ИИМ Академиясы бүтүрүү кечесиндеги студенттердин мушташуусу жөнүндөгү маалыматты четке какты

Бир катар маалымат агенттиктери Ички иштер министрлигинин Академиясынын студенттери Бишкектеги “Монте-Карло” ресторанында өткөн бүтүрүү кечесинде мушташып кетишкендигин кабарлашты. Академия өз бүтүрүүчүлөрүнүн мушташууга катышканын четке какты.

Аталган ресторандын жетекчилиги 19-июнда чын эле ал жакта мушташ болгонун тастыкташты. Бирок “Монте-Карлонун” кызматкерлери мушташка ким катышкандыгын так айта алышкан жок.

Мындан башка түшүндүрмө берүүдөн ресторандын жетекчилиги баш тартты.

АКИпресс агенттиги мушташ ИИМдин курсанттары менен жакын жерде уулду болгон кесиптешин куттуктап жаткан милициянын полковниктеринин ортосунда болгондугун кабарлайт.

Анда маалымдалгандай, курсанттар менен полковниктердин ортосунда сөз менен кайым айтышуу болуп, ал мушташка айланып кеткен.

«Күбөлөрдүн белгилөөсү боюнча, мушташуу катуу эле болгон – отургучтарды сындырышып, ресторандын коопсуздук кызматкерлерин сабашкан. Бассейнге өстүрүлгөн гүлдөр идиштери менен ыргытылган», – деп жазат АКИпресс.

Өзүнүн ысмын айтпаган академиянын нөөмөтчүсү мушташка курсанттардын катышкандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

Анын айтымында, мушташ болгон, бирок ал жерде студенттер болгон эмес. Студенттердин өздөрүнөн комментарий алуу мүмкүн болбоду.

Жабыр тарткандар менен каза болгондор тууралуу маалымат жок. Тез жардам кызматынын нөөмөт бөлүмү 19-июнда “Монте-Карло” ресторанына чакыруу болбогондугун билдирди.

Автор: Катя Беляева жана Шахида Дүйшеева

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: ELF