Иркутскидеги массалык уруштан кыргызстандык каза болду

Орусиянын Иркутс шаарында 25-июнда массалык мушташ болуп, Кыргызстандын жараны бычактан жараат алып каза болду. ТИМден билдиришкендей, кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келинди.

Мушташ 25-июнга караган түнү Иркутсктун «Голд Велл» кафесинде болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ага 10 киши катышкан деп билдирди – бардыгы Кыргызстандын жарандары.

Мушташтын жыйынтыгында 24 жаштагы Кыргызстандын жараны бычактан жараат алып каза болду.

«Азаттык» радиосу Иркутс шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Тынчтыкбек Абдылдаевге шилтеме жасап, кыргызстандык жаран жүрөк жана боор тарабынан жараат алган, деп билдирет.

Бирок Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тергөөнүн сыры деп ырастаган жок.

ТИМдин маалымат жана маданият башкармалыгынын дипломатиялык адиси Чынгыз Эсенгул уулу каза болгон жарандын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди деп билдирди.

Анын айтымында, учурда Иркутс шаардык ички иштер башкармалыгы мушташтын келип чыгуусунун себептерин иликтеп жатат. Кылмыш иши козголду.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев үстүбүздөгү жылдын апрель айында 2012-жылдын башынан бери чет өлкөлөрдөн 20дан ашык кыргызстандык каза болгон, деп билдирген.

Автор: Гульжан Турдубаева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков