Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов

Бир кездерде Ошто таасирлүү болуп турган «Улуттар биримдиги» партиясы бир нече жылга созулган жымжырттыктан кийин 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн даярдык көрүп атканын жарыялады. Келгиле партия тууралуу жана анын дымактуу төрагасы, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов тууралуу эмне белгилүү болгонун эстеп көрөбүз.

Мырзакматов деген өзү ким?

Мелис Мырзакматов — Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан саясатчы, ал 2009-2013-жылдары өлкөнүн экинчи борбору саналган Ош шаарынын мэри болуп турганда атактуулугунун туу чокусуна жеткен. Анткени менен Мырзакматов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин да, ошол эле жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон этникалык жаңжалдан кийин да өз кызматын ордун сактап кала алган чоң мансаптуу аткаминерлердин бири болгон. Болбосо, ал учурда Бакиевдин убагында кызматка орношкондордун баарын алмаштырып жатышкан эле.

Мырзакматов өзүн абройлуу, төрт тарабы төп келишкен «элдик» саясатчы катары көрсөтүп келген. Анын мэрлигинин акыркы жылдарында эксперттер Мырзакматовдун күчтүү дымагы, ал регионалдык деңгээлде эң начарлардын арасында мыктылардын бири болбостон, республикалык масштабдагы саясатчы болгусу келгени тууралуу айтышкан. Бирок Бишкектеги бийликке Мырзакматовдун күчтүү лидер болгону, аны жергиликтүү калк колдогону, ошол эле учурда анын күтүүсүз аракеттери жана борборго өзүнүн баш ийбестигин көрсөткөнү жаккан эмес.

«Кыргыз коомчулугунда элдерге өз көз карашында тайманбастан, борборго каршы салмактуу аракеттерди жасай алгандар жагат. 2011-жылы Мырзакматов Убактылуу өкмөттү ачык сындагандан уялган эмес, жалпылап айтканда, андайга анын деңгээлиндеги Кыргызстандын аткаминерлери батына алышкан эмес», — деп айткан эксперт Инга Сикорская 2013-жылы Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институту (IWPR) үчүн курган маегинде.

Инга Сикорская

2013-жылдын аягында бийликтегилер Мырзакматовду мэр кызматынан алуу үчүн шылтоо табышкан. Мырзакматов Оштун мэри болуп туруп, тагыраагы декабрдын башында, буга чейин бир ай мурда коррупцияга айыпталып камакка алынган парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибековду колдогон митингге чыккан. Бул премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге жакпай калып, ал биринчи Мырзакматовду ыйгарым укугунан чыкпоого чакырып, эки күн өткөндөн кийин аны кызматынан алган.

Мырзакматовдун өзүнүн айтымында, анын кызматтан кетишине бийликтегилерге, анын ичинде ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге жана анын президенттик социал-демократтар партиясына ачык эле каршы турганы себеп болгон.

«Мага карата саясий репрессиялардын себеби, биз жетектеген «Улуттар Биримдиги» партиясы бийликтин кемчиликтерин ачык айтып, бийликтегилердин коррупциялык иштерин көзгө сайып көрсөтүп турганыбызда», — деп ошондо айткан Оштун мурдагы мэри.

Саясатчынын кызматтан алынышы Ошто митингдердин жаңы толкундарынын чыгышын шарттаган. Бирок мурдагы мэр өзү тарапташтарын тынчтыкка чакырып, аларды үйлөрүнө таркап кетүүгө үндөгөн.

Кийинчерээк «кылымдын курулушу» делген Оштун борборунда эстакадалык көпүрөнү салууда кызматтык ыйгарым укутарынан аша чапкандыгы үчүн Мырзакматовго каршы кылмыш иши козголгон. Бул долбоорго мурдагы мэр чоң үмүттөрдү арткан. Ал 27 млн сомду ыксыз короткон делип айыпталганы менен Мырзакматов өзү «ар бир тыйын» үчүн жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Айтмамат Кадырбаев

2014-жылы Мырзакматов Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсү менен өткөн шайлоодо Ош мэринин кызматына кайрадан талапкерлигин коюп, бирок анын «Улуттар биримдиги» партиясы шаардык кеңеште 45 орундун ичинен дээрлик жарымын ээлеп турганына карабастан бийликчил талапкер Айтмамат Кадырбаевге утулуп калган. Мырзакматовдун жеңилишинде карама-каршылыктар болгон. Кадырбаевдин пайдасына бир нече гана добуш көбүрөөк берилген, ал эми кийинчерээк коомдук тармактарда жана ЖМКда депутаттар өз тандоолору белгиленген бюллетендерди шаардык кеңештин вице-спикерине көрсөтүп жатышканы тартылган видео пайда болгон.

Ушинтип утулуп калгандан кийин жана кылмыш куугунтугунун шартында Мырзакматов Кыргызстандан качып кеткен. 2015-жылы сот аны сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан.

Анын партиясы канчалык белгилүү?

Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясы 2012-жылы Ош шаардык кеңештеги 45 орундун ичинен 21 орунун алгандан кийин кыйла эле атактуу фигурага айланган. Мындай сандагы орундар партиянын коалиция түзүшүнө мүмкүнчүлүк берген, бирок бул процесс оңой-олтоң болгон эмес.

Калган башка партиялар — «Республика», «Ата Мекен», КСДП жана «Адилеттүү Кыргызстан» — шаардык кеңештеги Мырзакматовдун тарапкерлеринин үстөмдүгүнө нааразы болушуп, шайлоонун жыйынтыгын талашууга аракеттенишкен. Бирок «Улуттар биримдиги» дароо башка партиялар — Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы жана «Замандаш» менен бириге калып, көпчүлүктү түзө алган.

Бул коалиция ушунчалык алсыз болуп калгандыктан, эки жылга жетпеген убакытта Ош шаардык кеңеши «Замандашты» көрсөткөн жалгыз депутат партиялык оппонент атыккан «Улуттар биримдигинин» тарабына өтүп кеткендиктен улам ураган.

Ошентип Мырзакматов Ош мэрлигине кайра шайланам деп турганда, партия күтүүсүз жерден оппозицияга өтүп калып жетиштүү добуш ала алган эмес. Жыйынтыгында шайлоо, Мырзакматовдун жеңилиши менен аяктаган.

Мырзакматов өлкөдөн чыгып кеткенден кийин партиянын жигердүү ишмердиги тынчып калган. Кыргызстандагы акыркы парламенттик шайлоодо 2015-жылы «Улуттар биримдиги» оппозициялык «Ата Мекен» партиясын колдоорун айткан, бирок Мырзакматовдун бир дагы тарапташы депутаттык мандат ала алган эмес, болбосо алардын кээ бири «Ата Мекендин» тизмеси менен барышкан.

Алардын 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү барбы?

Клара Сооронкулова

«Улуттар биримдиги» 2019-жылы февралдын аягында партиянын саясий кеңешине белгилүү юрист жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы шайлагандан кийин партия өзү тууралуу эске салды. Бул кадамды партиядан 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык деп түшүндүрүштү. Сооронкулованын айтымында, ага партияга кирүү жөнүндө сунуш учурда качууда жүргөн Мырзакматовдун өзүнөн түшкөн.

«Партиялар өздөрү кыймылдабаса, эч качан партиялык түзүлүш болбойт. Парламентаризмдин өнүгүшү да партиялардан түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан жасалма партияларды түзүүдөн качышыбыз керек. Мен көптөн бери эле кайсы партиянын алкагында күчүмдү сынап көрсөм экен деп ойлонуп жүргөм», — деп айткан Сооронкулова «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда.

«Клооптун» сурамжылоосунан өткөн саясат таануучулар «Улуттар биримдигинин» парламентке өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп эсептешет. Анткени Кыргызстанда партияларды алардын программалары үчүн эмес, ошол партиялардагы дымактуу лидерлери үчүн баалашат, ал эми Мырзакматовду алар дымактуу деп эсептешет.

«Мырзакматовдун лидерлик сапаты бар. Аны Оштогу жасаган иштери үчүн жакшы билишет [...] Азыр өлкө атамбаевичлерден бошонуп жатат. Ал [өлкөдө] барбы же жокпу маанилүү эмес. Бардыгы менеджменттен көз каранды», — дейт парламенттин мурдагы спикери жана саясат таануучу Зайнидин Курманов.

Курмановдун бул пикирине башка саясат таануучу Марат Казакпаев да кошулат. Анын айтымында, Кыргызстанга кайтып келүү үчүн Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбеков менен кылмыш ишин жокко чыгаруу боюнча макулдашышы керек.

«Түштүктө анын электораты, кадыр-баркы бар [...] Бирок азыр Мырзакматов учурдагы бийлик менен ымалага келүүгө, президентке чыгууга жол издеши керек», — дейт эксперт.

Анткени менен, саясат таануучулардын ой-пикирлери бийлик Мырзакматов менен макулдашууга барабы же жокпу деген суроодо айырмаланат. Курмановдун ою боюнча, Жээнбеков өзүн бириктирүүчү президент катары көрсөтүп жүрөт, андыктан «Улуттар биримдигине» кысым көрсөтүлбөйт. Казакпаев тескерисинче, бийлик үчүн Мырзакматов менен кызматташуу пайдалуу эмес деп эсептейт. Анткени ал Бакиевдин учурунда иштегендиктен, бул ансыз деле учурда кландык башкарууга айыпталып жаткан президенттин беделине терс таасирин тийгизет деп айтты.

«Бийлик аны менен сүйлөшүүгө барууда [этият болууга тийиш], анткени фигуранын [Мырзакматовдун] кайтуусу — Бакиевдерди, үй-бүлөлүк кландык башкарууну актоо жана бул автоматтык түрдө Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө көө болуп жабылып калат. Мырзакматов кадамды биринчи жасашы керек, ал эми бийлик буга барабы же жокпу — бул чоң маселе», — деп түшүндүрдү Казакпаев.

Анын пикирине ылайык, Мырзакматов өз партиясынын ишин баштоо үчүн Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында жаралган мүмкүнчүлүктөн пайдаланган. «Эгер араздашуу болбогондо Мырзакматов шайлоого бармак эмес жана андан ары [жашырынып] жүрө бермек. Бирок [Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы араздашуу] ага мүмкүнчүлүк берип жатат, ал бул нерседен колдонуп, өзү жөнүндө байма-бай билдирип атат», — деди саясат таануучу.

Редактору: Элдияр Арыкбаев