Кара-Балталыктар кытайлык мунай сактоочу жайдын жолун тосушту

Кара-Балтадагы мунайды кайра иштеп чыгаруучу заводго жалданган жергиликтүү жумушчулар 7-июнь күнү эртең менен мунай сактоочу жайдын жолун тосуп, эмгек акынын жогорулашын жана эмгек келишимин түзүүнү талап кылышкан. Заводдун жетекчилигинен комментарий алуу мүмкүн болбой жатат.

Нааразычылык билдиргендердин бири Каныбек Мамбетовдун заводдун жетекчилери мунай сактоочу жайларга жергиликтүү жашоочуларды жумушка алууну токтотконун айтты.

Анын айтымында завод ээси аталган «Чайна Петролиум Компани «Джунда» компаниясы жумушчуларды эмгек келишимдерин түзбөстөн, бир күндүк жумуштарга алып, 500 сомдон төлөп берип турган.

Азыр жумушчулар эмгек акынын 800 сомго жогоруланууну жана Эмгек кодексине ылайык келишим түзүлүүсүн талап кылышууда.

Мекеме күнүнө 60-70 адамды келишимсиз ишке алчу. […] акыркы мезгилде 10 жумушчу гана алып башташты, деди Кара-Балтанын тургуну.

Нааразы болгон жумушчулар мунай сактоочу жайдын эшигин тосуп алып мекеменин жетекчилерин күтүшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында жолугууга кытайлык мунай заводунун өкүлү чыгып, эртең менен 60 адам менен келишим түзүлө тургандыгына убада берген.

Заводдун жетекчилигинен комментарий алуу мүмкүн болбой жатат.

Мамбетов мурдараак белгилүү болгон, жергиликтүү жумушчулардын кытайлыктар менен мушташып кетишти деген маалыматты четке какты.

Анын айтымында мушташ болгон эмес, болгону нааразачылыктар сөз менен билдирилген.

Автор: Светлана Пак

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы