ОшМУ: Эң мыкты беш студентке 100 АКШ доллардан стипендия берилет

Ош мамлекеттик унииверситетинде 70 жаш чамаларындагы окумуштуу топтогон акчасын студенттерге стипендияга ажыратат. Мугалимдердин жана студенттердин айтымында, бул сумма “жетишсиз”.

ОшМУнун басма сөз катчысы Керим Калыгуловдун билдирүүсүндө, стипендия берүүчү окумуштуунун суранычына байланыштуу, анын атын коомчулукка чыгарылбайт.

“70тен ашып калган агайыбыз өмүр бою жыйнап топтогон акчасын студенттерге стипендия кылып берүүнү чечти”,—деп айтты Калыгулов.

Стипендияны ай сайын берүүнү 50 жылга пландаштырган. Стипендианттар жылына бир жолу тандалып алынат.

Ал эми ОшМУнун стипендиясы 270 сом түзөт.

Азыркы учурда кайсы студенттерге жана кандай жолу менен берилээр жобосу демөөрчү тарабынан түзүлүп жатат. Баардык ченемдер жободо камтылат.

Калыгуловдун айтуусунда, эң негизги шарт — бул кандайдыр бир республикалык же эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү болуу жана үлгүлүү жүрүм-турумга ээ болуусу зарыл.

Беш стипендианттын бирөөсү маданият жана көркөм өнөр тармагынан тандалат. Калган төртөө башка тармактардан “эң мыкты” окугандар болот.

“[…]Негизги максат студенттерге стимул берүү. Жалаң илим-билим деп жүргөн агай мындан кийин дагы аты калып, студентерди жакшылык жакка баштоо. Себеби студенттерге мамлекет тарабынан берилип жаткан стипендиясы 270 сом туурабы? 100 доллардан айына алуу үчүн калган студентер да аракет кылат”,—деди Калыгулов.

Тарых-юридика факультетинин деканы Чолпон Кулдышева Калыгуловдун сөзүнө кошулуп, күндүзгү бөлүмдө окугандарга “бул жакшы мүмкүнчүлүк” деп билдирди.

«Жакшы окуган студенттерге стимул болот. Көбүнчө сырттан окуган эмес студенттердин иштегенге мүмкүнчүлүгү жок […]. Студент өзү да аракет кылып, ушул билимди алышым керек деген жакшы бир ойго умтулушу керек”,—деп айтты Кулдышева.

“100 доллар — аз”

Канышай Дыйканова ОшМУнун мугалими, жашыруун түрдө, “Ким татыктуу?” деген сурамжылоо өткөрүп стипендианттарды тандоону сунуштады.

Ошондой эле 100 АКШ доллары аз экендигин кошумчалады.

“Стипендияны объективдүү карап, чындыгында дайыма сабакка келген, катышкан, сабакка кызыгы арткан немелерге [студенттерге] берсе да. Ошону да коррупцияга аралаштырбай. 100 доллар бир айына жетпейт”,—деген оюн айтты Дыйканова.

ОшМУнун студенттеринин акыйкатчысы Аскар Жеңишбек уулу, “Клоопко” берген маегинде, жакын арада кимдерге берилери аныкталып каларын айтты.

“ОшМУ түштүк регион боюнча эң чоң окуу жай болуп саналат. 27 миң студент бар. Ошол студентерди тандап алуу өтө кылдаттык менен тандалып жатат [...],—деди Аскар.

Ал да 100 АКШ доллары бир студентке “жетпей калат” деп белгиледи.

Ош технологиялык университетинин студенти Мамбет Жунус уулунун оюнда, көбүрөөк студентке 50 доллардан бөлүп берсе жакшы болмок.

“Студенттерге тест жүргүзүү аркылуу ар бирине өзүнүн адистиги боюнча тест түзүлүп, ошол боюнча тандап алуу керек. Ал эми зачет-экзамендерине карап ала турган болсо, аны өздөрү акча менен сатып алып беш кылышы мүмкүн”,— дейт Мамбет.

Авторлор: Кадича Рыскулова жана Нуржамал Мураталиева
Редактор: Айзат Шакиева