17-январда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтында ушул жылдын экинчи антикытайлык митинги болуп өттү. Митинг массалык кармоолор жана акция катышуучуларынын кууп таратылуусу менен аяктады. Ушундай митингдер кыргыз саясатында канчалык маанилүү? Деги эле антикытайлык күчтөрдүн чыныгы саясий салмагы барбы? Ушул жана башка суроолорубузга саясат таануучулар жооп беришти.
Экинчи антикытайлык митинг милиция менен макулдашылган. ЖМКлардын маалыматтарына караганда бул акцияга 200-300дөй киши келген.
Нааразычылык акциясын «Кырк Чоро» кыймылынын активисттери уюштурушкан. Алар бийликтегилерден чет өлкөлүктөргө кыргыз жарандыгын берүүгө мораторий киргизүүнү, кытайлык кредиттердин колдонулган каражаттарын текшерүүнү жана Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөндөрдү издеп таап, өлкөдөн кууп чыгарууну талап кылышты.
Антикытайлык акция учурунда «кыргыз кыздары чет өлкөлүктөргө эрге тийбеши керек», бийликтегилер «Кытай жарандарына виза берүүнү чектеши керек» жана кыргыз паспортундагы «улуту» графасын кайтарыш керек деген ойлор айтылган.
Кытай экспансиясына каршы митинг катышуучуларды кууп таратуу жана массалык камоолор менен аяктаган. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акцияны таркатуу учурунда «коомдук тартипти бузгандыгы» үчүн милиционерлер 21 кишини кармашкан.
Кармалгандардын арасында NEXT TV телеканалынын журналисти Жоодар Бузумов да бар болуп чыкты. Тартип сакчылары журналистти митингдин катышуучуларынын бири деп ойлоп алышкан. Кийинирээк Бузумовду коё беришип, андан кечирим сурашты.
Саясат таануучулар эмне деп жатышат?
Саясат таануучу Медет Түлөгөновдун айтымында, кыргызстандыктардын арасындагы антикытайлык маанайлар ксенофобия жана иштеп жаткан бийликке ишенбөөчүлүк сыяктуу факторлордун айынан келип чыккан.
Түлөгөнов антикытайлык маанайга тунук жана эффективдүү эмес мамлекеттик башкаруу, кытай инвесторлору менен иштөөдөгү так жана ачык эрежелердин жоктугу таасир берет деп эсептейт.
«Туулган жери, Эксимбанктан зайым алуу, “Жунда” заводунун ачылышы жана башкаларга тийиштүү чечимдерди кабыл алуу боюнча ачык саясат [бизде жок]. Баары белгилүү болсо оңой болот», — деди Түлөгөнов.
Саясат таануучунун сөздөрүнө караганда, коомдогу антикытайлык маанайлар фактынын өзү кыргыз бийлигине пайдалуу эмес, анткени алардын кытайлык кесиптештери менен өз ара аракеттешүүсүндө тоскоолдуктарды жаратат. Ал эми тобокелдиктерди минимизациялоо үчүн кыргыз мамлекеттик түзүмдөр зайымдардын эсебининен ишке ашырылып жаткан ар бир долбоор боюнча отчет бериши зарыл.
«Эгерде баары ачык жана түшүнүктүү болсо коомчулукта суроо да болбойт», — деди Түлөгөнов.
«Полис Азия» аналитикалык борбордун жетекчиси Элмира Ногойбаеванын айтуусунда, антикытайлык маанайлардын себептери — бул өлкөдөгү жакырчылык жана системалык кризис.
«Элде акча иштеп табуу мүмкүнчүлүгү жок, андыктан бул башка өлкө жарандарын жактырбоого өтүп кетет. Ал эми эрге тийгендик боюнча — бул такыр эле болбогон нерсе. Кантип кимдир бирөөгө жеке, өз алдынча чечим кабыл алууга тыюу салуу мүмкүн?» — деп айтты саясат таануучу.
Ногойбаева антикытайлык митингдерге жана антикытайлык маанайларга реакция кылуу керек деп эсептейт. Анткени ал жакта «радикализация бар» деген пикирде.
«Радикализация диний эле эмес, социалдык дагы болот да. Бул жерде беглилүү бир өлкөнүн өкүлдөрү менен, кытайлыктарга тийип жаткан жарандардын укуктарын кемсинтүү күчөнүү тобокелдиги бар», — деди Ногойбаева.
Саясат таануучу Марат Казакпаев дагы антикытайлык митингдерге реакция кылыш керек деген ойдо.
«Биз “Датка-Кемин” [электр берүүчү линия], “Түндүк-Түштүк” [альтернативдүү жолдун курулушу] кытайлык долбоорлорун текшеришибиз керек. Мындан эч нерсе болбойт. Биз кытайлык тарапты сындабай элебиз да», — деди Казакпаев.