ИИМ Камчыбек Кольбаевдин кармалганын тастыктады


Ички иштер министирлиги 2010-жылы абактан качып кеткен Камчыбек Кольбаевдин Араб Эмираттарында кармалгандыгы тууралуу малыматты тастыктады. Кыргыз милициясы араб полициясы менен биргеликте Кольбаев жана уюшулган кылмыштык топтун лидери Алмамбет Анапияевди колго түшүргөн.

Өзүнүн билдирүүсүндө, ИИМ эл аралык издөөгө жарыяланган кылмышкерлерди кармоо боюнча операция, ийгиликтүү аяктаганын айтат.

Уюшулган кылмыштуулук жана криминал менен күрөшүү боюнча башкы башкаруунун кызматкерлери, кылмышкерлерди кармоодогу санкцияда, Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 231 беренесине таянган.

Ага ылайык уюшулган кылмыштык топтун башчылары жана өкүлдөрү 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, ошондой эле мүлкү конфискацияланат.

Кольбаев, Касенов жана Анапияевди кармоо менен бирге, Кыргызстанда уюшулган кылмыштуулуктун жолу жабылып, анын иши токтотулду деп белгилешет ИИМ-

ИИМ бир күн маалымат берген жок

Уюшулган кылмыш тобунун лидери Анапияев жана Кольбаев кармалды деген маалымат таркагандан кийин, ИИМ жана улуттук коопсуздук комитетинин пресс-кызматы бир күн окуя тууралуу билдирүү жасагандан баш тартты.

Ошол мезгилде 24.kg маалыматтык агенствосунун билдиргенине жараша. Камчыбек Кольбаев 21-июлга оогон күнү Абу-дабиде колго түшүрүлгөн.

«Камчыбек Кольбаевдин үйүнөн жасалма документтер табылган. Андан тышкары, окуядан бир аз мурун араб эмиратынын калаасындагы дүкөндөрүнүн биринде жоголгон зергер жасалгалоолор да кылмышкердин үйүнөн чыкты», – деп жазган маалымат агенствосу.

Министирлик тарабынан Аравияга расмий түрдө гана кат жөнөтүлгөн.

Улуттук коопсуздук комитети да кылмышкерлердин кармалгандыгы тууралуу маалымат берүүдөн ошол учурда баш тартты. Маселен ИИМ аларга тиешелүү билдирүүлөрдү берген эмес.

Ошол күнү кылмышкердин адвокаты Икрамидин Айткулов, Кольбаев интерпол тарабынан кармалганын маалымдады деп Vesti.kg интернет баракчасы жазган.

«Аравиянын бийлиги аны бизге бере албайт, анткени ушул мамлекеттердин ортосунда расмий келишим түзүлгөн эмес», — деп айткан Айткулов.

«Дизель» популярдуу форумунда элдер Кольбаевдин кармалышын талкууга алган. Анда кээ бири кылмышкерди кайра өлкөгө кайтаруу керек десе, кээ бири кармалган жерде эле жаза мөөнөтүн өтөсүн деген ойлорун билдиришкен.

Кээ бирлердин имиши боюнча, Кольбаев Америка тарабынан колго тушүрүлгөн. Анткени аны Барак Обама кара тизмекке киргизип, дүйнөдөгү ири банги затын сатуучулардын катарына кошкон. Анын негизинде баардык Американын жарандары Кольбаев менен бир дагы байланыш мамилесин түзбөшү кажет.

Башкалары болсо, президенттик шайлоо алдында премьер-министр Алмазбек Атамбаев атайын иш-чара колдонуп, кылмышкерди кармоого өбөлгө түздү дешет.

Камчыбек Кольбаев

АКШ- финансы министирлиги билдиргендей, Камчыбек Кольбаев 1974-жылы, 3-августта туулуп, Кыргысзтандын жараны болуп саналат. Ошондой эле ал кылмыш дүйнөсүндө Коля-Кыргыз деген ат менен белгилүү.

Криминальная Россия сайтынын билдиришинче Кольбаев «вор в законе» деп эсептелинет.

2010-жылдын 16-июнунда Камчыбек Кольбаев Бишкек шаарынан кармалып, 25 жылга эркинен ажыратылган да, камакта отурган учурда качып кеткен.

2011-жылдын 1-июнунан тартып, Кольбаев АКШ- президенти тарабынан дүйнөдөгү өтө ири банги затын сатуучулардын катарына жана кара тизмекке киргизилген.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова