Сауд Аравиясынан келген кардиологдор кыргызстандыктарга бекер операция жасашат

Сауд Аравиясынан келген кардиологдор жана Кыргызстандын Улуттук кардиология борборунун адистери өлкөнүн облустарындагы 50 оорулуунун жүрөгүнө операция жасашат. Уюштуруучулардын маалыматтары боюнча, бейтаптар финансылык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдөн тандалды.

Июндун аягына чейин жүрөк оорулуу 50гө жакын адамдын жүрөгүнө бекер операция жасалат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, операцияны Сауд Аравиясынан келген 19 хирург Кыргызстандын Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун докторлору менен биргеликте жасашат.

«Дени сак жүрөк үчүн» кайрымдуулук акциясынын уюштуруучулары бейтаптар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн экендигин билдиришти.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Талгат Осмоновдун маалыматы боюнча, бир операциянын баасы болжол менен 3 миңден 6 миң АКШ долларына чейин болот. Бардык операциялар үчүн 250 миң АКШ долларындай каражат бөлүнгөн.

Осмонов жергиликтүү доктурлар бейтаптарды текшерип, жыйынтыктарын Сауд Аравиясына жибергендигин айтты. Ал жактан аравиялык адистер аларга операция жасоого боло тургандыгы боюнча чечим чыгарышат.

“Бүгүнкү күнгө карата биз 70 кишини текшердик, учурда алар ооруканага жеткирилип жатат. Кийин арабдар келип, кимге операция кылыш керектигин чечишет”, — деди Мамбетов.

Анын айтымында, араб хирургдары өлкөгө 21-июнда келип, эртеси бейтаптарга операция жасап башташат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинованын айтымында, араб хирургдарынын бул сыяктуу операцияларды жасоодо «мыкты тажрыйбалары» бар жана операциялар кыргызстандык адистер үчүн мастер-класс болот.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, медициналык кызматтардын өнүгүшү жана баасы боюнча Сауд Аравиясы 26-орунду ээлейт.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Улукбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Фото Army Medicine’дин расмий сайтынан алынды