Ош шаардык кеңеш: Бир мандат коалициялык көпчүлүккө талаш туудурду

КСДП, «Ата-Мекен», «Адилеттүү Кыргызстан», «Замандаш» жана «Республика» партиялары коалициалык көпчүлүктү талап кылууда. Ал эми «Улуттар Биримдиги» партиясы түзүлгөн коалиция “мыйзамдуу” деп түшүндүрөт.

«Республика» партиянын мүчөсү Арфидин Аланов 13-апрелде болуп өткөн пресс-конференцияда 5 партия коалициалык көпчүлүгүн түзгөндүгүн жарыялады. Бирок Ош шаардык кеңешинин сессия учурунда «Замандаш» партиясынын жергиликтүү депутаты коалициалык азчылыкка– “Улуттар Биримдиги” жана НДПК партияларына кошулуп кеткен.

Алановдун айтуусунда ал депутат жетекчилик менен кеңешкен эмес, анын мандаты коалициалык көпчүлүгүн чечкен.

«Коалициалык көпчүлүк беш партиядан турган. Биз көпчүлүк болгонбуз, бирок жергиликтүү депутат эмнегедир саясий жетекчиликтин чечимине кошулган жок, анан ошол жакка өтүп кетти [Улуттар Биримдиги жана НДПК партияларына кошулуп]»,–дейт Аланов.

Ошондой эле ал шаардык кеңешинин биринчи сессиядагы төраганы шайлоосун “туура эмес” деп эсептеп, кайра шайлоону талап кылууда.

«Биз бул чечимди юстицияда же Жогорку Кеңеште чечип берүүсүн сунуштайбыз. Эмнегедир бул суроо өтө тез чечилип кетти. Бүгүнкү шаардык кеңештин чечими мыйзамсыз. Биз соттошобуз, анткени коалициалык көпчүлүк булар – биз»,–деп айтты Аланов.

«Улуттар Биримдимги» партиясы менен соттошпостугун, бир гана шаардык кеңешинин төраганы шайлоо токтомун чечмелеп берүүсүн суранаарын да белгилеп өттү.

КСДП партиясынын мүчөсү Жапарбек Ормонов кесиптешинин сөзүнө кошулат.

«Ушул маселени юридикалык жагын карап, Жогорку Кеңешке комитетке жөнөтөйлүк. Ал жерден тактап берсин депутат өзү чечим кабыл алабы же саясый жетекчилик кабыл алабы. Ага карабай бир жактуу чечим чыгып калды»,–деп айтты Ормонов.

«Мен өзүм чечишим керек»

Ал эми “Замандаш” партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Акылбек Сейитовдун айтуусунда, коалициялык азчылыкка өтүп кеткен депутат Нурадил Жолдошев партиянын уставын бузду.

«Партиянын саясый кеңеши гана жалпы партиянын атынан сүйлөөгө укуктуу. Бул биздин уставдын эрежеси. Ал эми жалгыз шаардык кеңештин депутаттын укугу жок»,–деп билдирди Сейитов.

Бирок Нурадил Жолдошев коалициалык азчылыкка өтүп кеткенке укугу бар экендигин айтты.

«Мен өзүм чечишим керек, мен депуттатмын, мен ошол жерде 45 депутат менен иштештим»,-деп түшүндүрдү Жолдошев.

Шаардык кеңешинин төрага шайлоосун жыйынтыгын күтпөстөн беш партиянын мүчөлөрү сессиядан чыгып кетишти. Калган 23 депутат бир добуштан «Улуттар Биримдиги» партиясынын лидерин Таалай Сабировду шаардык кеңешке төрагалыкка шайлашты.

Ал эми жаңы шайланган төрага Сабиров «мыйзамсыз» деген күнөөлөрдү жокко чыгарды.

«Алардын көз карашы. Биз коалицианы мыйзам түрүндө коалиция түздүк «НДПК», «Замандаш» партиясынын өкүлдөрү менен[...]. Сотко берсин, сот чечип чыгарсын. Мыйзам түрүндө, мыйзам чегинде коалиция түздүк»,–деди Сабиров.

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, коалициалык көпчүлүктүн курамына «Улуттар Биримдиги», НДПК жана «Замандаш» партиялары кирди.