Кыргызстандын эӊ чоӊ мечити бийлик тарабынан бөлүнгөндөн көбүрөөк жерди ээлеп алды

Ош шаарында, Сулайман-Тоосунун этегинде жайгашкан өлкөнүн эн чоӊ мечити шаар мэриясы бөлүп берген жердин чейрегинче келген кошумча жерди ээлеп алган. Шаар бийлиги куруучуга административдик чара колдонгон жок.

Ош шаарында тоо этегинде жайгашкан «Сулайман-Тоо» мечити 11 июнда ачылган, өлкөдөгү 20 миӊ адамга ылайыкташтырылган эӊ ири мечит болуп саналат.

Мечиттин имараты жана ага кошулган жер аянты Ош бийлиги бөлүп бергенден 1/4кө көбүрөөк жерди ээлейт – куруучу аталган жер аянтын жашылдандыруу үчүн колдонгон.

«Азыр куруучулар тегерек четин жашылдандырып жатышат, бирок алар көбүрөөк жерди басып алышты. […] Аларга 78 сотка [0,78 гектар] жер бөлүнсө, азыр бир жарым сотукту ээлеп алышты», — деп «Сулайман-Тоо» музейдик комплексинин башчысы Абдыраим Тургунбаев курулуш иштерине нааразы.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы «араб өлкөлөрү» (аттары такталган эмес) жана Жаштардын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы 600 миӊ доллардан бөлүп беришкенин айтты.

Шаар бийлиги Ош облусунун Казыятына 78 сотук жерди мөөнөтсүз колдонууга берген, бирок куруучуга кошумча жерди колдонуп жатканы үчүн эч кандай административдик чара колдонгон эмес.

Ош Казыятынын өкүлү Абдушукура Ажы «Сулайман-Тоо» мечити Оштун Борбордук мечити Иммам Аль Бухарадан айырмаланып, бүткүл түштүк аймактын мусулмандарына эсептелгенин, ошондуктан да көбүрөөк орун ээлерин айтты.

Шаардын башкы архитектору Нурбек Баетов «Клоопко» берген интервьюсунда мечиттин коргоого алынган ,аймака курулганын билдирди.

Бирок, Тургунбаев мечиттин курулушу тууралуу чечим тоо ЮНЕСКОнун мурастары тизмесине кире электе эле кабыл алынганын белгиледи.

Анын айтымында, музейдин жетекчилиги Сулайман-Тоонун этегине мечит курууга каршы боло албайт – андай болсо, ЮНЕСКО тоону мурастарынын тизмегинен чыгарып салат.

Автор: Наталья Секерина
Редактор: Зарема Султанбекова
Которгон: Нураида Абдыкапар кызы