Жогорку Кеңеште «балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо» жөнүндө мыйзамды кабыл алууну сунушташты. Ушундай эле документти эл өкүлдөрү 2012-жылы эле кабыл алгылары келген, бирок анда укук коргоочулар каршы болуп, бийлик аны «цензура» үчүн колдонот деп айтып чыгышкан.
Мыйзам долбоорун депутаттар 24-февралда коомдук талкууга чыгарышкан. Ага ылайык, парламентарийлер балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө залал келтире турган интернет, радио жана телевидениедеги маалыматтарга жаш курактары боюнча чектөө белгисин коюга милдеттендиргилери келет.
Балдар үчүн зомбулукка, баңгизаттарды колдонууга жана сойкулук кылууга насыяттаган, анын ичинде порнографияны камтыган, мыйзам бузууларды актаган же үй-бүлөлүк баалуулуктарды дискредитациялаган маалыматтар тыюу салынышы мүмкүн.
Мындан тышкары, телевидение жана радиодогу ушул сыяктуу телеберүүлөрдүн трансляциясына таңкы саат 6дан кечки саат 23кө чейин тыюу салынышы ыктымал.
«Баланын турмуштук тажрыйбасы болбогонунан, психикасы бекемделбегенинен улам, балдар чоңдорго караганда компьютердик оюндар, мобилдик байланыш, жарнама, айрыкча, дүйнөлүк интернет тармагы аркылуу терс таасирге көбүрөөк учуроодо», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.
Балдар үчүн тыюу салынган интернеттеги контент «программдык-аппараттык каражаттардын» жардамы менен байланыш провайдерлери тарабынан иргелип турушу керек. Мыйзам долбооруна ылайык, иргөө процедурасын кандайдыр бир «ыйгарым укуктуу орган» иштеп чыкмакчы.
«Прецеденттин» юристи Эдил Эралиев мыйзам долбоордо түшүнүксүз туюндурмалар көп жана аны аткаруу механизмидери анчейин анык эмес деп эсептейт. Анын айтымында, эгер мыйзам кабыл алынып калса, жаңы ведомство түзүү муктаждыгы жаралып, өз кезегинде ал мамлекеттик бюджетке артылган дагы бир жүк болуп калмакчы.
«Эгер коомчулукка чындыгында эле ушундай мыйзам керек болсо, анда анын кемтиктерин толуктап иштеп чыгуу керек. Анткени мыйзамдын азыркы текстти укук колдонулуучу практикада кыйынчылык жаратат, себеп дегенде андагы айрым жоболор менен аткаруу механизмдери түшүнүксүз жана так эмес», — деди Эралиев.
Мыйзам долбоордун тексти 2010-жылы Орусияда кабыл алынган мыйзамдын корутундусун кайталайт. Документтеги кээ бир бөлүмдөр менен беренелер сөзмө сөз шайкеш келет.
«Первая и последняя полосы газеты, обложка экземпляра печатной продукции, иной полиграфической продукции, запрещенной для детей, при распространении для неопределенного круга лиц в местах доступных для детей, не должны содержать информацию, причиняющую вред здоровью или развитию детей».
Кыргызстандын мыйзам долбоору
«Первая и последняя полосы газеты, обложка экземпляра печатной продукции, иной полиграфической продукции, запрещенной для детей, при распространении для неопределенного круга лиц в местах, доступных для детей, не должны содержать информацию, причиняющую вред здоровью и (или) развитию детей».
Орусиянын мыйзамы
Депутаттар 2012-жылы ушул сыктуу эле мыйзамды кабыл алууну сунушташкан. Ал кезде укук коргоочулар, байланыш операторлору жана айрым ири сайттар, мисалга алсак namba.kg порталы каршы чыккан. Мыйзам долбооруна каршы чыккандар эгер ал кабыл алынып калса, анда бийлик аны цензура үчүн курал катары колдоно алат деп айтышкан.
Ал учурда интернетте мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы петициянын алдында кол топтой башташкан. Петицияга миңден ашуун колдонуучу кол койгон.