлө абдан мыкты болчу. Алардын эки кыз бир баласы болсо да мени дагы бир кызыбыз деп кабыл алышчу. Алар Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамда мага бриллиант менен жасалгаланган жүрөк түрүндөгү шакек менен сөйкө белек кылышты. Ал жакка барып келгенден кийин өзүмдүн америкалык үй-бүлөмө бир нече жолу барып учурашып, азыркыга чейин алар менен жылуу сүйлөшөм».
Бирок, албетте Жаркын үйүн сагынчу. 1993-жылы скайп чыга элек болчу, ал эми Техастан Бишкекке беш мүнөттүк телефон чалуунун акысы 50 долларга жетчү. Ар жума сайын кат жазып, анын жетээрине үмүт кылаар элем.
Жаркын маданий шокту баштан кечирген. «Менин [кабыл алган] үй-бүлөмдө Библиядан тышкары, бир да китеп жок болчу — болгону журнал жана гезиттер. Бишкекте болсо шып тиреген китептердин айланасында чоңойгом. Ал эми алардын балдары болгону мектеп адабиятын окушчу».
Ал үчүн бардыгы, тамак-аш, кийим жана мамилелер жаңыча көрүнгөн. «Мисалы менин “эжемдин” бойфренди бар эле. Ал эртең эле ага турмушка чыгып кетүүгө шашылчу эмес. А бизде бул жакта “жолугушуу” деген да түшүнүк жок болчу да».
Жаркындын жан дүйнөсүнө таасир эткен маанилүү көз ирмемдердин бири бул кабыл алган үй-бүлөсү менен чиркөөгө барышы болгон. Ал кезде Жаркын өзү атеист болгон. Бирок үй-бүлөсү алар менен жекшемби күнкү сыйынууга барышына каршы болгон эмес. Жөн гана кубанычта болуп калышаарын айтышкан.
«Макул болуп, абдан чоң кубаныч алдым. Мага чиркөөгө барган абдан жакчу. Ошентип Библия окуй баштадым, бирок дин китеби катары эмес, болгону аны маданий жана тарыхий адабият катары кабыл алчумун — ал жакта, мисалы, биринчи жолу кайрымдуулук эмне экенин билдим».
«1994-жыл, Бишкек, а мен болсо манты жебейм! Кандайча?»
Америкадан Жаркын вегетарианка болуп келген, анын америкалык курбусу да эт жечү эмес экен.
«Кыргызстанга келгенде эт жебейм деп чечкем, апам болсо манты жасап коюптур. Мен ага: “Апа, мен манты жебейм — мен вегетарианкамын”. Бардыгы таң калышты. Элестетип көрсөңөр 1994-жыл, Бишкек, а мен манты жебейм! Кандайча? Ал учурда туугандарым мени түшүнө алышпады. Алардын басымынан улам мен Кыргызстанда беш ай гана эт жебедим».
Кыргызстанга кайтып келген соң Жаркын башка адамдар 90-жылдары туш болгон жашоонун татаалдашканын байкаган эмес. Америкадагы бир жыл анын жашоосунда позитивдүү маанай менен из калтырган.
«Кайтып келсем ата-энем бир нече айдан бери көгүлтур оту жок отуруп калышыптыр. Ашканада болсо араңдан зорго жылыткан кичинекей плитка турган экен. Апам кыйратаарлык эч бир тамак жасай албай калыптыр. Ошондо мен кайрадан нес болдум. Америкада барчылыкта жүрсөм, бул жерде саражамжалдоо режими экен».
Америкага барып келгенден кийин анын жашоосу кандай гана болбосун англис тили менен байланыштуу болуп калган.
«FLEX программасы бүтүндө жашоомду өзгөрттү: тил үйрөндүм, 18 жашымда Бишкек мэриясында тышкы байланыш бөлүмүндө начальниктин жардамчысы болуп иштедим. Ал жака мени англис тилинде жакшы сүйлөгөнүм үчүн алышты. Андан кийин дагы бир жолу Америкага бара алдым. Чет өлкөдө окуп, диссертациямды англис тилинде жактадым».
Программа иштеп жаткан 25 жыл ичинде Кыргызстандан Америкага 1500 миңден ашуун мектеп окуучусу барып келген.