Фарафоновго төртүнчү жолу өкүм чыгара алышкан жок

«Улуттар аралык кастыкты козутууда» күнөөлөнүп жаткан журналист Владимир Фарафонов ооруп калып сотко келген жок. Кийинки жыйын 29-июнда болот. Фарафонов өзүнүн жактоочуларынан баш тартты.

Биринчи май райондук соту журналисттке өкүм чыгарууну кийинкиге калтырды. Владимир Фарафоновдун жубайы Гүлнара Фарафонова күйөөөсүнүн үч арызын алып келип берди. Алардын биринде журналист оорусуна байланыштуу сот жыйынын бир аз убакытка жылдырып турууну суранган.

Калган эки арызында журналист өзүнүн коргоочулары – жактоочу Владислав Лужанскийден жана укук коргоочу Токтайым Үмөталиевадан баш тарткандыгы жазылган.

«Иш жүзүндө соттук териштирүү аяктады. Менин жактоочум катары Лужанскийди эсептөөбөңүздөрдү суранам. Менин кызыкчылыктарым Токтайым Үмөталиева тарабынан корголот», – деп судья Алмазбек Молдобеков журналисттин арызын окуп берди.

«Менин коргоочум катары Токтайым Үмөталиеваны эсептөөбөңүздөрдү суранам. Мындан ары өзүмдүн кызыкчылыгымды өзүм коргойм», – деп журналисттин экинчи арызында жазылган.

Молдобеков коргоочуларды четке кагуу журналисттин сот ишине тиркелбей тургандыгын билдирди. Анткени Фарафоновдун иши боюнча соттогу жарыш сөз аяктаган. Азыр журналисттин акыркы сөзүн угуп, өкүм чыгаруу гана калды.

Журналистти 8 жылга эркинен ажыратууну талап кылып жаткан Биринчи май райондук прокуратурасынын прокурору соттук жыйынды 29-июнга жылдырууга макул болду.

Лужанский менен Үмөталиева Фарафонов коргоочулардан жактоочулардын коопсуздугу үчүн баш тартты деп эсептешет. Алардын айтымдарында, журналистке белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болуп жатат.

Молдобеков Фарафонов менен анын жактоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн журналисттин катын укук коргоо органдарына жиберүүнү убада кылды.

Коркунучтуу прецедент.

Илимдер академиясынын экспертизасы журналист Фарафоновдун беш макаласынан улут аралык каршылашууну тутантуунун белгилерин тапкан соң ага дагы 11 берене боюнча күнөө коюлган. Тергөөнүн маалыматы боюнча журналист аларды компьютеринен өчүрүп салган.

УКМКнын кызматкерлеринин маалыматы боюнча, ал беренелер Фарафоновдун компьютеринде калыбына келтирилген. Бирок журналист өзүнүн авторлугун танып, табылган тексттер жасалма деп эсептеген.

Фарфонов өзү макаласында улутчулдукка шек келтире турган сөздөр бар дегенди четке кагып, эч кимди мазактоого негиз жок экендигин билдирген.

Фарафоновдун айтымында, өзүнүн күнөөлү эмес экендигинин далили катары анын үй-бүлөсүндө орустар, кыргыздар, казактар, татарлар, украиндер, ал эмес индустардын болуусун айтса болот.

Акыйкатчы Турсунбек Акун баш болгон соттук процесстин сынчылары Кыргызстандын бийлигин бир тараптуулукка күнөөлөп, Кыргызстандагы улуттар аралык карама-каршылыкты козутуу үчүн басылмаларда жазылып келген кыргыз тилдүү улутчулдар куугунтукка албай тургандыгын айтышты.

Фарафонов өзү жыйындардын биринде эгер ага катуу жазалоо өкүмүн чыгарышса журналисттерди соттук куугунтуктоодо коркунучтуу прецедент болушу мүмкүн экендигин айткан.

Авторлор: Зарема Султанбекова жана Эльдос Казыбеков

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Евгений Погребняк