Паспорттук кызматтын кызматкерлери чет элдиктерге кыргыз жарандык паспортторун мыйзамсыз түрдө бергендигинде шектелүүдө

Башкы прокуратура калкты катоо департаментинин кызматкерлери чет элдик 19 жаранга мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын жарандык паспортун жана ID-карталарын беришкенин билдирди. Департаментте кайсы кызматкерлер күнөлүү экенин билишпейт

Ош областынын прокуратурасы 14-июнда мамлекеттик каттоо кызматынын калкты катоо департаментинин кызматкерлеринин үстүнөн 19 чет элдик жаранга мыйзамсыз түрдө паспорт бергендиги үчүн кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ал чет элдик жарандар «кылмыш жасоого шыкакчылык кылууда жана жасалма документтерди колдонууда» — шектүүлөр.

Ош облустук башкы прокуратурасынын биринчи жардамчысынын айтымында, азырынча кайсы өлкөнүн жарандары мыйзамсыз түрдө кыргыз паспортторун алгандыгы белгисиз.

Ош жана Баткен облустарынын калкты катоо департаментинин башчысы Мухтар Сатыбалдиевдин айтымында, мекемеде эртең мененден бери чет элдик жарандарга мыйзамсыз паспортторду берүү көйгөйү иликтелүүдө.

Сатыбалдиев бул кылмышта кайсы кызматкерлердин шектүү экенин билбейт.

«Мен алардын [прокуратуранын] мындай маалыматтарды кайдан алганын билбейм. Бизге бул жөнүндө жана кайсы жарандарга паспорт берилгендиги жөнүндө эч ким айткан жок», —деди ал.

Учурдагы окуя —Ош областынын чиновниктери чет элдик жарандарга мыйзамсыз паспорт берүүдө «шектүү», деп саналган биринчи окуя эмес.

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр паспорт виза жана каттоо иштери бөлүмүнүн башкы инспектору май айында 3 өзбекстандык жаранга ID-карт берген, деп шектелүүдө.

Сүрөттүн автору: ELF
Редактор: Зарема Султанбекова