Январда кыргыз басылмалары жаңы Жазык-процессуалдык кодекси (ЖПК) боюнча милиционерлер үйлөрдү алардын ээлеринин уруксаты жок эле тинтүү жүргүзө алышаарын жаза башташкан. Precedent info юридикалык порталы мунун чын-төгүнүн аныктаган. Бул түшүндүрмөнү мүмкүн болушунча кыскача баяндап беребиз.
Эмне болгон?
Юрист Арман Кыйгырова Kaktus.Media басылмасына билдиргендей, эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери үйдү ээси жок деле тинте алышат.
«Тактап айтканда, ар бир кызматкер келип, бир нерсе таштап кетиши мүмкүн. Тинтүү учурунда видеого тартылат деп айтылат. Бирок ал башынан баштап эле жүргүзүлөөрүнө кепилдикти ким бере алат? Же монтаж болбосуна?» — деп нааразы болгон ал.
Бул чынбы?
Андай деле эмес. Жаңы ЖПК боюнча, үйдү тинтүү учурунда сөзсүз түрдө ал үйдө турган жашы жеткен адам же үй ээсинин жактоочусу болушу керек.
Эгер мындай мүмкүн болбой калса гана милиция тинтүүгө жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын өкүлүн чакырышы керек.
Жаңы кодекс боюнча тинтүү кандай жүргүзүлүшү керек?
Тергөөчү судьянын уруксатын алуу менен гана *муну дээрлик дайыма жүргүзүүгө болот.
Тинтүүнүн алдында тергөөчү турак жайдын кожоюнуна соттун токтомун көрсөтүп, ага тергөөнү кызыктырган буюмдарды же документтерди өз эрки менен өткөрүп беришин сунушташы керек.
Тинтүү маалында сөзсүз түрдө бул үйдө жашаган адам, орун жайдын кожоюну болушу керек же (эгер аталгандардын ичинен бирөөсүн да табуу мүмкүн болбой калса), анда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын мүчөсү катышуусу керек. Эгер компанияда тинтүү жүрүп аткан болсо, анда иш-чара учурунда анын жетекчилеринин бирөөсү болушу зарыл.
Тергөөчү тинтүү учурунда алына тургандардын бардыгын тинтүүгө катышкандардын баарына көрсөтүп, таңгактап, мөөр басып, күбөлөрдүн кол белгилери менен күбөлөндүрүшү керек.
Тинтүү бүткөн соң тергөөчү протокол түзүп, анын көчүрмөсүн тинтүү жүргүзүлгөн үйдө жашаган адамга же ал үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөсүнө тапшырышы керек. Эгер алар жок болуп калса, анда протоколдун көчүрмөсү үйдүн кожоюнунун адвокатына же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын өкүлүнө тапшырылышы зарыл.
Эгерде тинтүү уюмдун ичинде жүргүзүлсө, анда протоколдун көчүрмөсү уюмдун өкүлүнө тил кат менен берилет.
*Дээрлик дайыма? Бул кандай?
Тергөөчү эң болбоду деген эле учурларда гана тергөө судьянын чечими жок тинтүү жүргүзө алат.
Бул кандай учурлар? Эгерде тергөөчүдө тинтүү учурунда алыш керек болгон буюм кечеңдөөдөн улам жоголуп, сынып же кылмыш жасоо үчүн колдонулуп кетиши мүмкүн деген кооптонуу болсо же божомолдонгон кылмышкер изин жашырып кетиши ыктымалдыгын негиздеген коркунуч бар болсо.
Мисалы, тергөөчү кимдир бирөө бир нече сааттан кийин өз батиринде сактаган бомбаны соода борборуна коё турганына көзү жетип, бирок анда судьянын уруксатын алууга убактысы жок болгондо.
Бирок бардыгы биз ойлогондой жөнөкөй эмес. Тергөөчү «уруксаты жок» тинтүү жүргүзүүгө кетээрден мурда бул тууралуу тергөө судьясына кат түрүндө билдириши керек. Ал эми судья тинтүүнү кечиктирүүсүз жүргүзүш керек беле же жокпу деген укуктук баа бериши керек.
Бирок жада калса мындай сыяктуу тездетилген тинтүүнү жүргүзүү учурунда да ошол үйдө жашаган адам (ал үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөсү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын өкүлү же эгер ишканада тинтүү жүрүп аткан болсо компаниянын өкүлү) болушу керек.