20 жыл иштебей турган «Кербен» аэропорту кайрадан кызмат көрсөтүп баштайт

"Кербен" аэропорту. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Жалал-Абад облусундагы «Кербен» аба майданы май айында ачылмакчы. Бир саатта 50 жүргүнчүнү тейлей алган аэропортту оңдоп-түзөө иштерине жалпы 11 млн сом сарпталаары күтүлүүдө.

Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 1-мартында «“Кербен” аба майданынын ишин жандантуу» тууралуу мыйзам долбоорун карап чыгып токтом кабыл алган. Ага ылайык июнь айында Кербен шаарынын аэропортун оңдоп-түзөө иштери башталган. Аэропорттун ишин жандантууну «Манас» эл аралык аба майданы ишке ашырууда.

«2018-жылы аэропорттун учуп-конуу тилкеси жана авиабекети оңдоодон өткөрүлдү. Учурда авиабекеттин аянтын кеңейтүү иштери жүрүүдө», — деди «Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова.

«Кербен» аэропортунун жетекчиси Мамбеталы Исманалиев аба майдан Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун жана Таш-Көмүр шаарынын тургундарын тейлөөгө алаарын айтат.

«Кышкысын, жол жабык кезде 10-15 сааттап жол жүргөндөргө жакшы шарт түзүүдө», — деген Исманалиев аэропорт 2019-жылдын май айынан тарта иштей баштаарын кошумчалады.

Учурда аэропортто кандай каттамдар болоору белгисиз. Анткени аба майданы ишке кирээрде авиа компаниялар өздөрү сунуш берип, андан соң аны авиация жана монополияны көзөмөлдөө агенттиктери карап чыгышы керек.

«Кербен» аба майданы 1976-жылы негизделип, анда Кербен-Ош жана Кербен-Бишкек каттамдары иштеп турган. 23 жылдан соң жүргүнчүлөрдүн жоктугунан аэропорт жабылууга аргасыз болгон.