Кыргыз жаштарынын арасында мектепти бүтүп-бүтпөй жатып турмуш жолуна аттангандар, эмгек миграциясына жол тарткандар арбын. Адистердин айтымында, жаштар мындай кадамга дайыма эле өз каалоосу жана эрки менен эмес, үй-бүлөсүнүн же болбосо коомчулуктун «басымынан» улам барышат. «Клооптун» кабарчысы Хамидулло Узаков өз максаттарын ишке ашыра албай калган Ош облусундагы өзбек жаштардын окуяларын чогултту.
Каармандардын ысымдары өзгөртүлдү.
«Ата-энем мени окууга эмес, турмушка даярдап жатат»
Гулсанам, 11-класста окуйт, Ош шаары
Азырынча кайсы окуу жайга тапшырууну толук чече элекмин. Банкта иштегим келет, адвокат да болгум келет. Эмнегедир адвокат болуп иштөөнү көбүрөөк каалайм. Адамдардын укугун коргойсуң, мыйзамдарды билесиң.
Көбүнчө биздин өзбек эли өз укуктарын коргошпойт же башкаларга теңелбейин деп коркот. Ошондуктан адвокат болгум келет.
Жогорку билим алуума акем уруксат бербейт. Ал «Кыз баласың, көчөдө азыраак жүр. Кыз бала адвокат болсо болбойт. Эмне кыласың убакыт кетирип?» дейт.
Анан үй-бүлөмдөгүлөрдүн окууга кирген кыздар алданып же «ар түрдүү жолдорго» кирип кетет деген башкача ойлору да бар. Апам болсо «андан көрө сырттан окуганың жакшы, турмушка чыкканыңда иштетишпесе, анда билимиңдин пайдасы тийбейт» деп айтат.
Окуймун деп түшүндүрүп көрдүм апама, бирок анчалык деле натыйжа болгон жок. «Көчөдө, сыртта жүрүү кыздарга туура келбейт» деген сөздөрдү уга берип, үй-бүлөмдөгүлөргө айткым да келбей калган.
Азыр чеберчиликти, тамак-ашты, таттууларды жасоону үйрөнүп атам. Ата-энем бул өнөрлөрдү үйрөнүүмө каршы эмес, тескерисинче үйрөн деп үндөшөт.
Негизи ата-энем эрте турмуш курушкан. Апам мугалим болгонуна карабастан жогорку билим алуум керек экенин көп деле колдобойт. Өзү өзбек тилинен сабак берет. «Мына, иштеген саатым аз, эртең эле бул сабактар да бүтөт» деп айтат.
Үйдөгүлөр «мамлекеттик кызматта сага орун беришпейт» деп көп айтканы менен бирок мен жогорку билим алып иштегим келе берет.
Ата-энем көнбөсө, анда чоң атам аркылуу ынандырам деп ойлонуп турам. Чоң атам «бухгалтер болосуң!» деген. Анткени өзү да бухгалтер болуп иштеген. «Мурда мен иштеген жерлерге киргизип коём, иштей бересиң!» деп айткан.
Мага жуучулар келе баштаган болчу, ошондуктан мени турмушка узатууну ойлонуп атышат. Бул да мени окутпоонун бир амалы болуп калды окшойт.
«Кызым 20-21 жашында турмушка чыгышы керек»
Абдурахим, 45 жашта, Араван району
Бир кыз бир уулум бар. Кызым эки жыл мурун мектепти бүткөн, уулум быйыл 11-класс. Кызым 20да, уулум жакында 17ге толот.
Кызыма 11-классында эле жуучулар келе баштаган эле, анан кудалашып койгонбуз. Буюрса, быйыл кызымдын тоюн өткөрөбүз. Уулум мектепте окуп жатат. Балам экөөбүз иштеп, эжесин күйөөгө узатууга аракет кылып жатабыз.
Кызыма көп жерден жуучу келди. Акыры апама жакын болгон туугандарга бермек болдук. Кызым макулдугун бергенден кийин кудалашып койдук. «Мектепти бүтсүн, кичине убакыт өтсүн, анан той кылабыз» деп айттым. Мына андан бери эки жыл өттү. Эми жазында той өткөрөбүз, буюрса.
Кыз баланын сыртка чыгып окуусу кичине туура эмес деп ойлойм. Кыздар үй жумушун аткарганы жакшы, окутканым менен күйөөсү иштетпей коёт да. Эми биз, эркектер, кызганабыз, анан аял кишинин сыртта иштеши бизге туура келбей калат.
Эркек балдар 23 жаштан соң, жашоодо бир кесипке ээ болуп, жашоонун кыйынчылыктарын көрүп, акча табуу оор экенин билгенден кийин үйлөнсө боло берет. Кыз балдар 20-21 жаштарда турмушка чыгышы керек.
Кызым эми күйөөсү менен бактылуу болсо болду бул жашоодо.
Азырынча уулум окуйм дей элек. 7-классынан тарта менден устачылыкты үйрөнүп чоңойду. Былтыр жайкы каникулда мени менен бирдей эле акча тапты. Азыр евроремонтту жакшы кылат.
Өзүм устамын: үй куруудан баштап евроремонтко чейин кылам. Өзүбүздүн командабыз бар. Уулум, мен, дагы эки досум жана үкөм болуп устачылык кылабыз. Иш көп болуп калганда алар бригадага ууладарын кошо калышат. Тапкан акчаны баарыбызга тең бөлөбүз.
Иш менен болуп балам окугусу да келбесе керек. Анткени жакшы акча таап жатат, кесиби бар. Шартым анчалык деле жакшы эмес, бирок аракет кылып уулумду окутууга күчүм жетет.
Азыр чачтарачтыкка кызыгып жатат. Бир досунун акеси Орусияда салон иштетип жатыптыр. Ошол жакка барайын деп жатат. Мен деле ошого макул болуп турам: устачылык кылып кийими кир болбой, Орусияда ысык жерде таза иштейт, анан жеңил акча табат.
Кесиби болсо жашап кетет. Эми ырыскыны Алла берет дечи. Мына мен деле устачылык менен акча таап ушул балдарымды чоңойттум.
Бир-эки апталык иш болуп калса, уулум мектептен уруксат сурап мени менен ишке чыга берет. Кээде мектептен келип мени менен иштейт. Кээде дарыгерден аныктама жаздырып берип коёбуз. Мектепте мугалимдери уулумду кандай окутат билбейм. Эжеси мактоо барактарын алып келет эле, уулум эч нерсе алган эмес.
Уулум өзү окуйм деп, өзү аракет кылышы керек. «Ата, мен окуйм» деп аракет кылса жардам да берем, мүмкүнчүлүк да түзүп берем. «Тилди үйрөн, эртең Орусияга барсаң кыйналбай иштейсиң» десем кулак да салбайт, үйрөнбөйт да.
«Ата-энеме окугум келгенин айттым, бирок алар түшүнүшпөдү»
Шахло, 21 жашта, Араван району
Мен медицина факультетине кирүүнү кыялданып, ошого аракет кылып окуйт элем. Бирок үй-бүлөмдөгүлөр дарыгер болуума уруксат беришкен эмес. Чоң энем «азыр медайымдар көп, турмушка чыканыңдан кийин иштөөңө уруксат беришпейт, мугалимдик жакшы кесип» деп макул болбой койгон. Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) да упайым 110го жетпей калып, башталгыч класстын мугалими болуу үчүн коллежге тапшырдым.
Азыр эми окуган менен айыл жергесинде мугалимдерге жана медайымдарга эле жумуш бар да. Башка кесипке окусак деле, мисалы, шаарда гана жумуш табууга мүмкүн. Бирок башка кесиптерди биз жактагылар түшүнбөйт деле, туура да кабыл алышпайт.
ЖРТдан өтө албай калганымда үй-бүлөмдөгүлөр «кайра дагы бир жыл күтүп убакытты коротпой коллежге эле тапшыр, эки жыл окуганың жетет. Аны бүтүргөндөн кийин университетке сырттан тапшырып коюп, сени турмушка беребиз» деп айтышкан.
Азыр коллежде окугандардын бардыгы «эки жыл окуп алсам эле болду» деген пикирде. Кийинчирээк билимимди дагы өркүндөтөм дегендери өтө аз. Мисалы, биздин тайпада 24 кыз болсо, алардын 6-7 гана өз каалоосу менен кирген. Калганы ата-энесин же башка туугандарынын каалоосу менен тапшырышканын өздөрү мага айтып беришкен.
Азыр коллежди бүттүк, 24 кыздан төртөөсү гана жогорку билимин улантып жатышат, көпчүлүгү турмушка чыгып кетишти, калгандары окуусун таштап койду.
Үй-бүлөмдөгүлөр «окуу-окуу деп жүрө бербей, убакыт өткөрбөй турмушка чык» деп атышат. Алар азыр турмушка чыгуу жашы 18-20га чейин деп ойлошот. Андан жашым өтүп кетсе «бул кыздын бир айыбы бар, отуруп калды» деп элдин сөз кылышынан ата-энем коркот.
Үйүмдөгүлөргө окугум келип жатканы тууралуу айттым, бирок мени түшүнүшпөдү. Алар «өмүрүң өтүп кетип жатат» деп жооп беришти. Алардын оюнча, мен азыр окуу жашында эмес, турмушка чыга турган курактамын.
Анан өз билемдикке салып, үйүмдөгүлөргө айтпай өткөн жылы Ош шаарында батирде жашаган курбуларымдын жанына кетип калдым. Атам «алып кетем» деп келди. «Мени окутсаңар анан барам» деп шарт койдум.
Үйгө барганымда ата-энем «адамдар эми эмне дешет, кой андай кылба!» деп дагы эле каршы боло беришти. «Эмне, адамдарга отчёт беришиңер керекпи? Жок, окуйм!» деп туруп алдым. Анан апам «жайга чейин окуй берсин, анан турмушка узатабыз» деп айтты.
«Мугалимдер окуучу кыздардын колун сурашат»
Дилором, 44 жашта, Кара-Суу району
Эки уулум жана бир кызым бар. Эки уулум мектепти бүткөн, кызым азыр 11-класста окуйт. Уулдарым жогорку билим алышкан эмес. Устачылыкты үйрөнүп, Орусияда иштешет. Устачылыктан деле жакшы акча таап атышат. Окубай калганы жаман деле болбогон окшойт.
Кызым окушу керек. Бирок 4-5 жыл окута албайбыз. Эки жыл билим алгандан кийин окуусун сырттан улантат. Жуучулар келсе, турмушка бергенибиз жакшы деп ойлойм.
Анткени бизге туура келбей калат. Адамдар «бир нерсени бар, дагы эле турмушка чыкпай жүрөт» деп сөз кыла башташат.
Чеберчиликти, тамак-аш жасоону жана ийне саюуну окуу курстарынан үйрөнөт. Ага кошумча диний билим алса, аял кишиге ушулар жетиштүү эле. Түшкөн жери жакшы болсо, айтып өткөн нерселеримди үйрөнгөн болсо, жакшы эле жашайт, негизи ушулар гана керек. Анткени жолдошу өзү багып алат да. Мына мисал үчүн мен да окуган эмесмин, кайненемдин кызматын кылып, күйөөм менен жакшы жашап келатам.
Шартыбыз жакшы эле. Атасы, акелери жакшы эле акча табышат, кызыбызды окутууга кеңири шарт бар. Ал деле окуйм деп эле турат. Кызым жакшы эле окуйт мектепте, көзөмөлдөп турам.
Биздин убакта, СССРде, жакшы окутушат эле мектептерде. Азыркы мектептердеги билим берүү өтө төмөн деп эсептейм. Мугалимдер өздөрү жуучу болуп жатышса окуучу кыздарга... Мугалимдердин көпчүлүгү тууган-туушкандарына окуучу кыздардын колун сурап келип атышат. Ушундай мугалимдер анан жарытаарлык окутмак беле?
Эми кызымдан деле «баланы көр, жактыбы?» деп пикирин сурайбыз. Бирок чечимди биз кабыл алабыз.
Кыздар убакытты өткөрбөй 19-20 жашта турмуш куруусу керек. Балдар эми кичине жашоодо акча тапканды үйрөнүп, 22ден баштап үйлөнсө болот.
«Мугалимдер окууга кызыктыра албайт»
Мурод, 11-класста окуйт, Араван району
Милиция кызматкери болгум келчү. Бирок азыр башка кесипти тандап койдум окшойт. Азыр эмерек жасайм. 8-класста окуган кезде шакирт түшкөнмүн. Мектепти бүткөндөн кийин деле ушул кесип менен иштесем керек. Балким ашпозчулукту да үйрөнөттүрмүн.
Бул өзүмдүн эле чечимим. Окууга кызыгуум жок. Мектепте деле жакшы окубайм. Негизинен мектептеги мугалимдер окууга кызыктыра албайт. Мектептердеги абал эч жакпайт, баргым да келбейт. Андан көрө бир кесиптин ээси болуп, иштеп акча тапсам дейм. Бул сөзүмдү мугалимдер укса тилдешет.
Үй-бүлөмдөгүлөр окубай койгонумду көрүп, «өз каалаганыңды кыл, бир кесиптин ээси болгонуң жакшы» дешти. Анан азыр университетке кирсем деле үй-бүлөм акча жактан кыйналып калат. Андан көрө тезирээк акча таап, атама жардам бергеним жакшы.
Негизи универсал болгум келет, ар кандай кесиптерди аркаласам дейм. Мамлекеттик мекемелерде иштөөчү кесипти ээлегим келбейт. Апам ооруканада медайым болуп иштейт. Көп кыйналганын билем. Мамлекеттик кызматта эркин иштей албасаң керек деп ойлойм. Маянасы да аз.
Максатым — жакшы жумушка ээ болуп, ата-энемди ыраазы кылуу. Окуудан көңүлүм калган болсо да үкөлөрүмдү жакшы окутуп, шарттарды түзүп берүү.
Эми бул максаттарыма жете алам деп ишенем, жакшы аракет кылып 5-6 жыл ичинде акча топтоп бир ишкана ача алам.
Айлана-чөйрөмдөгү элдин сөз кылганы жакпайт: «анын тууганы разборщик, же прокурор, же болбосо милиция, бул баарын кылса болот, сага болбойт» дегендер. Бул өзбек же бул кыргыз деп бөлүнүүлөр жакпайт. Өзүмдү эркин сезе албайм.
Баары бирдей болушун каалайм. Адамдар бири-бирине ишенген, бөлүнбөгөн, алдабаган, айылда кара жумуш кылып деле тууганы чоң кызматта иштесе, ошондон коркпогон коомдо жашагым келет эле.
«Окумуштуу баланын апасы болгум келет»
Инобатхон, 56 жашта, Араван району
3 балам бар: эки уул, ортончусу кыз. Кенже уулум мектепти бүтүп азыр университетте программистикке окуп жатат.
Балдарымдын бардыгы окууну каалашчу. Бирок кичүү балам гана жогорку билим алып жатат. Чоң уулум мектепти бүтүргөн жылдары начар абалда элек. Окутканга шартыбыз болбогонун балам өзү түшүнүп университетке тапшырган эмес. Кызым мектепти бүткөн жылдары болсо Ошто коогалаң болуп кеткен. Атасы да, акеси да кызымды Ошко окууга жиберүүгө каршы чыгышкан. Кызым деле өзү коркуп, окуй албай калды. Азыр эми кенжебиз окуп атат.
«Окуйсуң, мен деле окумушту баланын апасы болгум келет!» деп көп айтып, уулума түрткү бергенмин. Өздөрү да «окугубуз келет, кайсы окуу жайга тапшырсак экен?» деп айтышар эле.
Жогорку билим алса жакшы да. Калемсап менен нан таап жейт, кара жумушта өмүрүн өткөрүп кыйналбай жашайт. Балдары да билимдүү, интеллигент үй-бүлө болот.
Балдар билимдүү болуусу кажет. Кыйналсаңар да уул-кызыңардын окуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергиле, анан өзүңөрдү ошолор багат деп айтар элем. Уул-кыздарын окуу жайга жиберсе деле мүмкүнчүлүктөрдү азыраак түзүп берген тааныштарым бар.
Бизде «эл эмне дейт?» деген сөздү башкача түшүнүп алып эле көпчүлүк учурда балдарыбызды үйгө камай беребиз. Бирок акча табуу керек болуп калып, Орусияга жөнөтүүдө «адамдар эмне дейт?» деген сөздү эстебейбиз. Чоң той кылганга акчабыз бар, бирок балдарыбыздын билим алуусуна акча жок. Элден калбай деп үйлөрүбүздү сонун кылып оңдойбуз. Эркектерибиз бир нерсенин шылтоосу менен эле топтолуп аш жегенге акчасы бар да, бирок балдарын окутканга акчасы жок.
Дагы бир айта кетчү нерсем — уулум 2-курс болду, аябай кыйналып окутабыз. Былтыр балам окууга жаңы тапшырган кез эле. Күзүндө акеси Орусиядан кайтты. Кышында үйдө акчабыз калбай калды. Банктан насыя алып баламдын контрагынын жарымын төлөдүк. Бирөөлөрдөн карыз сурап, апта сайын акчасын берип турдук.
Балам көп изденет. «Университет мага жакшы билим бере албай атат, апа. Сиздерди кыйнап окуп жүрөм» деп көп айтат. Башка курстарга барып билимин өркүндөткүсү келет, бирок курстар кымбат болгондуктан окуй албай атканын бизге ачык айтпаганын байкайм.
«Актёр болом десем жакындарым күлүшөт»
Жавохир, 11-класста окуйт, Араван району
Актёр болгум келет, кинолордо жана клиптерде роль жаратууну кыялданам.
Чынын айтканда, университеттерде окууну кыялданам, каалайм. Бирок мектепте окуу жакпайт, мугалимдер окутуп жаткан көп нересени түшүнбөйм жана жактырбайм.
Акелерим менен 8-класстан баштап устачылык кылып жүрүп, аны да үйрөндүм. Ошол эле жылы кышында шакирт түшүп, наабайчылыкты үйрөндүм. Азыр өзүм нан жаба алам.
Мектепте окуп жүрүп, наабайчылыктан жакшы акча табам. Бизде жумуш кечинде болгондуктан эртең мененкиге нан жабыш керек болот. Ошого кээде сабакка деле барбай калам, барсам дагы 2-3-сааттарга барам.
Жогорку окуу жайга тапшырып, актёр болуу кыял бойдон калат окшойт. Анткени окууга тапшырууга билимим деле жетпесе керек. Анын үстүнө үй-бүлөмдү каражат жагынан кыйнап койбоюн дейм.
Ата-энем менен окуу тууралуу сүйлөшкөнбүз, бирок алар мени колдогон эмес. Атам «мектепти бүтүрүп, аттестатыңды алгандан кийин Орусиядагы акелериңдин жанында иштейсиң» деген.
Ата-энем менин кыялдарымды, максаттарымды туура кабыл албагандыктан өзүмдө да аны орундатууга жетиштүү аракет да, каалоо да жок.
«Ушундай актёр болом» деп айтсам, жакындарым же досторум олуттуу кабыл алышпайт, тескерисинче күлүшөт. Үй-бүлөмдөгүлөр болсо «Актёрлуктан сага эмне пайда, шаардагылар орун беришпейт! Андан көрө ошол навайчылык кылганың жакшы» деген сөздөрдү айтышкан.
Эркин, мени түшүнгөн адамдардын арасында, мага жаккан мугалимдер менен адамдардын чөйрөсүндө окугум келет. Бирөөлөрдүн кыялдарына жетүүсүнө жардам берип, колдой турган адамдардын ичинде жашагым келет. Бирөөлөрдүн кыялдарына күлгөн адамдарды өзгөрткүм келет. Бирок кантип өзгөртүүнү билбейм.
Диалог керек
«Араван-Прогресс» жаштар уюмунун башчысы Икбол Исаков жаш муун менен улуу муундун ортосундагы диалогду жакшыртуу боюнча сегиз жылдан бери иштеп келатат. Коомдогу бул көрүнүшкө карата ал төмөнкүлөргө токтолду:
Негизинен менин оюм бир гана өзбек улутундагы жаштарга эмес, кыргызстандык бардык улан-кыздарга карата айтылат. Билим алууга кызыкпоо, бир ишти акырына жеткирбөө бардык жаштарыбызда кездешип жатат. Эми мунун себептери көп.
Маселе үрп-адаттарыбыздан келип чыгып жатат. Чоңдордун, ата-энелердин айткан сөздөрүн угуп, аларга макул болобуз. Көп учурда «Сен эмнени билет элең? Жашсың, көп нерсени көрө элексиң!» деген улуу муун керектүү болгон көп нерседен бизди тыйып коюп жатат.
Бирок биздин доорубуз өзгөрүп жатат. Айлана-чөйрөбүздөгү дүйнө өзгөрүп жатат. Алардын жашаган кез менен азыркы жаштардын жашап аткан убактысы, дүйнөсү башка болгондуктан, менин оюмча, улуулар жаштарга кулак салып, керектүү учурда жол көрсөтүүсү керек.
Жаштар өздөрүнүн кыялы жөнүндө ата-энеси менен сүйлөшсө жакшы болмок. Ата-эне менен балдардын ортосундагы диалогду жакшыртуу үчүн ишеничти пайда кылуу керек. Ишенич качан пайда болот? Жаштар бир нерсе айтып жатканда аларды угуп, аларды түшүнүп, аларга жол көрсөтсө. Жаштар «Сиздер да жаш болгонсуздар, сиздердин да максатыңыздар болгон. Менин да максатым бар, мага да бир мүмкүнчүлүк бериңиздер» деп айтып, түшүндүрүшсө, ата-энеси түшүнсө керек.
Кыздарыбызга келечекте керектүү болгон кесипти үйрөтө албасак, алар замандан, бардык нерседен артта калат. Бул бир эле адам эмес, үй-бүлө артта калат деген нерсе. Атаандаштыкка туруштук бере албай калат. Бул нерселер адамдарга түрдүү: социалдык, каржылык, психологиялык көйгөлөрдү алып келиши мүмкүн.
Бирок ата-энелердин «кызымды турмушка берсем, кутулсам» деген мамилеси да туура эмес. Ата-энелер «менин кызым дагы инсан, анын деле кыялдары, максаттары бар» деп ойлосо, пайдалуураак болмок.
Ошондой эле, азыркы убакытта диплом эч кандай роль ойнобой жатат. Мисал үчүн, университетти аяктап, дипломду алгандан кийин ошол өз кесиби боюнча иштеши керек. Бир жактан мамлекетибизде иш жок болсо, бир жактан университетте алып жаткан билими заманбап эмес. Базар экономикасына карап, кандай адистиктер керек, билимдин сапаты кандай болушу кажет экенин баамдабай, эски система менен окутканыбыз үчүн, оюмча, дипломдуу адистер иштеп кете албай жатат.
Бир чети ата-энелердин айтканы да туура. Бир таанышынын баласы окууну бүтүрүп келип, адистиги боюнча иш таба албай же мамлекеттик ишканаларда аз айлыкка иштеп жүргөн учурлар да көп кездешет. Мындан улам ата-энелердин баласын мигрант болууга үндөөсү кадимки көрүнүш.
Сүрөттөр автордуку
Редакторлору: Элмурат Асан, Дастан Үмөтбай уулу