Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы көйгөйлөр боюнча жыйын өткөрдү. «Клооп» анын айткандарын кыскача баяндап берет.
«Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясы 27-февралда Бишкекте президенттин жетекчилиги астында өттү.
Өлкө башчы Кыргызстандын аймактарды өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу айтып берип, өнүгүүсүнүн зарылдыгын ички миграциянын күчөшү, ошондой эле алыскы айылдарда көчүп кеткендердин санынын көбөйүп жатканы менен түшүндүрдү.
Коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт
Жээнбековдун айтымында, Кыргызстанда коррупциянын масштабы «ойлогондон да кеңири кулачын жайган». Президент бийлик жакында көптөгөн коррупциялык фактылардын бетин ачаарын убада кылды.
«Коомду коррупциядан тазалабай туруп, өлкөнү экономикалык саздан чыгара албайбыз. Долбоорлордүн көпчүлүгүн ошол коррупциялык схемалардын айынан ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бүтүндөй эл бул күрөштү колдой баштаганда гана жыйынтыктарга жетебиз», — деди Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болгондон кийин коррупцияга каршы күрөштү өз ишинин негизги багыттарынын бири деп жарыялаган.
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кампаниянын жыйынтыгында чоң мансаптагы аткаминерлер камакка алынган. Алардын көпчүлүгү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү: экс-премьер Сапар Исаков жана Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов.
Февралда Жээнбеков жемкорлукка каршы күрөштөн түшкөн акчалар жаңы мектептерди курууга багытталаарын жарыялаган. Бийлик 2018-жылы июлда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчалар үчүн атайын эсепти ачкан. Каржы министрлиги 20-февралда маалымдагандай, атайын эсепке 1 млрд сомдон ашык акча түшкөн.
Айылдарды таза суу менен камсыздоо
Президент өлкөнүн жарымында таза суу пайдаланууга мүмкүнчүлүк жок экенин айтып, бул көйгөй беш жыл ичинде эл аралык донорлордун жардамы менен чечилээрин убада кылды.
«Биз каражаттарды эл аралык уюмдардан алабыз, бирок аларды туура колдонуш керек. 2000-жылдарга чейин миллиарддар келип турган, каражаттардын бардыгы өз багыты боюнча колдонулган эмес», — деп билдирди Жээнбеков.
Анын айтымында, эл аралык донорлор жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ишенбей калышкан. Ошондуктан эми алар «Таза Суу» долбоору боюнча каражаттардын бөлүнүшүн дыкат көзөмөлдөөгө тийиш.
«Донорлордон келген каражаттар ким тарабынан тартылып келбесин — бул элдин акчасы экенин түшүнүшүбүз керек. Аны Кыргызстан элинин көйгөйүн чечүү үчүн беришкен. Ошондуктан долбоор бир көчөнүн көйгөйүн эмес, ар бир үй таза суу менен камсыздалгандай сапаттуу аткарылышы керек», — деп билдирди өлкө башчысы.
Акыйкатчынын 2018-жылы январда жарыялаган отчётуна ылайык, Кыргызстанда 1200дөн ашуун айыл борбордук суу түтүк системасына кошулган эмес. 267 айылдын суу түтүктөрүн 1960-жылдары курушкан, ал эми өлкөнүн 396 айылына түтүк такыр эле тартылган эмес.
2000-жылдан тарта Кыргызстанда «Таза суу» долбоору иштеп баштаган. Анын максаты — айылдарды таза суу менен камсыз кылуу. Долбоордун ишке ашуусуна Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк Банк акча бөлгөн — алардын жалпы суммасы 90 млн долларды түзгөн.
Бирок, финансылык долбоорлор коррупциялык жаңжалдардын айынан токтотулган эле. Башкы прокуратура каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн 26 кылмыш ишин козгоп, алардын ичинен 19 иш сотко жөнөтүлгөн. Кылмыш иштери боюнча келтирилген зыяндын суммасы 6,3 млн сомду түзгөн.
Министрлер аймактарга барбай жатышат
Президенттин айтымы боюнча, кээ бир министрлер аймактардын көйгөйүн жакшы түшүнүшпөйт, бирок Жээнбеков конкреттүү ысымдарды атаган жок. Ал айрым ведомстволордо аймактарды өнүктүрүү боюнча так саясаттын жоктугун белгиледи.
«[Министрлер] маселелерди жеринен талкуулашпайт. Аймактарды кыдырууда мага жергиликтүү башкаруу деңгээлинде чечилчү маселелер боюнча байма-бай арыздар түшөт», — деди ал.
Жээнбеков аталган маселени чечүү үчүн акимдер менен жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын кеңейтүү керек деп эсептейт. Андан тышкары, президент аларга колдоону жакынкы шаарлардан тартуу керектигин айтты.
Аймактардагы IT технологиялар
Жээнбеков «Түндүк» системасынын жардамы менен 189 кызмат көрсөтүү электрондук форматка өткөрүлөөрүн айтты.
«Ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап, маалымкат, же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт [...] Кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат», — деди президент.
Анын айтымында, бул система балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу сыяктуу бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга жардам берет.
Жээнбеков 2019-жылдын аягына дейре 245 мектепти интернетке кошуу пландалып жатканын кошумчалады. Жалпысынан Кыргызстанда 1857 окуу жайы интернетке кошулган.
«Калктын кеңири катмарында, өзгөчө айыл жерлеринде, жаңы технологияларды колдонуунун артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн масштабдуу иштерди жүргүзүү зарыл», — деди өлкө башчысы.
Ал 2019-жылы бийлик билим берүү жана медицина тармактарына кызмат акыларын электрондук ыкма менен төлөө системасын киргизиши керектигин кошумчалады.
2014-жылдын декабрында Жээнбеков маморгандардын санариптештирүүлүсүн сынга алган. Анын айтымында, акыркы жети жылда мамлекеттик органдарды санариптештирүүгө 50 млн доллар коротулганы менен бул күтүлгөндөй жыйынтык берген эмес.
Анын айтымында, буга мамлекеттик түзүмдөрдүн иштин санарип форматына өтүүгө жана өз маалыматтарын жарандар менен бизнеске жеткиликтүү кылып берүүгө умтулуусу жок болуп атканы себеп болууда.
Аймактардагы банктар начар иштейт
Президент аймактардагы банктардын бөлүмдөрүнүн иштерин сынга алган. Анын айтымында, азыр финансылык сервистер аймактардагы тургундардын баарына жеткиликтүү эмес
«Чакан жана орто ишкерликти колдошубуз керек. Бул жергиликтүү органдардын милдети. Чакан жана орто ишкерликтин өнүгүшү менен ири бизнеске жол ачылат. Биздин коммерциялык банктар аймактардагы тейлөөлөрүн жакшыртышы керек. Көптөгөн жерлерде алар абдан начар иштешет», — деди өлкө башчысы.
Жээнбеков чакан жана орто бизнести колдоо үчүн бийлик учурда иштеп аткан ишканаларды текшерүүгө каршы эки жылдык мораторий киргизгенин айтты. Анын пикирине ылайык, мурдагы жылы ишкерлер пландалган 20 млрд сомдун ордуна 25 млрд сом насыя алышкан.
2026-жылга чейинки пландар
Мындан тышкары, президент аймактарды 2026-жылга чейин өнүктүрүү боюнча башка максаттарды да белгилеп өттү. Алардын ичинен негизгилери:
• Жаңы калктуу конуштарды, чарбаларды куруу жана 240 миӊден ашуун жаңы иш орундарын түзүү.
• 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү.
• Жыл сайын ар бир райондун борборундагы жолдорго 3 километрден кем эмес асфальт төшөө.
• ИИМдин аймактардагы участкалык жана балдар менен иштөө инспекторлорунун санын 300 адамга көбөйтүү.