Хроника: Кыргызстандын түштүгүндөгү этностук кагылышуунун эки жылдыгы [11:43тө жаңыланды]

Эки жыл мурун 400 адамдын өмүрүн кыйган Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыздар жана өзбектердин ортосундагы этникалык кагылышуу болгон. Көчөдө адамдарга аз дейт “Клоооптун” кабарчысы.

11:43 “Борбордук базарда адамдар адаттагыдан аз, бирок транспорттун кыймылы үзгүлтүккө учураган жок. Эгер мурун “Алымбек Датка” паркында адамар көп болуп, үйлөнүү-үлпөт тойлор өткөрүлүп келсе, бүгүн сейил бак тынч”, — дейт “Клооптун” кабарчысы.

11:08 Саат 16:00дө президент Атамбаев резиденцияда жабыр тарткандар менен жолугушат.

10:58 «Ошто кырдаал тынч. Сатабилдүү. Эл күнүмдүк жашоосу менен эле алек, бардык кичи райондорду жана кварталдарды кыдырып чыктым, балдар ойноп жүрүшөт, курулуш иштери уланып жатат, коомдук транспорт өз убагы менен жүрүүдө», — дейт колдонуучу Исакбай Мурзабеков «Фейсбуктагы» баракчасында.

10:50 «Клооптун» кабарчысынын баамында борбордук аянтта 1000 ден ашуун адам чогулду.

10:37 Аянттагыларга бекер палоо берилип жатат

10:23 Куран окулуп баштады.

10:21 Милиция кызматкерлери аянттака кирүүгө уруксат берди.

10:17 50гө жакын адам аянтака өткөрүүсүн талап кылып, урушуп жатышат. Милиция аларды азырынча аянтка киргизбей жатат

10:10 Сөз Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго берилди. Мэр «Тынчтык коңгуроосунун» маанилүүлгү жөнүндө айтып жатат.

10:05 Президент Атамбаев сүйлөп жатат:

«Эки миңден ашуун турак-жай жана жеке квартиралар курулду, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жабыр тарткан адамдар жана ишкерлерге компенсациялар төлөндү, медициналык кызмат көрсөтүлүүдө, каза болгондордун балдарына ЖОЖдордо бекер орун бөлүнүп берилди», — дейт Атамбаев.

«Ош шаарынын мэриясы тарабынан компенсацияларга 1 миллиарддан ашуун сом, Жалал-Абад мэриясы 250 миллион сомдон бөлүп берди. Советтер Союзу учурунда мындай жардамдар көрсөтүлүп келбегендигин белгилеп кетким келет», — деп президент сөзүн улады.

9:50 Эскерүү мүнөтү башталды.

9:38 Аянтта 500дөй адам чогулду — атайын тизме боюнча гана киргизүүдө. Аянт милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.

9:30 Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан «Тынчтык коңгуроосу» монументалдык комплексинин ачылыш аземине президент Атамбаев келди. Көчөлөрдө адамдар аз — көптөгөн дүкөндөр жабык, дейт «Клооптун» кабарчысы.

9:22 Эки жыл мурун этникалык кагылышуулар болгон түштүк борборго Президент Алмазбек Атамбаев келди.

Авторлор: Айзат Шакеева, Дастан Үмөтбай уулу жана Наталья Секерина